КЕЛЬТТЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕЛЬТТЕР</b> , г а л л д а р – тили | <b type='title'>КЕЛЬТТЕР</b> , г а л л д а р – тили жана маданияты жагынан индиевропа тилине жакын байыркы уруулар тобу. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жа­рымында Альп тоолорунун түндүк жана батыш та­рабында (Франция, Бельгия, Швейцария, Түштүк Германия, Австрия, Чехия, Венгрия, Болгария, Түндүк Италия, Түндүк жана Батыш Испания, Бри­тан аралдарынын азыркы аймагы) жашаган. Римдик­тер кельттерди <i>галлдар</i> деп аташкандыктан, алар жашаган жерлер <i>Галлия</i> деп аталып калган.<br>Биздин заманга чейинки VI–V кылымдарда кельттерде уруулук түзүлүш ыдырап, уруу ак сөөктөрү бөлүнүп чыккан. Кельттер гальштат маданиятын (биздин заманга чейинки 900–400) жана латен маданиятын (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жарымы) түзгөн. Кельттер кийин ибер, иллирия, фракия жана башка уруулар менен аралашкан. Биздин заманга чейинки II кылымда кельттер Түндүк Италия­дагы римдиктердин кысымынан улам Чехия­нын азыркы аймагына отурукташкан (ал уруу­лар бойа, алар отурукташкан жер Богемия деп аталган). Кельттер бойа, гельвет, белг, секван, лингон, эду, битуриг, арверн, аллоброг, сенон, тревер, бел­ловак сыяктуу уруулардан турган. Ккельттер дыйкан­чылык жана мал чарбачылык менен кесиптениш­кен. Кельттерди римдиктер караткан соң (биздин заманга чейинки I кылымдын ортосу) романдаштырылган. Англия, Франция жана Бельгия элдеринин калыптанышында кельттердин этнос элементтери маанилүү роль ойногон. | ||
жагынан индиевропа тилине жакын байыркы уруулар тобу. | |||
уруу ак сөөктөрү бөлүнүп чыккан. | |||
( | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
05:02, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕЛЬТТЕР , г а л л д а р – тили жана маданияты жагынан индиевропа тилине жакын байыркы уруулар тобу. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жарымында Альп тоолорунун түндүк жана батыш тарабында (Франция, Бельгия, Швейцария, Түштүк Германия, Австрия, Чехия, Венгрия, Болгария, Түндүк Италия, Түндүк жана Батыш Испания, Британ аралдарынын азыркы аймагы) жашаган. Римдиктер кельттерди галлдар деп аташкандыктан, алар жашаган жерлер Галлия деп аталып калган.
Биздин заманга чейинки VI–V кылымдарда кельттерде уруулук түзүлүш ыдырап, уруу ак сөөктөрү бөлүнүп чыккан. Кельттер гальштат маданиятын (биздин заманга чейинки 900–400) жана латен маданиятын (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жарымы) түзгөн. Кельттер кийин ибер, иллирия, фракия жана башка уруулар менен аралашкан. Биздин заманга чейинки II кылымда кельттер Түндүк Италиядагы римдиктердин кысымынан улам Чехиянын азыркы аймагына отурукташкан (ал уруулар бойа, алар отурукташкан жер Богемия деп аталган). Кельттер бойа, гельвет, белг, секван, лингон, эду, битуриг, арверн, аллоброг, сенон, тревер, белловак сыяктуу уруулардан турган. Ккельттер дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишкен. Кельттерди римдиктер караткан соң (биздин заманга чейинки I кылымдын ортосу) романдаштырылган. Англия, Франция жана Бельгия элдеринин калыптанышында кельттердин этнос элементтери маанилүү роль ойногон.