КВАНТТЫК ХИМИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КВАНТТЫК ХИ́МИЯ</b> – | <b type='title'>КВАНТТЫК ХИ́МИЯ</b> – химиялык реакцияларда би­рикмелердин түзүлүшүн, касиетин, алардын бири-бири м-н болгон аракетин ж-а айлануусун кванттык механиканын көз карашынын ж-а анын ыкмаларынын негизинде кароочу химия­нын теориялык бөлүгү. Ал химиялык байланыштардын та­бияты, валенттүүлүк, молекулалардын электрон­дук түзүлүшү жөнүндөгү окууну камтуу м-н, моле­кулалардын спектрскопиялык, электрдик, маг­ниттик касиеттери, алардын өз ара аракеттенүү күчүн, реакцияга кирүү жөндөмдүүлүгүн квант­тык механиканын ыкмаларынын негизинде тү­шүндүрөт. Кванттык механикада атом-молекулалык сис­теманын касиетин Шрёдингер теңдемеси, Пау­ли принциби ж-а универсалдуу физикалык туруктуу­луктардын негизинде эсептөөгө болот. Бул тең­деме көп электрондуу системалар үчүн так чык­пайт. Мындай системалар үчүн жакындашты­рылган ыкмалар – валенттик байланыш ж-а молекулалык орбитал ыкмалары пайдаланылат. Объектинин татаалдыгына, изилдөөнүн макса­тына жараша эмпириялык эмес же андан да жөнөкөй жарым эмпириялык эсептөө ыкмала­ры колдонулат. Эмпириялык эмес ыкмалар ар­кылуу системадагы ядролордун ж-а электрон­дордун саны, ошондой эле ядролордун заряддары ж-а фундаменталдык турактуулардын маанилери берилет. Жарым эмпириялык ыкмаларда, ко­шумча түрүндө, эсептөөгө кирүүчү айрым чоң­дуктардын маанилери тажрыйбадан алынат. Молекуланын электрондук түзүлүшүнүн анали­зи, химиялык байланыштын ар кандай түрлөрүн, классикалык химиялык түзүлүш теориясынын ж-а химиялык кинетиканын көпчүлүк түшүнүктөрүн тал­куулоого мүмкүндүк берди. Кванттык химиянын негизинде молекуланын электрондук спектрлеринин жуту­лушу ж-а люминесценциянын теориялары, фо­тоэлектрондук ж-а рентгенэлектрондук спектр­лер теориялары иштелип чыккан. Молекулалар­дын электрдик ж-а магниттик касиеттеринин кванттык теориясы химияга изилдөөнүн физикалык методдорун жайылтууга көмөк берди ж-а таж­рыйбалык натыйжаларды талкуулоону бир кыйла жеңилдетти. Кванттык химиянын ыкмалары молекулалык биологияда, биологиялык мембраналардын моделдерин эсептөөдө, булчуңдардын иштешин моделдөөдө ж. б. колдонулат. | ||
Ад.: <i>Степанов Н. Ф.</i> Квантовая механика и кван­товая химия. М., 2001; <i>Майор И.</i> Избранные главы квантовой химии. Доказательства теорем и вывод формул. М., 2006. | Ад.: <i>Степанов Н. Ф.</i> Квантовая механика и кван­товая химия. М., 2001; <i>Майор И.</i> Избранные главы квантовой химии. Доказательства теорем и вывод формул. М., 2006. | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
03:54, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КВАНТТЫК ХИ́МИЯ – химиялык реакцияларда бирикмелердин түзүлүшүн, касиетин, алардын бири-бири м-н болгон аракетин ж-а айлануусун кванттык механиканын көз карашынын ж-а анын ыкмаларынын негизинде кароочу химиянын теориялык бөлүгү. Ал химиялык байланыштардын табияты, валенттүүлүк, молекулалардын электрондук түзүлүшү жөнүндөгү окууну камтуу м-н, молекулалардын спектрскопиялык, электрдик, магниттик касиеттери, алардын өз ара аракеттенүү күчүн, реакцияга кирүү жөндөмдүүлүгүн кванттык механиканын ыкмаларынын негизинде түшүндүрөт. Кванттык механикада атом-молекулалык системанын касиетин Шрёдингер теңдемеси, Паули принциби ж-а универсалдуу физикалык туруктуулуктардын негизинде эсептөөгө болот. Бул теңдеме көп электрондуу системалар үчүн так чыкпайт. Мындай системалар үчүн жакындаштырылган ыкмалар – валенттик байланыш ж-а молекулалык орбитал ыкмалары пайдаланылат. Объектинин татаалдыгына, изилдөөнүн максатына жараша эмпириялык эмес же андан да жөнөкөй жарым эмпириялык эсептөө ыкмалары колдонулат. Эмпириялык эмес ыкмалар аркылуу системадагы ядролордун ж-а электрондордун саны, ошондой эле ядролордун заряддары ж-а фундаменталдык турактуулардын маанилери берилет. Жарым эмпириялык ыкмаларда, кошумча түрүндө, эсептөөгө кирүүчү айрым чоңдуктардын маанилери тажрыйбадан алынат. Молекуланын электрондук түзүлүшүнүн анализи, химиялык байланыштын ар кандай түрлөрүн, классикалык химиялык түзүлүш теориясынын ж-а химиялык кинетиканын көпчүлүк түшүнүктөрүн талкуулоого мүмкүндүк берди. Кванттык химиянын негизинде молекуланын электрондук спектрлеринин жутулушу ж-а люминесценциянын теориялары, фотоэлектрондук ж-а рентгенэлектрондук спектрлер теориялары иштелип чыккан. Молекулалардын электрдик ж-а магниттик касиеттеринин кванттык теориясы химияга изилдөөнүн физикалык методдорун жайылтууга көмөк берди ж-а тажрыйбалык натыйжаларды талкуулоону бир кыйла жеңилдетти. Кванттык химиянын ыкмалары молекулалык биологияда, биологиялык мембраналардын моделдерин эсептөөдө, булчуңдардын иштешин моделдөөдө ж. б. колдонулат.
Ад.: Степанов Н. Ф. Квантовая механика и квантовая химия. М., 2001; Майор И. Избранные главы квантовой химии. Доказательства теорем и вывод формул. М., 2006.