КОМИЛЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОМИЛЕР</b> (өздөрүн к о м и м о р т, к о м и­в о й т ы р деп аташат) к о м и - з ы р я н­д а р – Россияда жашаган эл, Коми | <b type='title'>КОМИЛЕР</b> (өздөрүн к о м и м о р т, к о м и ­в о й т ы р деп аташат) к о м и - з ы р я н ­д а р – Россияда жашаган эл, Коми Республикасынын негизги калкы. Архангел, Мурман, Свердлов, Омск, Тюмень облустарында, Ненец, Ямал-Ненец жана Ханты-Мансы автоном округдарында да жа­шайт. Жалпы саны 344, 5 миң киши, анын 292 миңи Комиде (2000). | ||
негизги калкы. Архангел, Мурман, Свердлов, Омск, Тюмень | |||
[[File:КОМИЛЕР27.png | thumb | none]]Коми тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – пра­ | [[File:КОМИЛЕР27.png | thumb | none]]Коми тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – пра­вослав, эски ырым-жырымдарды тут­кандары да бар. Комилер коми­-пермяктар жана удмурддар менен тектеш. Алар жогор­ку вычегда, вымич, ижем, печор, прилуз, сы­соль, удор жана башка этностук топторго бөлүнөт. Комилердин этностук негизин пермь­-вычегда уруулары, веп­сы, байыркы марийлер, обь угорлорунун ата-­бабалары, чыгыш славяндар түзгөн. Комилер дыйкан­чылык, мал чарбачылык (бугу багуучулук), ба­лык уулоо, ошондой эле аңчылык менен кесиптенишип, оймо-чиймелер менен кооздолгон, жыгачтан са­лынган үйлөрдө жашашкан. Аялдары жеңи узун көйнөк, сарафан, кыска, кенен тигилген күрмө, башына кокошник (түндүк орус дыйкан аялдарынын байыркы баш кийими) эркектери шымдын сыртына көйнөгүн чыгарып, кур кур­чанып, кышкысын тон, башына кийиз калпак же кой терисинен жасалган баш кийим кийиш­кен. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан азык­тары. | ||
же кой терисинен жасалган баш кийим кийиш­кен. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан азык­тары. | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
11:32, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОМИЛЕР (өздөрүн к о м и м о р т, к о м и в о й т ы р деп аташат) к о м и - з ы р я н д а р – Россияда жашаган эл, Коми Республикасынын негизги калкы. Архангел, Мурман, Свердлов, Омск, Тюмень облустарында, Ненец, Ямал-Ненец жана Ханты-Мансы автоном округдарында да жашайт. Жалпы саны 344, 5 миң киши, анын 292 миңи Комиде (2000).

Коми тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – православ, эски ырым-жырымдарды туткандары да бар. Комилер коми-пермяктар жана удмурддар менен тектеш. Алар жогорку вычегда, вымич, ижем, печор, прилуз, сысоль, удор жана башка этностук топторго бөлүнөт. Комилердин этностук негизин пермь-вычегда уруулары, вепсы, байыркы марийлер, обь угорлорунун ата-бабалары, чыгыш славяндар түзгөн. Комилер дыйканчылык, мал чарбачылык (бугу багуучулук), балык уулоо, ошондой эле аңчылык менен кесиптенишип, оймо-чиймелер менен кооздолгон, жыгачтан салынган үйлөрдө жашашкан. Аялдары жеңи узун көйнөк, сарафан, кыска, кенен тигилген күрмө, башына кокошник (түндүк орус дыйкан аялдарынын байыркы баш кийими) эркектери шымдын сыртына көйнөгүн чыгарып, кур курчанып, кышкысын тон, башына кийиз калпак же кой терисинен жасалган баш кийим кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан азыктары.