КЕЛГИНДЕР БАШКАРМАЛЫГЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕЛГИНДЕР БАШКАРМАЛЫГЫ</b> – колония­лык бийликтин | <b type='title'>КЕЛГИНДЕР БАШКАРМАЛЫГЫ</b> – колония­лык бийликтин Орто Азияга көчүп келген орус дыйкандарына конуш бөлүштүрүү үчүн уюшту­рулган атайын органы. Келгиндер башкармалыгын түзүү м-н падыша­лык бийлик агрардык кризис учурунда ички рынок­ту толтуруу м-н мамлекеттик казынаны байытып, Россиянын борбордук губернияларына батпай жат­кан дыйкандардын талабын канааттандыруу­ну көздөгөн. 1902-жылы январда түзүлгөн атайын комиссия реформа долбоорун иштеп чыгып, дый­кандардын жамааттан чыгуусун тездетүү үчүн жер берүү, аларды Россиянын чет жакаларына (Сибирь, Орто Азия) көчүрүү ж. б. маселелерди ка­раган. Алгач орус, немис, украин ж. б. келгин­дерди (кыргыздар «переселин» деп аташкан) жайгаштырууну жергиликтүү административдик бийлик ишке ашырган. <i>Түркстан</i> крайында, айрыкча Жети- Суу облусунда келгиндердин улам көбөйүшүнө бай­ланыштуу (19-кылымдын аягында Орто Азияга келген орус дыйкандарынын саны 100 миңге жеткен) «Конуш которуу тууралуу убактылуу эрежеге» (1904) ж-а Николай IIнин буйругуна (1905, март) ылайык <i>Жети-Суу облусунда</i> 1905-жылы 21-июл­да келгиндер башкармалыгы түзүлүп, башчылыгына О. Шкапский­дин дайындалышы м-н 1905-жылдан Орто Азия­ны колониялаштыруунун жаңы этабы баштал­ган. 1907-жылы кабыл алынган «Кыргыздарды жерге жайгаштыруу» ж-а 1908-жылы «Жети-Сууну колониялаштыруунун тартиби жөнүндө» ток­том чыккандан кийин көчмөн элдер жашаган жерлер мамлеккеттик менчик деп жарыяланып, <i>жаз­доо, жайлоо, күздөө, кыштоо</i> шарты эске алын­бай, келгиндерге берилген. 1907–15-жылдарда Пишпек уездине 4113 (Пржевальскиге 2537, Ошко 971, Нарынга 357) үй-бүлө жайгаштырылган. Коло­ниялаштыруу саясаты Кыргызстандын түндүгүндө өтө ырайымсыздык м-н жүргөн. 1914-жылдын 1-январына карата Пишпек, Пржевальск ж-а Нарын уезддеринде 79 кыштак түптөлүп, анда 80 783 орус, украин, немистер жашаган. Жер айылдык жамаатка берилген, салык жер аян­ты ж-а мал саны эмес, жан башына карап тө­лөнгөн. Айласын тапкандар жер фондусунун көп бөлүгүн менчиктештирип алган. Жерге мук­таж болгондордун көптүгүнөн падыша өкмөтү жергиликтүү акимчиликтен «ашыкча» жер табууну талап кылган. 1909-жылы экономист-социалист П. П. Румянцев башында турган атайын статис­тикалык отряд түзүлүп, алардын милдети кат­талбай калган «ашыкча» жер аянтын табуу бол­гон. Көчмөн ж-а жарым көчмөн кыргыздар үчүн жер ээлөө ченеми иштелип чыгып, 1 291 305 теше «бош» жаткан жер (айдоо, чабынды, жа­йыт) келгиндер фондусуна сунушталган. Өкмөт­түн көчүрүү (башкача айтканда кыргыздардын жерин тартып алуу) саясаты турмушка ашырыла баштаган. Жер ченөө, бөлүү учурунда чыр-чатак күчөп, келгиндер башкармалыгынын жергиликтүү өкүлдөрүнө нааразылык арбы­ган. Чүй өрөөнүнөн <i>Шабдан</i> баатыр, <i>Дүр</i> Соорон­баев, М. Мураталин сыяктуу манаптар Түркстан генерал-губернаторунун жергиликтүү тургундардын ар түтүнүнө 40 тешеден жер берилсин деген көрсөт­мөсүнө карабай, келгиндер башкармалыгынын чиновниктери ар кай­сы аянттан 1,5–2 теше айдоо ж-а жараксыз жер­ден 7 тешеге жетпеген үлүш берип жатышка­нын айтып арызданышкан. 1905–12-жылдарда Пиш­пек уездиндеги кыргыздар 651 773 теше жери­нен ажыраган. 1916-жылы Пржевальск уездинде калктын 24%ин түзгөн орус, украиндер уезддин бардык айдоо аянтынын 67,3%ин ээлеп калган. Кыргыздардын жерлеринин күч м-н келгиндер­ге берилиши 1916-жылдагы көтөрүлүштүн (к. <i>Үр­күн</i>) чыгышына себеп болгон. Көтөрүлүш басыл­гандан кийин генерал-губернатор Куропаткин жетектеген өкмөттүк кеңештин чечими м-н кыр­гыздар Чүй, Ысык-Көл, Кочкор, Жумгал өрөөн­дөрүндөгү тоолорго, сугатсыз таштак жерлерге көчүрүлгөн. Келгиндер башкармалыгы Совет бийлиги орногондон кийин жоюлган. | ||
«Конуш которуу тууралуу убактылуу эрежеге» (1904) ж-а Николай IIнин буйругуна (1905, март) ылайык <i>Жети-Суу облусунда</i> 1905- | |||
Ад.: <i>Терентьев М. А.</i> История завоевания Средней Азии. Т. 3. СПб. 1906; <i>Сапелкин А. А.</i> Аграрные отношения в Киргизии в начале ХХ века (1900–1917 гг.). Ф., 1977; <i>Джамгирчинов Б. Д.</i> История Киргизской ССР. Ф., 1983; История Киргизской ССР. Т. 2. Ф., 1986; <i>Солтоноев Б.</i> Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 2. Б., 1993; <i>Ахмеджанов Г. А.</i> Российская империя в Центральной Азии (История и историография колониальной политики царизма в Туркестане). Таш., 1995; <i>Румянцев П. П.</i> Уезды Жетысу. А., 2000. | |||
Ад.: <i>Терентьев М. А.</i> История завоевания Средней | |||
Азии. Т. 3. СПб. 1906; <i>Сапелкин А. А.</i> Аграрные отношения в Киргизии в начале ХХ века ( | |||
<p align='right'><i type='author'>Э. Турганбаев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Э. Турганбаев.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
09:10, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕЛГИНДЕР БАШКАРМАЛЫГЫ – колониялык бийликтин Орто Азияга көчүп келген орус дыйкандарына конуш бөлүштүрүү үчүн уюштурулган атайын органы. Келгиндер башкармалыгын түзүү м-н падышалык бийлик агрардык кризис учурунда ички рынокту толтуруу м-н мамлекеттик казынаны байытып, Россиянын борбордук губернияларына батпай жаткан дыйкандардын талабын канааттандырууну көздөгөн. 1902-жылы январда түзүлгөн атайын комиссия реформа долбоорун иштеп чыгып, дыйкандардын жамааттан чыгуусун тездетүү үчүн жер берүү, аларды Россиянын чет жакаларына (Сибирь, Орто Азия) көчүрүү ж. б. маселелерди караган. Алгач орус, немис, украин ж. б. келгиндерди (кыргыздар «переселин» деп аташкан) жайгаштырууну жергиликтүү административдик бийлик ишке ашырган. Түркстан крайында, айрыкча Жети- Суу облусунда келгиндердин улам көбөйүшүнө байланыштуу (19-кылымдын аягында Орто Азияга келген орус дыйкандарынын саны 100 миңге жеткен) «Конуш которуу тууралуу убактылуу эрежеге» (1904) ж-а Николай IIнин буйругуна (1905, март) ылайык Жети-Суу облусунда 1905-жылы 21-июлда келгиндер башкармалыгы түзүлүп, башчылыгына О. Шкапскийдин дайындалышы м-н 1905-жылдан Орто Азияны колониялаштыруунун жаңы этабы башталган. 1907-жылы кабыл алынган «Кыргыздарды жерге жайгаштыруу» ж-а 1908-жылы «Жети-Сууну колониялаштыруунун тартиби жөнүндө» токтом чыккандан кийин көчмөн элдер жашаган жерлер мамлеккеттик менчик деп жарыяланып, жаздоо, жайлоо, күздөө, кыштоо шарты эске алынбай, келгиндерге берилген. 1907–15-жылдарда Пишпек уездине 4113 (Пржевальскиге 2537, Ошко 971, Нарынга 357) үй-бүлө жайгаштырылган. Колониялаштыруу саясаты Кыргызстандын түндүгүндө өтө ырайымсыздык м-н жүргөн. 1914-жылдын 1-январына карата Пишпек, Пржевальск ж-а Нарын уезддеринде 79 кыштак түптөлүп, анда 80 783 орус, украин, немистер жашаган. Жер айылдык жамаатка берилген, салык жер аянты ж-а мал саны эмес, жан башына карап төлөнгөн. Айласын тапкандар жер фондусунун көп бөлүгүн менчиктештирип алган. Жерге муктаж болгондордун көптүгүнөн падыша өкмөтү жергиликтүү акимчиликтен «ашыкча» жер табууну талап кылган. 1909-жылы экономист-социалист П. П. Румянцев башында турган атайын статистикалык отряд түзүлүп, алардын милдети катталбай калган «ашыкча» жер аянтын табуу болгон. Көчмөн ж-а жарым көчмөн кыргыздар үчүн жер ээлөө ченеми иштелип чыгып, 1 291 305 теше «бош» жаткан жер (айдоо, чабынды, жайыт) келгиндер фондусуна сунушталган. Өкмөттүн көчүрүү (башкача айтканда кыргыздардын жерин тартып алуу) саясаты турмушка ашырыла баштаган. Жер ченөө, бөлүү учурунда чыр-чатак күчөп, келгиндер башкармалыгынын жергиликтүү өкүлдөрүнө нааразылык арбыган. Чүй өрөөнүнөн Шабдан баатыр, Дүр Сооронбаев, М. Мураталин сыяктуу манаптар Түркстан генерал-губернаторунун жергиликтүү тургундардын ар түтүнүнө 40 тешеден жер берилсин деген көрсөтмөсүнө карабай, келгиндер башкармалыгынын чиновниктери ар кайсы аянттан 1,5–2 теше айдоо ж-а жараксыз жерден 7 тешеге жетпеген үлүш берип жатышканын айтып арызданышкан. 1905–12-жылдарда Пишпек уездиндеги кыргыздар 651 773 теше жеринен ажыраган. 1916-жылы Пржевальск уездинде калктын 24%ин түзгөн орус, украиндер уезддин бардык айдоо аянтынын 67,3%ин ээлеп калган. Кыргыздардын жерлеринин күч м-н келгиндерге берилиши 1916-жылдагы көтөрүлүштүн (к. Үркүн) чыгышына себеп болгон. Көтөрүлүш басылгандан кийин генерал-губернатор Куропаткин жетектеген өкмөттүк кеңештин чечими м-н кыргыздар Чүй, Ысык-Көл, Кочкор, Жумгал өрөөндөрүндөгү тоолорго, сугатсыз таштак жерлерге көчүрүлгөн. Келгиндер башкармалыгы Совет бийлиги орногондон кийин жоюлган.
Ад.: Терентьев М. А. История завоевания Средней Азии. Т. 3. СПб. 1906; Сапелкин А. А. Аграрные отношения в Киргизии в начале ХХ века (1900–1917 гг.). Ф., 1977; Джамгирчинов Б. Д. История Киргизской ССР. Ф., 1983; История Киргизской ССР. Т. 2. Ф., 1986; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 2. Б., 1993; Ахмеджанов Г. А. Российская империя в Центральной Азии (История и историография колониальной политики царизма в Туркестане). Таш., 1995; Румянцев П. П. Уезды Жетысу. А., 2000.
Э. Турганбаев.