КҮРӨК БУТТУУ МОЛЛЮСКАЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮРӨК БУТТУУ МОЛЛЮСКАЛАР (Scapho-poda) – деңизде жашоочу раковиналуу моллюскалар классы. Уз. 1,5 ммден 15 смге чейин. Денесинин эки капталы бирдей. Буту күрөк сымал, топурак казууга ыңгайланган. Раковинасы узун, түтүк сымал, ийилген, үстүндө тешиктери бар. Башында оозу ж-а көп сандаган жипке окшош өсүндүлөрү болот. Алар тамак издөө ж-а кармоо үчүн кызмат кылат. Көзү жок. Бакалоору жөнөкөйлөнгөн же жоюлган. Кан айлануусу бутунун ыргактуу кыймылы м-н ишке ашат. Булардын 2 түркүмгө, 26 урууга кирген 1000дей түрү бар. Негизинен тропик деңиздеринин түбүндө жашайт. Айрым жыныстуу. Личинкалары сүзүп жүрүп, 5–6 күндөн кийин суунун түбүнө түшөт. Топурак казып, тиричилигин өткөрөт.