КҮКҮРТТҮҮ КИСЛОТА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮКҮРТТҮҮ КИСЛОТА́ , Н2SO3 – суюлтулган суу эритмелер түрүндө гана белгилүү болгон начар, эки негиздүү к-та (күкүрттүү ангидриддин суудагы эритмеси). К. к-нын туздары – сульфиттер (мис., Nа2SО3) ж-а бисульфиттер (NаHSО3, ж. б.). К. к. ж-а анын туздары күчтүү калыбына келтиргич болуп саналат. Алардын эритмелери абадан акырындык м-н кычкылтекти кошуп, күкүрт кислотасын же анын туздарын пайда кылат. Күчтүү кычкылдандыргычтар (КМnО4,Вr2, I2 ж. б.) м-н К. к. ж-а анын туздары активдүү кычкылданат. Ал эми күчтүү калыбына келтиргичтер м-н өз ара аракеттенгенде, окистендиргичтин ролун аткарышы мүмкүн. Сульфиттердин басымдуу көпчүлүгү (К2SО3 ж-а Na2SO3төн башкалары) сууда эрибейт. Бисульфиттер сууда жакшы эрийт. Алардын көпчүлүгү эритмеде гана туруктуу. Эркин түрүндө щелочь металлдардын бисульфиттерин гана бөлүп алууга болот. К. к-нын туздары күкүрттүү ангиридди тиешелүү металлдардын гидроокистери же карбонаттары м-н өз ара аракеттендирүүдөн алынат. Калий ж-а натрий сульфиттери текстиль ө. ж-да кээ бир материалдарды агартыш үчүн, кездемелерди боёодо, сүрөт иштеринде колдонудат. Са(HSO3)2 эритмеси жыгачты сульфиттик целлюлозага кайра иштетүүдө (кагаз алуу үчүн) пайдаланылат.