КЕНДИН АЧЫК КАЗМАСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕНДИН АЧЫК КАЗМАСЫ – </b>кендерди жер | <b type='title'>КЕНДИН АЧЫК КАЗМАСЫ – </b>кендерди жер үстүнөн казып алуу ыкмасы (к. <i>Карьер</i>). Биз­дин замандан миңдеген жыл илгери жашаган элдер (Индия, Кытай, Кавказ, Эфиопия ж. б.) кен байлыктарды жер үстүнөн ачык казып ал­ган. 1941–45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш учу­рунда кендерди ачык түрдө казып алуу иштери өнүккөн. Бардык өндүрүш процесстери механи­калаштырылган. Кенди ачык казып алууда ме­таллга болгон дүйнөлүк керектөөлөрдүн 60–65%, көмүрдүн 30–35% өндүрүлөт. Жер астынан ка­зып алууга караганда көмүр 2,5–3, кенташ 1,5–2 эсе арзан болот. Эмгек өндүрүмдүүлүгү 20 эсе жогорулайт. Кендин ачык казмасы төмөнкү этаптарга бөлүнөт: кен казып алууга даярдык көрүү, кенди курга­туу, тоо-кен ж-а капиталдык курулуштарды куруу, кендин үстүн ачуу, тазалоо, казылган­дарды ташуу, тереңдикке үңүлүп кирүү, меха­низмдерди ишке киргизүү. Мындан тышкары кошумча иштер (тектирлерди тазалоо, жол са­луу ж-а оңдоо, суу м-н камсыз кылуу ж. б.). Бургулоо, жардыруу, үңүлмө казуу, жүктөө, ташуу, талкалап майдалоо, экскаватор, скре­пер, жүктөгүч, бульдозер, гидромеханикаларды пайдалануу, циклдүү, циклдүү-потоктуу, поток­туу иштердин негизинде кендин ачык казма ыкмасы кен байлыктарды үнөмдүү, коромжусуз ж-а кырсык­сыз казууну камсыз кылат. | ||
үстүнөн казып алуу ыкмасы (к. <i>Карьер</i>). Биз­дин замандан миңдеген жыл илгери жашаган элдер (Индия, Кытай, Кавказ, Эфиопия ж. б.) кен байлыктарды жер үстүнөн ачык казып ал­ган. 1941–45- | |||
өнүккөн. Бардык өндүрүш процесстери механи­калаштырылган. Кенди ачык казып алууда ме­таллга болгон дүйнөлүк керектөөлөрдүн 60–65%, | |||
көмүрдүн 30–35% өндүрүлөт. Жер астынан ка­зып алууга караганда көмүр 2,5–3, кенташ 1, | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
09:23, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕНДИН АЧЫК КАЗМАСЫ – кендерди жер үстүнөн казып алуу ыкмасы (к. Карьер). Биздин замандан миңдеген жыл илгери жашаган элдер (Индия, Кытай, Кавказ, Эфиопия ж. б.) кен байлыктарды жер үстүнөн ачык казып алган. 1941–45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кендерди ачык түрдө казып алуу иштери өнүккөн. Бардык өндүрүш процесстери механикалаштырылган. Кенди ачык казып алууда металлга болгон дүйнөлүк керектөөлөрдүн 60–65%, көмүрдүн 30–35% өндүрүлөт. Жер астынан казып алууга караганда көмүр 2,5–3, кенташ 1,5–2 эсе арзан болот. Эмгек өндүрүмдүүлүгү 20 эсе жогорулайт. Кендин ачык казмасы төмөнкү этаптарга бөлүнөт: кен казып алууга даярдык көрүү, кенди кургатуу, тоо-кен ж-а капиталдык курулуштарды куруу, кендин үстүн ачуу, тазалоо, казылгандарды ташуу, тереңдикке үңүлүп кирүү, механизмдерди ишке киргизүү. Мындан тышкары кошумча иштер (тектирлерди тазалоо, жол салуу ж-а оңдоо, суу м-н камсыз кылуу ж. б.). Бургулоо, жардыруу, үңүлмө казуу, жүктөө, ташуу, талкалап майдалоо, экскаватор, скрепер, жүктөгүч, бульдозер, гидромеханикаларды пайдалануу, циклдүү, циклдүү-потоктуу, потоктуу иштердин негизинде кендин ачык казма ыкмасы кен байлыктарды үнөмдүү, коромжусуз ж-а кырсыксыз казууну камсыз кылат.