КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК</b> – 1) кол эмгегине негиздел&shy;ген майда өндүрүш; ири машина индустриясы пайда болгонго чейин ө. ж. буюмдарын колго жасоо. К. ө. байыркы заманда эле пайда бол&shy;гон. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжа&shy;сында ү й К. ө., ө т ү н ү ч К. ө. ж-а б а&shy;з а р К. ө. болуп бөлүнөт. Үй К. ө. өз керектөөсүн камсыз кылуу үчүн буюм жасайт. Ал чарбанын башка тармагынан бөлүнбөстөн, өндүрүштө эм&shy;гектенген адамдардын жардамчы кесиби болгон.<br>
<b type='title'>КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК</b> – 1) кол эмгегине негиздел&shy;ген майда өндүрүш; ири машина индустриясы пайда болгонго чейин өнөр жай буюмдарын колго жасоо. Кол өнөрчүлүк байыркы заманда эле пайда бол&shy;гон. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжа&shy;сында ү й кол өнөрчүлүк, ө т ү н ү ч кол өнөрчүлүк  жана б а&shy;з а р кол өнөрчүлүк болуп бөлүнөт. Үй кол өнөрчүлүк  өз керектөөсүн камсыз кылуу үчүн буюм жасайт. Ал чарбанын башка тармагынан бөлүнбөстөн, өндүрүштө эм&shy;гектенген адамдардын жардамчы кесиби болгон.<br>Үй кол өнөрчүлүк натуралай чарбага таандык болуп, анын элементтери менен өсүп-өнүккөн. Эмгектин коом&shy;дук бөлүнүшүнүн өнүгүшү натуралай чарбаны бүлүндүрүп, кол өнөрчүлүктү көбөйтөт. Ал айыл чарбадан бөлү&shy;нүп, өтүнүч жана базар кол өнөрчүлүгүнө ажы&shy;райт. Өтүнүч кол өнөрчүлүгү – устанын же кар&shy;дардын өз чийки затынан буюм жасоо өндүрүшү. Бул учурда кол өнөрчүлөр айыл чарба ишинде көп иштеге&shy;ни менен өнөр жай эмгегин аткаруучу бөтөнчө топко айланат. Базар кол өнөрчүлүгү – майда товар өндүрүшү. Кол өнөрчү буюмду керектөөчүгө жергиликтүү базарда же соодагер аркылуу сатат. Ошондой эле Рос&shy;сияда да дыйкан кол өнөрчүлүгү, шаар кол өнөр&shy;чүлүгү сыяктуу кол өнөрчүлүктүн түрлөрү болгон; 2) уста, уз, зергерлердин байыртадан муундан муунга му&shy;рас катары өткөн асем буюмдарды жаратуучу кесиби; улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү, калктын тарыхый эстелиги, калк казынасы, че&shy;берчиликтин натыйжасы. Кыргыздын кол өнөр&shy;чүлүгү мал чарбачылыкка байланыштуу, көчмөн
Үй К. ө. натуралай чарбага таандык болуп, анын элементтери м-н өсүп-өнүккөн. Эмгектин коом&shy;дук бөлүнүшүнүн өнүгүшү натуралай чарбаны бүлүндүрүп, К. ө-тү көбөйтөт. Ал а. ч-дан бөлү&shy;нүп, өтүнүч ж-а базар кол өнөрчүлүгүнө ажы&shy;райт. Өтүнүч кол өнөрчүлүгү – устанын же кар&shy;дардын өз сырьёсунан буюм жасоо өндүрүшү. Бул учурда кол өнөрчүлөр а. ч. ишинде көп иштеге&shy;ни м-н ө. ж. эмгегин аткаруучу бөтөнчө топко
турмуштун негизинде өнүккөн. Кол өнөрчүлүктө жүн, тери, кыл, мүйүз, сөөк, жыгач, чий, темир, күмүш, жез, калай, акак, таш, шуру, мончок, седеп жана башкалар кеңири колдонулган. Өсүмдүк тамырынан, кабыгынан жана жалбырагынан боёк даярдап, анык чеберлер таң каларлык буюмдарды жара&shy;тышкан. Кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө: оймочулук (шыр&shy;дак, жабык баш), саймачылык (жүз аарчы, суу жоолук, белдемчи, туш кийиз), зергерчилик (ша&shy;кек, сөйкө, билерик, чолпу, кемер кур, ат жаб&shy;дыктары), мүйүзчүлүк (кыз-келиндердин асем буюмдары, тарак, абалак, чакча), жыгаччылык (боз үй жасалгалары, үй эмеректери, ат жабдык&shy;тары, комуз), кырмачылык (идиш-аяктар жана башкалар), чырмакчылык (чыгдан, канат чий), темирчилик (тулга, капкан, ооздук, тогоо жана башка ат жабдык&shy;тары), түймөчүлүк (тегирич, чачы), өрмөчүлүк (камчы, жүгөн, куюшкан, басмайыл, көмөлдү&shy;рүк, чидер), өрмөкчүлүк (таар, шалча, чепкен, кап), бычмачылык (кийимдер), куракчылык (жер төшөк, туш кийиз, килемче жана башкалар), ташчылык (жаргылчак, тегирмен), теричилик (шири, ка&shy;йыш), килемчилик (килем токуу), боёкчулук (жүн боёо), эшмечилик (чылбыр), кытаттоо (тери жана башкалар) өңдүүлөр кирет. Учурда чеберлер байырта&shy;дан келе жаткан элдик ыкмаларды кеңири пай&shy;даланып, кол өнөрчүлүктү андан ары өнүктүрүүдө. Борбо&shy;рубуздагы «Кыял» жана жер-жерлердеги кол өнөрчүлүк  би&shy;рикмелер жараткан салттык көркөм буюмдар чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусун туудурууда.
айланат. Базар кол өнөрчүлүгү – майда товар
өндүрүшү. Кол өнөрчү буюмду керектөөчүгө жерг. базарда же соодагер аркылуу сатат. О. эле Рос&shy;сияда да дыйкан кол өнөрчүлүгү, шаар кол өнөр&shy;чүлүгү сыяктуу К. ө-түн түрлөрү болгон; 2) уста,
уз, зергерлердин байыртадан муундан муунга му&shy;рас катары өткөн асем буюмдарды жаратуучу кесиби; улуттук мад-ттын ажырагыс бөлүгү, калктын тарыхый эстелиги, калк казынасы, че&shy;берчиликтин натыйжасы. Кыргыздын кол өнөр&shy;чүлүгү мал чарбачылыкка байланыштуу, көчмөн
турмуштун негизинде өнүккөн. К. ө-тө жүн, тери, кыл, мүйүз, сөөк, жыгач, чий, темир, күмүш, жез, калай, акак, таш, шуру, мончок, седеп ж. б. кеңири колдонулган. Өсүмдүк тамырынан, кабыгынан ж-а жалбырагынан боёк даярдап, анык чеберлер таң каларлык буюмдарды жара&shy;тышкан. К. ө-түн түрлөрүнө: оймочулук (шыр&shy;дак, жабык баш), саймачылык (жүз аарчы, суу жоолук, белдемчи, туш кийиз), зергерчилик (ша&shy;кек, сөйкө, билерик, чолпу, кемер кур, ат жаб&shy;дыктары), мүйүзчүлүк (кыз-келиндердин асем буюмдары, тарак, абалак, чакча), жыгаччылык (боз үй жасалгалары, үй эмеректери, ат жабдык&shy;тары, комуз), кырмачылык (идиш-аяктар ж. б.),
чырмакчылык (чыгдан, канат чий), темирчилик (тулга, капкан, ооздук, тогоо ж. б. ат жабдык&shy;тары), түймөчүлүк (тегирич, чачы), өрмөчүлүк (камчы, жүгөн, куюшкан, басмайыл, көмөлдү&shy;рүк, чидер), өрмөкчүлүк (таар, шалча, чепкен, кап), бычмачылык (кийимдер), куракчылык (жер төшөк, туш кийиз, килемче ж. б.), ташчылык (жаргылчак, тегирмен), теричилик (шири, ка&shy;йыш), килемчилик (килем токуу), боёкчулук (жүн боёо), эшмечилик (чылбыр), кытаттоо (тери ж. б.) өңдүүлөр кирет. Учурда чеберлер байырта&shy;дан келе жаткан элдик ыкмаларды кеңири пай&shy;даланып, К. ө-тү андан ары өнүктүрүүдө. Борбо&shy;рубуздагы «Кыял» ж-а жер-жерлердеги К. ө. би&shy;рикмелер жараткан салттык көркөм буюмдар чет
өлкөлүктөрдүн кызыгуусун туудурууда.




Ад.: <i>Рыбаков Б. А.</i> Ремесло Древней Руси. М., 1948; <i>Акматалиев А.</i> Көркөм кол өнөрчүлүк. Ф., 1984.
Ад.: <i>Рыбаков Б. А.</i> Ремесло Древней Руси. М., 1948; <i>Акматалиев А.</i> Көркөм кол өнөрчүлүк. Ф., 1984.
[[Категория:4-том, 353-402 бб]]
[[Категория:4-том, 353-402 бб]]

09:05, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК – 1) кол эмгегине негиздел­ген майда өндүрүш; ири машина индустриясы пайда болгонго чейин өнөр жай буюмдарын колго жасоо. Кол өнөрчүлүк байыркы заманда эле пайда бол­гон. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжа­сында ү й кол өнөрчүлүк, ө т ү н ү ч кол өнөрчүлүк жана б а­з а р кол өнөрчүлүк болуп бөлүнөт. Үй кол өнөрчүлүк өз керектөөсүн камсыз кылуу үчүн буюм жасайт. Ал чарбанын башка тармагынан бөлүнбөстөн, өндүрүштө эм­гектенген адамдардын жардамчы кесиби болгон.
Үй кол өнөрчүлүк натуралай чарбага таандык болуп, анын элементтери менен өсүп-өнүккөн. Эмгектин коом­дук бөлүнүшүнүн өнүгүшү натуралай чарбаны бүлүндүрүп, кол өнөрчүлүктү көбөйтөт. Ал айыл чарбадан бөлү­нүп, өтүнүч жана базар кол өнөрчүлүгүнө ажы­райт. Өтүнүч кол өнөрчүлүгү – устанын же кар­дардын өз чийки затынан буюм жасоо өндүрүшү. Бул учурда кол өнөрчүлөр айыл чарба ишинде көп иштеге­ни менен өнөр жай эмгегин аткаруучу бөтөнчө топко айланат. Базар кол өнөрчүлүгү – майда товар өндүрүшү. Кол өнөрчү буюмду керектөөчүгө жергиликтүү базарда же соодагер аркылуу сатат. Ошондой эле Рос­сияда да дыйкан кол өнөрчүлүгү, шаар кол өнөр­чүлүгү сыяктуу кол өнөрчүлүктүн түрлөрү болгон; 2) уста, уз, зергерлердин байыртадан муундан муунга му­рас катары өткөн асем буюмдарды жаратуучу кесиби; улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү, калктын тарыхый эстелиги, калк казынасы, че­берчиликтин натыйжасы. Кыргыздын кол өнөр­чүлүгү мал чарбачылыкка байланыштуу, көчмөн турмуштун негизинде өнүккөн. Кол өнөрчүлүктө жүн, тери, кыл, мүйүз, сөөк, жыгач, чий, темир, күмүш, жез, калай, акак, таш, шуру, мончок, седеп жана башкалар кеңири колдонулган. Өсүмдүк тамырынан, кабыгынан жана жалбырагынан боёк даярдап, анык чеберлер таң каларлык буюмдарды жара­тышкан. Кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө: оймочулук (шыр­дак, жабык баш), саймачылык (жүз аарчы, суу жоолук, белдемчи, туш кийиз), зергерчилик (ша­кек, сөйкө, билерик, чолпу, кемер кур, ат жаб­дыктары), мүйүзчүлүк (кыз-келиндердин асем буюмдары, тарак, абалак, чакча), жыгаччылык (боз үй жасалгалары, үй эмеректери, ат жабдык­тары, комуз), кырмачылык (идиш-аяктар жана башкалар), чырмакчылык (чыгдан, канат чий), темирчилик (тулга, капкан, ооздук, тогоо жана башка ат жабдык­тары), түймөчүлүк (тегирич, чачы), өрмөчүлүк (камчы, жүгөн, куюшкан, басмайыл, көмөлдү­рүк, чидер), өрмөкчүлүк (таар, шалча, чепкен, кап), бычмачылык (кийимдер), куракчылык (жер төшөк, туш кийиз, килемче жана башкалар), ташчылык (жаргылчак, тегирмен), теричилик (шири, ка­йыш), килемчилик (килем токуу), боёкчулук (жүн боёо), эшмечилик (чылбыр), кытаттоо (тери жана башкалар) өңдүүлөр кирет. Учурда чеберлер байырта­дан келе жаткан элдик ыкмаларды кеңири пай­даланып, кол өнөрчүлүктү андан ары өнүктүрүүдө. Борбо­рубуздагы «Кыял» жана жер-жерлердеги кол өнөрчүлүк би­рикмелер жараткан салттык көркөм буюмдар чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусун туудурууда.


Ад.: Рыбаков Б. А. Ремесло Древней Руси. М., 1948; Акматалиев А. Көркөм кол өнөрчүлүк. Ф., 1984.