КҮНӨӨ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮНӨӨ – кылмыш жасаган адамдын кылмыш ж-а анын кесепетине карата психикалык мамилеси. К. атайылап ж-а байкабастан жасалган болуп бөлүнөт. Атайылап жасалган кылмыш күнөөнүн бир түрү (формасы) ж-а кылмыш курамынын субъективдүү жагынын негизги белгилеринин бири болуп саналат. Атайылап жасалган кылмыш тикелей же кыйыр ниетте жасалат. Жеңил ойлуулук же этиятсыздык м-н жасалган туура эмес аракеттер байкабастыктан жасалган кылмышка жатат. Негизинен кылмыштар К-нүн бир эле түрү м-н жасалып, кээ бирде байкабастыктын кесепети атайылап жасалган кылмыштан да оор болгон учур болот. Кылмыштуу аракет К-нүн кош формасында бардык учурда атайылап жасалат, ал эми анын оор кесепети байкабастыктан келип чыгышы мүмкүн. Мындай учурлар кылмыш курамынын оордотуучу белгилерине кирет, б. а. күнөөнүн кош түрү кылмыш курамынын оордотуучу белгилеринде гана болот. Мында бирөө атайылап, ал эми экинчиси байкабастыктан жасалган бир эле кылмыш курамында эки кылмыштын биригип турганы көрүнөт. Экөө биригип, К-нүн кош формасын түзөт. Ошондуктан кылмыштуу аракеттин (атайылап) ж-а анын кесепетине (байкабастык) карата болгон адамдын субъективдүү мамилесине жараша мындай кылмыштар К-нүн кош (татаал) формасында жасалган кылмыш катары эсептелет.
К. А. Бодобаев.