КЛЕТКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЛЕ́ТКА</b> – бардык тирүү организмдердин түзү­лүш ж-а тиричилик аракетинин негизи; өз ал­дынча жашоо, көбөйүү ж-а өөрчүүгө жөндөмдүү эң жөнөкөй тирүү система. | <b type='title'>КЛЕ́ТКА</b> – бардык тирүү организмдердин түзү­лүш ж-а тиричилик аракетинин негизи; өз ал­дынча жашоо, көбөйүү ж-а өөрчүүгө жөндөмдүү эң жөнөкөй тирүү система. Клетка өз алдынча орга­низм түрүндө (бактериялар, жөнөкөйлөр, кээ бир балырлар ж-а козу карындар) же көп клеткалуу өсүмдүк ж-а жаныбар тканынын курамында бо­лот. Вирустар клеткалык организм эмес. Клетканын өл­чөмү 0,1–0,25 <i>мкм</i>ден (бактерия) 155 <i>мм</i>ге че­йин (төө куштун жумурткасы) болот. Клетка сыр- | ||
өсүмдүк ж-а жаныбар тканынын курамында бо­лот. Вирустар | |||
[[File:КЛЕТКА15.png | thumb | Клетканын түзүлүшү: 1 – лизосома; 2 – ядро; 3 – хроматин; 4 – ядрочо; 5 – эндоплазма торчосу; 6 – митохондрия; 7 – микросома; 8 – пластинка сымал комплекс; 9 – клетка мембранасы; 10 – вакуоль; 11 – ядро мембранасы; 12 – рибосома; 13 – центросома.]] | [[File:КЛЕТКА15.png | thumb | Клетканын түзүлүшү: 1 – лизосома; 2 – ядро; 3 – хроматин; 4 – ядрочо; 5 – эндоплазма торчосу; 6 – митохондрия; 7 – микросома; 8 – пластинка сымал комплекс; 9 – клетка мембранасы; 10 – вакуоль; 11 – ядро мембранасы; 12 – рибосома; 13 – центросома.]] | ||
тынан плазма мембранасы м-н капталган прото­плазмадан – ядро ж-а цитоплазмадан турат. Бар­дык | тынан плазма мембранасы м-н капталган прото­плазмадан – ядро ж-а цитоплазмадан турат. Бар­дык клеткалардын генетикалык аппараты бар. Ал эукариот­тук клеткаларда ядродо жайгашкан. Прокариоттун ядросу жок, генетикалык материалы цитоплазмада эр­кин жайгашкан. Клетка бөлүнүү жолу м-н көбөйөт. Жыныс клеткасы мейоздук бөлүнүүдө пайда болот. | ||
[[File:КЛЕТКА16.png | thumb | Клетканын түрлөрү: 1, 3, 7 – эпителий тканынын клеткалары; 4, 10 – кан клеткалары (4а – лейкоцит; 4б – лимфоцит, 10 – эритроцит); 5 – булчуң тканы­нын клеткасы; 6 – нерв клеткасы; 8 – жыныс клет­касы (сперматозоид); 9 – сөөк клеткасы.]] | [[File:КЛЕТКА16.png | thumb | Клетканын түрлөрү: 1, 3, 7 – эпителий тканынын клеткалары; 4, 10 – кан клеткалары (4а – лейкоцит; 4б – лимфоцит, 10 – эритроцит); 5 – булчуң тканы­нын клеткасы; 6 – нерв клеткасы; 8 – жыныс клет­касы (сперматозоид); 9 – сөөк клеткасы.]] | ||
Эукариоттук | Эукариоттук клетканын цитоплазмасында ар бири белгилүү функция аткарган органоиддери бар: рибосомалар, митохондриялар, эндоплазма тор­чосу, Гольжи аппараты, лизосомалар,клетка мемб­ранасы. Булардан башка клетканын формасын, ички скелетин түзүүчү структуралар микротүтүкчөлөр, микрофибриллдер ж-а кошундулар болот. Клетканын органоиддеринин мембраналуу болушу эң кичи­не көлөмдүү клеткада бир эле мезгилде бир нече про­цесстердин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Эука­риоттук клеткалар м-н прокариоттордун ортосунда айырмачылык м-н катар окшош жактары да бар: экөөндө тең бирдей функция аткаруучу плазма мембранасы,клетка кабыкчасы, белок син­тездөөчү органоид – рибосома, генетикалык материал –ДНК, зат алмашууга катышуучу фермент аппа­раттары ж. б. бар. Бул окшоштуктар алардын клеткалык түзүлүштөгү организмдер экенин далил­дейт. Эукариот клеткалар түзүлүшүндөгү өзгөчөлүк­төрү боюнча жаныбар ж-а өсүмдүк клеткаларына бөлү­нөт. Өсүмдүк клеткасынын плазма мембранасынын үстүндө катуу клетка кабыкчасы бар. Адистешти­рилген өсүмдүк клеткасында бир нече же борбордук бир вакуолу болот. Вакуолдо туз, органикалык кислоталар, уг­леводдор, алкалоиддер ж. б-дын эритмеси бо­луп, өсүмдүктүн суу алмашуусунда ролу чоң. Бир эле организмдин орган ж-а ткандарынын клеткалары аткарган кызматына байланыштуу өз­гөчө түзүлүштө болуп, ошолорго гана мүнөздүү органоиддери болот. Мисалы, булчуң клеткаларынын миофибриллдери, нерв клеткаларынын нейрофиб­риллдери, жашыл жалбырактын клеткаларынын хлоропласттары ж. б. Ядросу жок клеткалар да кез­дешет (эритроциттер, тромбоциттер). Клетканын тү­зүлүшү, формасы ар түрдүү. Өзгөрүлмө (амёба, лейкоциттер) ж-а туруктуу формадагы клеткалар да болот. Инфузория, эритроцит ж-а нерв клеткала­ры өзүнө гана мүнөздүү туруктуу формада бо­лот. Алардын формасы беттик тартылышка, жанаша жатканклеткалардын таасирине, жайгаш­кан чөйрөсүнө байланыштуу. Өсүмдүк ж-а жа­ныбар ткандарынын клеткалары бири бирине жасаган кысымдардын таасиринен көп кырдуу. Клетка жонундөгү илим – <i>цитология</i>. | ||
үстүндө катуу | |||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
13:27, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЛЕ́ТКА – бардык тирүү организмдердин түзүлүш ж-а тиричилик аракетинин негизи; өз алдынча жашоо, көбөйүү ж-а өөрчүүгө жөндөмдүү эң жөнөкөй тирүү система. Клетка өз алдынча организм түрүндө (бактериялар, жөнөкөйлөр, кээ бир балырлар ж-а козу карындар) же көп клеткалуу өсүмдүк ж-а жаныбар тканынын курамында болот. Вирустар клеткалык организм эмес. Клетканын өлчөмү 0,1–0,25 мкмден (бактерия) 155 ммге чейин (төө куштун жумурткасы) болот. Клетка сыр-

тынан плазма мембранасы м-н капталган протоплазмадан – ядро ж-а цитоплазмадан турат. Бардык клеткалардын генетикалык аппараты бар. Ал эукариоттук клеткаларда ядродо жайгашкан. Прокариоттун ядросу жок, генетикалык материалы цитоплазмада эркин жайгашкан. Клетка бөлүнүү жолу м-н көбөйөт. Жыныс клеткасы мейоздук бөлүнүүдө пайда болот.

Эукариоттук клетканын цитоплазмасында ар бири белгилүү функция аткарган органоиддери бар: рибосомалар, митохондриялар, эндоплазма торчосу, Гольжи аппараты, лизосомалар,клетка мембранасы. Булардан башка клетканын формасын, ички скелетин түзүүчү структуралар микротүтүкчөлөр, микрофибриллдер ж-а кошундулар болот. Клетканын органоиддеринин мембраналуу болушу эң кичине көлөмдүү клеткада бир эле мезгилде бир нече процесстердин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Эукариоттук клеткалар м-н прокариоттордун ортосунда айырмачылык м-н катар окшош жактары да бар: экөөндө тең бирдей функция аткаруучу плазма мембранасы,клетка кабыкчасы, белок синтездөөчү органоид – рибосома, генетикалык материал –ДНК, зат алмашууга катышуучу фермент аппараттары ж. б. бар. Бул окшоштуктар алардын клеткалык түзүлүштөгү организмдер экенин далилдейт. Эукариот клеткалар түзүлүшүндөгү өзгөчөлүктөрү боюнча жаныбар ж-а өсүмдүк клеткаларына бөлүнөт. Өсүмдүк клеткасынын плазма мембранасынын үстүндө катуу клетка кабыкчасы бар. Адистештирилген өсүмдүк клеткасында бир нече же борбордук бир вакуолу болот. Вакуолдо туз, органикалык кислоталар, углеводдор, алкалоиддер ж. б-дын эритмеси болуп, өсүмдүктүн суу алмашуусунда ролу чоң. Бир эле организмдин орган ж-а ткандарынын клеткалары аткарган кызматына байланыштуу өзгөчө түзүлүштө болуп, ошолорго гана мүнөздүү органоиддери болот. Мисалы, булчуң клеткаларынын миофибриллдери, нерв клеткаларынын нейрофибриллдери, жашыл жалбырактын клеткаларынын хлоропласттары ж. б. Ядросу жок клеткалар да кездешет (эритроциттер, тромбоциттер). Клетканын түзүлүшү, формасы ар түрдүү. Өзгөрүлмө (амёба, лейкоциттер) ж-а туруктуу формадагы клеткалар да болот. Инфузория, эритроцит ж-а нерв клеткалары өзүнө гана мүнөздүү туруктуу формада болот. Алардын формасы беттик тартылышка, жанаша жатканклеткалардын таасирине, жайгашкан чөйрөсүнө байланыштуу. Өсүмдүк ж-а жаныбар ткандарынын клеткалары бири бирине жасаган кысымдардын таасиринен көп кырдуу. Клетка жонундөгү илим – цитология.