КҮНДӨЛҮК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КҮНДӨЛҮК – күн сайын жазылуучу өздүк, ил., коомдук мүнөздөгү эскермелер. К. жазуу айрыкча жазуучуларга мүнөздүү. Алар үчүн К. ар түрдүү максатта пайдаланылышы мүмкүн. Мис., жазуучу өзү көргөн, күбө болгон окуялады К-кө түшүрөт. Чыгарма жазганда ал К-төгү матери­алдарды түздөн-түз сюжетке киргизет. О. эле окуяны, кездешүүлөрдү, жаратылыш көрүнүш­төр сүрөттөп жазганда аларды кадимкидей поэ­тикалык аң-сезимден өткөрөт б. а. К-тү өз ал­дынча адабий форма катары пайдаланат. Мис., У. Абдукаимовдун Улуу Ата Мекендик согуш­тун күндөрүндө жазган К-ү. Адабий форма ка­тары каармандын же автордун ички дүйнөсүн чагылдырууда өзгөчө бир мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет; 18-к-дын акырынан кеңири тара­ган (романтизмдин алдындагы ад-т).