КЕМБРИЖ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕ́МБРИЖ</b> , К е й м б р и ж – | <b type='title'>КЕ́МБРИЖ</b> , К е й м б р и ж – Америка Кошмо Штаттарынын түндүк-чыгышындагы шаар. Массачусетс штатында, Бостондун шаар айланасы. Калкы 124,7 миң (2019). Чоң Бостондун курамына кирет. Америка Кошмо Штаттарынын ири илимий-изилдөө жана окуу борбору. Кембрижде <i>Гарвард унверситетинин</i> кампусунун бир топ бөлүгү, Массачусетс технологиялык институтунун архитектура комплек­си, искусство жана билим академиясы (1780), Лон­ги музыка мектеби (1915; консерватория), музей­лер бар. Машина куруу, резина, полиграфия өнөр жай иш­каналары иштейт. Жогорку технологиядагы продукция чыгаруучу компаниялардын штаб­-квартиралары жайгашкан. Фотоаппараттар («Polaroid», 2008-жылдан санариптик аппарат­тарга өткөрүлгөн) чыгарылат. Шаар 1630-жылы негизделген. | ||
чыгышындагы шаар. Массачусетс штатында, Бостондун шаар айланасы. Калкы | |||
[[File:КЕМБРИЖ14.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | [[File:КЕМБРИЖ14.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | ||
Куперлердин жыгач үйү (1681–1682), Христ чиркөөсү (1759–1761), Э. Оливердин үйү (1767), Булфинч аянтында калк китепканасы, башка курулуштар сакталган. | |||
Булфинч аянтында калк китепканасы, башка курулуштар сакталган. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
05:07, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕ́МБРИЖ , К е й м б р и ж – Америка Кошмо Штаттарынын түндүк-чыгышындагы шаар. Массачусетс штатында, Бостондун шаар айланасы. Калкы 124,7 миң (2019). Чоң Бостондун курамына кирет. Америка Кошмо Штаттарынын ири илимий-изилдөө жана окуу борбору. Кембрижде Гарвард унверситетинин кампусунун бир топ бөлүгү, Массачусетс технологиялык институтунун архитектура комплекси, искусство жана билим академиясы (1780), Лонги музыка мектеби (1915; консерватория), музейлер бар. Машина куруу, резина, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Жогорку технологиядагы продукция чыгаруучу компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Фотоаппараттар («Polaroid», 2008-жылдан санариптик аппараттарга өткөрүлгөн) чыгарылат. Шаар 1630-жылы негизделген.

Куперлердин жыгач үйү (1681–1682), Христ чиркөөсү (1759–1761), Э. Оливердин үйү (1767), Булфинч аянтында калк китепканасы, башка курулуштар сакталган.