КЕДРЛҮҮ ӨРӨӨН КОРУГУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕДРЛҮҮ ӨРӨӨН КОРУГУ</b> Приморье крайын­да, Амур булуңунун батыш жээгинде. Аянты | <b type='title'>КЕДРЛҮҮ ӨРӨӨН КОРУГУ</b> Приморье крайын­да, Амур булуңунун батыш жээгинде. Аянты 179 <i>км</i><sup>2</sup>. 1916-жылы уникалдуу токой массивин коргоо максатында корукча катары уюшулган. 1934-жылдан СССР ИАнын Ыраакы Чыгыш филиа­лына өткөн; учурда Россия ИАнын Ыраакы Чы­гыш мекемеси; 1964-жылдан биология-топурак институтунун курамында. 2004-жылы ЮНЕСКОнун био­сфералык резерват статусун алган. Кедрлүү суу­сунун алабында Чыгыш-Манжур тоолорунун капталынан (бийиктиги 700 <i>м</i>) орун алган. Табия­ты кооз, аскалуу, кууш кырка тоолор, шаңшаар сымал өрөөндөр, шаркыратмалар мүнөздүү. Ко­руктун 70%и ийне-жазы жалбырактуу ж-а жазы жалбырактуу токой. Токой аянтынын 10%ке жакынын көк карагай ээлейт. Ал реликт каралжын же бүтүн жалбырактуу көк карагай, моңгол эмени, ак чечек, зараң, кайың ж. б-дан | ||
179 <i>км</i><sup>2</sup>. 1916- | |||
коргоо максатында корукча катары уюшулган. 1934-жылдан СССР ИАнын | |||
[[File:КЕДРЛҮҮ ӨРӨӨН КОРУГУ7.png | thumb | Кедрлүү өрөөн.]] | [[File:КЕДРЛҮҮ ӨРӨӨН КОРУГУ7.png | thumb | Кедрлүү өрөөн.]] | ||
турат. | турат. Ошондой эле аян карагайы, корей кедринен тур­ган көк карагай-жазы жалбырактуу токойдун чакан массивдери кездешет. Коруктун аймагын­да эңилчектин 80ден, мамык чөптүн 140тан, түтүктүү өсүмдүктүн 860тан, ошондой эле калпактуу козу карындын 540тан ашык түрү бар. РСФСРдин Кызыл китебине өсүмдүктөрдүн 11, сүт эмүүчүлөрдүн 50, канаттуулардын 200гө жакы­ны анын ичинде күкүктүн 5, тоңкулдактын 7, жерде­-сууда жашоочулардын 8, сойлоочулардын 8 түрү киргизилген. Ал эми Россиянын Кызыл ките­бине – амур жолборсу, кабылан, уссурия чаар бугусу, кара жору, кабырчыктуу арам өрдөк, япон эчки маарагы, карчыгалуу жаман сары ж. б. кирген. | ||
чакан массивдери кездешет. Коруктун аймагын­да эңилчектин 80ден, мамык чөптүн 140тан, түтүктүү өсүмдүктүн 860тан, | |||
бугусу, кара жору, кабырчыктуу арам өрдөк, япон эчки маарагы, карчыгалуу жаман сары ж. б. кирген. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
07:34, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕДРЛҮҮ ӨРӨӨН КОРУГУ Приморье крайында, Амур булуңунун батыш жээгинде. Аянты 179 км2. 1916-жылы уникалдуу токой массивин коргоо максатында корукча катары уюшулган. 1934-жылдан СССР ИАнын Ыраакы Чыгыш филиалына өткөн; учурда Россия ИАнын Ыраакы Чыгыш мекемеси; 1964-жылдан биология-топурак институтунун курамында. 2004-жылы ЮНЕСКОнун биосфералык резерват статусун алган. Кедрлүү суусунун алабында Чыгыш-Манжур тоолорунун капталынан (бийиктиги 700 м) орун алган. Табияты кооз, аскалуу, кууш кырка тоолор, шаңшаар сымал өрөөндөр, шаркыратмалар мүнөздүү. Коруктун 70%и ийне-жазы жалбырактуу ж-а жазы жалбырактуу токой. Токой аянтынын 10%ке жакынын көк карагай ээлейт. Ал реликт каралжын же бүтүн жалбырактуу көк карагай, моңгол эмени, ак чечек, зараң, кайың ж. б-дан

турат. Ошондой эле аян карагайы, корей кедринен турган көк карагай-жазы жалбырактуу токойдун чакан массивдери кездешет. Коруктун аймагында эңилчектин 80ден, мамык чөптүн 140тан, түтүктүү өсүмдүктүн 860тан, ошондой эле калпактуу козу карындын 540тан ашык түрү бар. РСФСРдин Кызыл китебине өсүмдүктөрдүн 11, сүт эмүүчүлөрдүн 50, канаттуулардын 200гө жакыны анын ичинде күкүктүн 5, тоңкулдактын 7, жерде-сууда жашоочулардын 8, сойлоочулардын 8 түрү киргизилген. Ал эми Россиянын Кызыл китебине – амур жолборсу, кабылан, уссурия чаар бугусу, кара жору, кабырчыктуу арам өрдөк, япон эчки маарагы, карчыгалуу жаман сары ж. б. кирген.