КЕН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫ</b> – | <b type='title'>КЕН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫ</b> – өнөр жайында колдонуу­га жарактуу, техникалык, экономикалык жактан баалуу кен бай­лыкты өндүрүп алуучу тоо-кен ишканасы. Мында түстүү металлдар (жез, жез-никель, коргошун­цинк, вольфрам-молибден, калай), кара металл­дар (темир, марганец, хром), металл эмес кен­дер (фосфор, калий, графит ж. б.) кайрадан иштетилет. Процесс майдалап сорттоо, жууп тазалоо, флотация, гравитациялык, магниттик, комбинациялык ж. б. технологиялык ылгоолордон ту­рат. Фабрикада даярдык көрүүдө (талкалоо, майда­лоо, эзип эритүү, сорттоп класстарга бөлүү, күй­гүзүү), негизги (гравитациялык, магниттик сепа­рация, флотация), жардамчы иштер (суусуздан­дыруу, коюлтуу, кургатуу, тундуруу) жүргүзүлөт. Кен калдыктары (катуу, суюк) кошумча иште­тилет. Негизги реагенти м-н калдыгы өзүнчө бөлүнөт. Аба, чаңдан тазаланат. Калдыгы (суу, кум) таштандыга кетет. Реагент (концентрат) бункерге топтолот. Концентратта пайдалуу эле­менттер канчалык көп болсо, кен ошончолук көп ылганат. Жогорку даражада механикалаш­тырылган ж-а автоматташтырылган (сигнал­дашкан, контролдошкон, блокторго бөлүнгөн) ылгоодо кен калдыксыз ылганат. | ||
Ад.: <i>Разумов К. А., Перов В. А.</i> Проектирования обогатительных фабрик. М., 1982; <i>Калмыков А. В., Журбинский Л. Ф.</i> Борьба с пылью и шумом на обогатительных фабриках. М., 1984. | Ад.: <i>Разумов К. А., Перов В. А.</i> Проектирования обогатительных фабрик. М., 1982; <i>Калмыков А. В., Журбинский Л. Ф.</i> Борьба с пылью и шумом на обогатительных фабриках. М., 1984. | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
08:43, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫ – өнөр жайында колдонууга жарактуу, техникалык, экономикалык жактан баалуу кен байлыкты өндүрүп алуучу тоо-кен ишканасы. Мында түстүү металлдар (жез, жез-никель, коргошунцинк, вольфрам-молибден, калай), кара металлдар (темир, марганец, хром), металл эмес кендер (фосфор, калий, графит ж. б.) кайрадан иштетилет. Процесс майдалап сорттоо, жууп тазалоо, флотация, гравитациялык, магниттик, комбинациялык ж. б. технологиялык ылгоолордон турат. Фабрикада даярдык көрүүдө (талкалоо, майдалоо, эзип эритүү, сорттоп класстарга бөлүү, күйгүзүү), негизги (гравитациялык, магниттик сепарация, флотация), жардамчы иштер (суусуздандыруу, коюлтуу, кургатуу, тундуруу) жүргүзүлөт. Кен калдыктары (катуу, суюк) кошумча иштетилет. Негизги реагенти м-н калдыгы өзүнчө бөлүнөт. Аба, чаңдан тазаланат. Калдыгы (суу, кум) таштандыга кетет. Реагент (концентрат) бункерге топтолот. Концентратта пайдалуу элементтер канчалык көп болсо, кен ошончолук көп ылганат. Жогорку даражада механикалаштырылган ж-а автоматташтырылган (сигналдашкан, контролдошкон, блокторго бөлүнгөн) ылгоодо кен калдыксыз ылганат.
Ад.: Разумов К. А., Перов В. А. Проектирования обогатительных фабрик. М., 1982; Калмыков А. В., Журбинский Л. Ф. Борьба с пылью и шумом на обогатительных фабриках. М., 1984.