КИТО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИ́ТО</b> – Эквадор | <b type='title'>КИ́ТО</b> – Эквадор Республикасынын борбору, шаар. Пи­чинча провинциясынын административдик борбору. Түштүк Американын түндүк-батыш бөлүгүндө, экватордон 25 <i>км</i> түштүктө, тоо аралык Сьерра-де-Эквадор | ||
[[File:КИТО1.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | [[File:КИТО1.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | ||
дөбөлүү ойдуңунда, деңиз | дөбөлүү ойдуңунда, деңиз деңгээлинен 2818 <i>м</i> бийик­тикте, аракеттеги (акыркы жолу 1999-жылы атыл­ган) Пичинча жанар тоосунун этегинде, Панаме­рика шоссесинин боюнда жайгашкан. Китого жа­кын 8 жанар тоо (Котопахи, Антисана, Каямбе жана башкалар) бар. Шаардын экологиялык абалына жанар тоо­дон атылып чыккан күл тескери таасирин тий­гизет. Калкы 1,6 млн (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Темир жол аркылуу Тынч океандын жээгиндеги Гуая­киль, Эсмеральдас порттору жана автострада ар­кылуу Лима (Перу), Санта-Фе-де-Богота (Колум­бия) шаарлары менен байланышат. Метрополитен курулууда (2008). Испандар тарабынан 1534-жылы негизделген. Испаниянын ээлиги мезгилинде Кито облусунун, 1830-жылдан Эквадордун борбо­ру. Калкынын 76%и тейлөө чөйрөсүндө эмгек­тенет. Китода чет өлкөлүк жаана ири банктардын, | ||
нефть компанияларынын штаб-квартиралары жайгашкан. Текстиль (жүн жип, кездеме), же­ңил, машина куруу, металл иштетүү (цистерна, нефть жана газ сактоочу баллондор), химия (тири­чилик химикаттары), жыгаччылык (паркет, жыгач эшиктер), тамак-аш–татымал, булгаары – бут кийим жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. Эк­вадордун илимий жана маданий борбору. Эки университет, тил академиясы (1874), Аскер география институту (1950; алдында музей бар), аялдар коллежи жана педагогикалык институт, улуттук политехникалык мектеби, жур­налисттерди даярдоочу Латын Америка борбо­ру, улуттук музыка академиясы, музейлер (та­рых, археология, этнография жана башкалар), мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар (анын ичинде католик жана башкалар), театр, китепканалар, сүрөт галереясы, обсерватория бар. Өкмөт үйү жай­гашкан. Чиркөөлөр, собор, монастырлар сактал­ган. Шаардын тарыхый бөлүгү <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирген. Ботаникалык бак (Түштүк Американын экзотикалык флорасы өстүрүлөт) уюштурулган. Жер титирөөдөн (1660, 1797, 1868, 1987, 2006) бир нече жолу жабыркаган. | |||
нефть компанияларынын штаб-квартиралары жайгашкан. Текстиль (жүн жип, кездеме), же­ңил, машина куруу, металл иштетүү (цистерна, | |||
нефть | |||
бут кийим | |||
1868, 1987, 2006) бир нече жолу жабыркаган. | |||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
03:48, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИ́ТО – Эквадор Республикасынын борбору, шаар. Пичинча провинциясынын административдик борбору. Түштүк Американын түндүк-батыш бөлүгүндө, экватордон 25 км түштүктө, тоо аралык Сьерра-де-Эквадор

дөбөлүү ойдуңунда, деңиз деңгээлинен 2818 м бийиктикте, аракеттеги (акыркы жолу 1999-жылы атылган) Пичинча жанар тоосунун этегинде, Панамерика шоссесинин боюнда жайгашкан. Китого жакын 8 жанар тоо (Котопахи, Антисана, Каямбе жана башкалар) бар. Шаардын экологиялык абалына жанар тоодон атылып чыккан күл тескери таасирин тийгизет. Калкы 1,6 млн (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Темир жол аркылуу Тынч океандын жээгиндеги Гуаякиль, Эсмеральдас порттору жана автострада аркылуу Лима (Перу), Санта-Фе-де-Богота (Колумбия) шаарлары менен байланышат. Метрополитен курулууда (2008). Испандар тарабынан 1534-жылы негизделген. Испаниянын ээлиги мезгилинде Кито облусунун, 1830-жылдан Эквадордун борбору. Калкынын 76%и тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Китода чет өлкөлүк жаана ири банктардын,
нефть компанияларынын штаб-квартиралары жайгашкан. Текстиль (жүн жип, кездеме), жеңил, машина куруу, металл иштетүү (цистерна, нефть жана газ сактоочу баллондор), химия (тиричилик химикаттары), жыгаччылык (паркет, жыгач эшиктер), тамак-аш–татымал, булгаары – бут кийим жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. Эквадордун илимий жана маданий борбору. Эки университет, тил академиясы (1874), Аскер география институту (1950; алдында музей бар), аялдар коллежи жана педагогикалык институт, улуттук политехникалык мектеби, журналисттерди даярдоочу Латын Америка борбору, улуттук музыка академиясы, музейлер (тарых, археология, этнография жана башкалар), мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар (анын ичинде католик жана башкалар), театр, китепканалар, сүрөт галереясы, обсерватория бар. Өкмөт үйү жайгашкан. Чиркөөлөр, собор, монастырлар сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Ботаникалык бак (Түштүк Американын экзотикалык флорасы өстүрүлөт) уюштурулган. Жер титирөөдөн (1660, 1797, 1868, 1987, 2006) бир нече жолу жабыркаган.