КЛАССИЦИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЛАССИЦИ́ЗМ</b> ( | <b type='title'>КЛАССИЦИ́ЗМ</b> (латынча classicus – эң үлгүлүү) – XVII–XIX кылымдардын башында адабият менен искусстводо байыр­кы мурастарды идеалдуу үлгү катары туура­ган стиль, багыт. Европадагы улуттук борбор­доштурулган кубаттуу монархиялардын акыр­кы түзүлүш доорунда пайда болгон. Классицизм абсо­лютизмдин жогорулоо мезгилинин чагылы­шы катары XVII кылымда Францияда түзүлгөн. А д а ­б и я т т а классицизм Байыркы Грекия менен Байыркы Римдин классикалык чыгармаларын үлгү тут­кан. Классицизм багытында чыгарма жазгандар антика­лык адабияттын үлгүлөрүн туурашкан, белгилүү эрежелер боюнча көркөм образдарды түзүшкөн. XVII–XVIII кылымдарда классицизм француз адабиятында калыптанып, анын эң ири өкүлдөрү: Н. Буалонун (1636–1711) ыр­лары, П. Корнелдин (1606–1684), Ж. Расиндин (1639–1699) трагедиялары, Ж. Б. <i>Мольердин</i> ко­медиялары жана башкалар кеңири белгилүүболгон. Классицизм Рос­сияда XVIII кылымдын 2-жарымынан өнүгө баштаган (А. Д. <i>Кантемир,</i> А. П. Сумароков, В. К. Тредиа­ковский, Д. И. Фонвизин жана башкалар). Бул багытта­гы калемгерлер чыгармаларында өлкөнүн тур­мушу үчүн өтө маанилүү окуяларды сүрөттөөгө аракеттенишкен. Классицизмдин искусстводогу өзгөчөлүгү жаратылышты жана байыркы искусствонун үлгүлөрүн тууроо, үч биримдиктин (окуя, мез­гил, жер) шарттуу түрдө болушу, мамлекетке кызмат кылуу жана башкалар болгон. Классицизм эки (дворян­дык, прогрессчил) багытта өнүккөн. Дворяндык багыттагылар турмушту идеалдаштырып, ри­торикалуулукка ыкташкан. Экинчи багытта­гылар – трагедияда идеалуулук менен эмоция­луулукка, ал эми комедияда сатиралык типтеш­тирүүгө жетишкен. XVII кылымдагы классицизмге көркөм идеал­дардын бир аз абстракттуулугу, жалаң акыл­- эске таянуучулук мүнөзү, адам менен табиятты идеалдаштырууга умтулуу, эстетикалык ченемдерге баш ийүү, тактык көркөм формалар­дын ийкемдүүлүгү мүнөздүү. Ж и в о п и с т е XVIII кылымда классицизмдин ири өкүлү живописчи Ж. Л. Да­вид биринчи кезекте байыркы дүйнөнүн идеалдарына, эркиндик үчүн күрөшүүчүлөрдүн эрдик­терине кайрылган. | ||
эрежелер | |||
үлгүлөрүн тууроо, үч биримдиктин (окуя, мез­гил, жер) шарттуу түрдө болушу, мамлекетке кызмат кылуу | |||
[[File:КЛАССИЦИЗМ8.png | thumb | К. Лорен. «Давид жана үч мифологиялык каарман менен пейзаж». 1658. Улуттук галерея. Лондон.]] | [[File:КЛАССИЦИЗМ8.png | thumb | К. Лорен. «Давид жана үч мифологиялык каарман менен пейзаж». 1658. Улуттук галерея. Лондон.]] | ||
Бир жагынан романтизм­ге жакындоо менен XVIII кылымдагы классицизм бир топ дең­гээлде дворяндык классицизмдин абстракттуулугун жеңе алган жана көркөм өнөрдө татаал сезим дүйнөсү менен көз караштарын бекемдеген. Наполеон им­периясынын доорундагы классицизм (ампир деп атал­ган) негизинен императордук байыркы Рим көркөм өнөрүнөн багыт алган жана көбүрөөк шаан-шөкөттүк белгилерге ээ болгон. Классицизмдин көрүнүктүү өкүлдөрү: сүрөтчүлөр Н. Пуссен, Ш. Лебрен, К. Лоррен, Д. Энгр (Франция), А. Р. Менгс, Й. А. Кох (Германия) жана башкалар; айкелчилер – Ж. Б. Пигаль, Э. М. <i>Фальконе</i> (Фран­ция), И. Г. Шадов (Германия), Б. Торвальдсен (Дания), А. Канова (Италия). Россиянын сүрөт өнөрүндө классицизмдин өнүгүшү 1757-жылы Петербургда уюшулган Сүрөт академиясына байланыштуу. | |||
өнөрүндө | |||
[[File:КЛАССИЦИЗМ9.png | thumb | Версаль сарайындагы Опера театрынын залы. | [[File:КЛАССИЦИЗМ9.png | thumb | Версаль сарайындагы Опера театрынын залы. 1748–1770. Архитектор Ж. А. Габриэль, айкелчи О.Пажу.]] | ||
Орус тарыхый живописинин өкүлдөрү А. П. Ло­сенко, Г. И. Угрюмов, А. И. Иванов, К. П. <i>Брюл­лов</i> гуманизм идеяларын, патриотизмди туу ту­тушкан. Орус классицизминин өкүлдөрү айкелчилер М. И. Козловский, И. П. Мартос, Ф.Ф.Щедрин идеалык жеткилеңдикке, классикалык образ­дын беделдүүлүгүнө жетишкен. А р х и т е к­т у р а д а классицизмди Францияда Ж. Ардуен-Мансар, А. Ленотр (<i>Версаль</i> ак сарай-парк ансамблин түзүүчүлөр), Ж.А.Габриэль, К. Н. Леду, Англия­да К. Рен, Россияда В. И. Баженов, М. В. Каза­ков, А. Н. Воронихин, А. Д. Захаров, К. И. Рос­си жана башкалар өнүктүргөн. Архитектуралык курулуштар­дын формаларынын геометриялуулугу жана таасындыгы, пландын логикалуулугу, дубалдары­нын ордер жана жөнөкөй жасалга менен айкалыш­кандыгы мүнөздүү. | |||
[[File:КЛАССИЦИЗМ10.png | thumb | Санкт-Петербургдагы мрамор сарайы. 1768–1785. Ар­хитектор А. Ринальди.]] | |||
М у з ы к а д а инсандын жашоосунун ички ыргагы, акыл-эси, ой-толгоо­су ички мыйзам ченемдүүлүккө, эриш-аркак­тыкка баш иерине, ушундан улам жашоонун ошого ылайыкталгандыгына ишенген. Классицизм көр­көм өнөрдү адамзат рухунун бийиктигинин да­лили катары карап, ички ыргактын төп кели­шин, жанрдык эреженин сакталышын, ке­йипкерлердин мүнөзүн ачуудагы типтүүлүктү талап кылган [Й. <i>Гайдн,</i> В. <i>Моцарт</i> (Австрия); Л. <i>Бетховен</i> (Германия); Ж. Б. Люлли (Фран­ция)]. Т е а т р искусствосу үчүн спектаклдин салтанаттуу, салмактуу түзүлүшү, ырларды жай окуу мүнөздүү (Францияда Мондори, Т. Дюпарк, М. Шанмеле, А. Лекен, Ф. Ж. Тальма, Э. Ра­шель; Германияда К. Найбер; Россияда Ф. Г. Вол­ков, И. А. Димитриевский) болгон. XX кылымда классицизмдин көркөм салттары неоклассицизмде жан­данган. | |||
Ад.: Русский и западноевропейский классицизм.<br>Проза. М., 1982; <i>Даниэл С. М.</i> Европейский класси­цизм. СПб., 2003; <i>Карев А.</i> Классицизм в русской живописи. М., 2003; История зарубежного театра. СПб, 2005. | |||
Ад.: Русский и западноевропейский классицизм.<br> | |||
Проза. М., 1982; <i>Даниэл С. М.</i> Европейский класси­цизм. СПб., 2003; <i>Карев А.</i> Классицизм в русской живописи. М., 2003; История зарубежного театра. СПб, 2005. | |||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
05:55, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЛАССИЦИ́ЗМ (латынча classicus – эң үлгүлүү) – XVII–XIX кылымдардын башында адабият менен искусстводо байыркы мурастарды идеалдуу үлгү катары туураган стиль, багыт. Европадагы улуттук борбордоштурулган кубаттуу монархиялардын акыркы түзүлүш доорунда пайда болгон. Классицизм абсолютизмдин жогорулоо мезгилинин чагылышы катары XVII кылымда Францияда түзүлгөн. А д а б и я т т а классицизм Байыркы Грекия менен Байыркы Римдин классикалык чыгармаларын үлгү туткан. Классицизм багытында чыгарма жазгандар антикалык адабияттын үлгүлөрүн туурашкан, белгилүү эрежелер боюнча көркөм образдарды түзүшкөн. XVII–XVIII кылымдарда классицизм француз адабиятында калыптанып, анын эң ири өкүлдөрү: Н. Буалонун (1636–1711) ырлары, П. Корнелдин (1606–1684), Ж. Расиндин (1639–1699) трагедиялары, Ж. Б. Мольердин комедиялары жана башкалар кеңири белгилүүболгон. Классицизм Россияда XVIII кылымдын 2-жарымынан өнүгө баштаган (А. Д. Кантемир, А. П. Сумароков, В. К. Тредиаковский, Д. И. Фонвизин жана башкалар). Бул багыттагы калемгерлер чыгармаларында өлкөнүн турмушу үчүн өтө маанилүү окуяларды сүрөттөөгө аракеттенишкен. Классицизмдин искусстводогу өзгөчөлүгү жаратылышты жана байыркы искусствонун үлгүлөрүн тууроо, үч биримдиктин (окуя, мезгил, жер) шарттуу түрдө болушу, мамлекетке кызмат кылуу жана башкалар болгон. Классицизм эки (дворяндык, прогрессчил) багытта өнүккөн. Дворяндык багыттагылар турмушту идеалдаштырып, риторикалуулукка ыкташкан. Экинчи багыттагылар – трагедияда идеалуулук менен эмоциялуулукка, ал эми комедияда сатиралык типтештирүүгө жетишкен. XVII кылымдагы классицизмге көркөм идеалдардын бир аз абстракттуулугу, жалаң акыл- эске таянуучулук мүнөзү, адам менен табиятты идеалдаштырууга умтулуу, эстетикалык ченемдерге баш ийүү, тактык көркөм формалардын ийкемдүүлүгү мүнөздүү. Ж и в о п и с т е XVIII кылымда классицизмдин ири өкүлү живописчи Ж. Л. Давид биринчи кезекте байыркы дүйнөнүн идеалдарына, эркиндик үчүн күрөшүүчүлөрдүн эрдиктерине кайрылган.

Бир жагынан романтизмге жакындоо менен XVIII кылымдагы классицизм бир топ деңгээлде дворяндык классицизмдин абстракттуулугун жеңе алган жана көркөм өнөрдө татаал сезим дүйнөсү менен көз караштарын бекемдеген. Наполеон империясынын доорундагы классицизм (ампир деп аталган) негизинен императордук байыркы Рим көркөм өнөрүнөн багыт алган жана көбүрөөк шаан-шөкөттүк белгилерге ээ болгон. Классицизмдин көрүнүктүү өкүлдөрү: сүрөтчүлөр Н. Пуссен, Ш. Лебрен, К. Лоррен, Д. Энгр (Франция), А. Р. Менгс, Й. А. Кох (Германия) жана башкалар; айкелчилер – Ж. Б. Пигаль, Э. М. Фальконе (Франция), И. Г. Шадов (Германия), Б. Торвальдсен (Дания), А. Канова (Италия). Россиянын сүрөт өнөрүндө классицизмдин өнүгүшү 1757-жылы Петербургда уюшулган Сүрөт академиясына байланыштуу.

Орус тарыхый живописинин өкүлдөрү А. П. Лосенко, Г. И. Угрюмов, А. И. Иванов, К. П. Брюллов гуманизм идеяларын, патриотизмди туу тутушкан. Орус классицизминин өкүлдөрү айкелчилер М. И. Козловский, И. П. Мартос, Ф.Ф.Щедрин идеалык жеткилеңдикке, классикалык образдын беделдүүлүгүнө жетишкен. А р х и т е кт у р а д а классицизмди Францияда Ж. Ардуен-Мансар, А. Ленотр (Версаль ак сарай-парк ансамблин түзүүчүлөр), Ж.А.Габриэль, К. Н. Леду, Англияда К. Рен, Россияда В. И. Баженов, М. В. Казаков, А. Н. Воронихин, А. Д. Захаров, К. И. Росси жана башкалар өнүктүргөн. Архитектуралык курулуштардын формаларынын геометриялуулугу жана таасындыгы, пландын логикалуулугу, дубалдарынын ордер жана жөнөкөй жасалга менен айкалышкандыгы мүнөздүү.

М у з ы к а д а инсандын жашоосунун ички ыргагы, акыл-эси, ой-толгоосу ички мыйзам ченемдүүлүккө, эриш-аркактыкка баш иерине, ушундан улам жашоонун ошого ылайыкталгандыгына ишенген. Классицизм көркөм өнөрдү адамзат рухунун бийиктигинин далили катары карап, ички ыргактын төп келишин, жанрдык эреженин сакталышын, кейипкерлердин мүнөзүн ачуудагы типтүүлүктү талап кылган [Й. Гайдн, В. Моцарт (Австрия); Л. Бетховен (Германия); Ж. Б. Люлли (Франция)]. Т е а т р искусствосу үчүн спектаклдин салтанаттуу, салмактуу түзүлүшү, ырларды жай окуу мүнөздүү (Францияда Мондори, Т. Дюпарк, М. Шанмеле, А. Лекен, Ф. Ж. Тальма, Э. Рашель; Германияда К. Найбер; Россияда Ф. Г. Волков, И. А. Димитриевский) болгон. XX кылымда классицизмдин көркөм салттары неоклассицизмде жанданган.
Ад.: Русский и западноевропейский классицизм.
Проза. М., 1982; Даниэл С. М. Европейский классицизм. СПб., 2003; Карев А. Классицизм в русской живописи. М., 2003; История зарубежного театра. СПб, 2005.