КОЛОРИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОЛОРИ&#769;Т</b> (итальянча colorito– лат. color – өң&shy;түс– боёк дегенден) – көркөм сүрөт өнөрүнүн ар
<b type='title'>КОЛОРИ&#769;Т</b> (италянча colorito, латынча color – өң&shy;-түс, боёк дегенден) – көркөм сүрөт өнөрүнүн ар кыл боёктордун айкалышып, бирдиктүү бир түстү жаратуусу. Колорит эмоциялык, психологиялык туюн&shy;туунун маанилүү куралы болуп, көркөм образ&shy;ды толук ачууга кызмат кылат. Кайсы бир боёк&shy;тордун басымдуулук кылышына жараша колорит жаркын же күңүрт, салкын (көк, жашыл түс басымдуулук кылса) же жылуу (кызыл, сары түс көптүк кылса) ырай болушу мүмкүн. Колоритти чебер пайдалана билген сүрөткер колорист, ал эми айкел менен архитектурадагы колорит полихромия деп аталат.
кыл боёктордун айкалышып– бирдиктүү бир
түстү жаратуусу. К. эмоциялык– психол. туюн&shy;туунун маанилүү куралы болуп– көркөм образ&shy;ды толук ачууга кызмат кылат. Кайсы бир боёк&shy;тордун басымдуулук кылышына жараша
К. жаркын же күңүрт– салкын (көк– жашыл түс
басымдуулук кылса) же жылуу (кызыл– сары
түс көптүк кылса) ырай болушу мүмкүн. К-ти
чебер пайдалана билген сүрөткер колорист– ал
эми скульптура м-н арх-радагы К. полихромия деп аталат.
[[Категория:4-том, 353-402 бб]]
[[Категория:4-том, 353-402 бб]]

10:18, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЛОРИ́Т (италянча colorito, латынча color – өң­-түс, боёк дегенден) – көркөм сүрөт өнөрүнүн ар кыл боёктордун айкалышып, бирдиктүү бир түстү жаратуусу. Колорит эмоциялык, психологиялык туюн­туунун маанилүү куралы болуп, көркөм образ­ды толук ачууга кызмат кылат. Кайсы бир боёк­тордун басымдуулук кылышына жараша колорит жаркын же күңүрт, салкын (көк, жашыл түс басымдуулук кылса) же жылуу (кызыл, сары түс көптүк кылса) ырай болушу мүмкүн. Колоритти чебер пайдалана билген сүрөткер колорист, ал эми айкел менен архитектурадагы колорит полихромия деп аталат.