КЕМЕР (суу жеп кеткен жээк): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КЕМЕР 1 to КЕМЕР (суу жеп кеткен жээк)) |
(Айырма жок)
| |
07:38, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕМЕР – суу жеп кеткен жээк, жарча, аңгек. Кемер жаңы тектоникалык кыймылдардан, абразия (клиф) процесстеринен, эрозиядан (дарыя тектирлери) пайда болот. Кемер түрк ж-а иран тилдеринде тоо капталы, жантайма, урчук, жээк, жар, дөбө, тоо маанисин билдирет. Казакстанда оёң жерлерди жарым-жартылай курчап турган айрым дөңсөөлөр кемер делет. Азербайжан, фарсы тилинде сүйлөгөндөрдө – кемер («тоо», «дөбө», «тоо кыры» маанисинде), тажик, өзбектерде «камар» деп аталат. Кемер (камар) топоними Тажикстанда (Камар, Камар- Булак, Ой-Камар, Кара-Камар ж. б.), Өзбекстанда, Азербайжанда, Түркияда, Иранда ж. б. кеңири таралган.