КВАНТТЫК ТЕОРИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КВАНТТЫК ТЕОРИЯ</b> – илимде микродүйнө | <b type='title'>КВАНТТЫК ТЕОРИЯ</b> – илимде микродүйнө объектилеринин түзүлүшүн, кыймылын ж-а өз ара аракеттешүүсүн окутуп-үйрөтүүчү физикалык тео­рия. Ал <i>кванттык механика,</i> кванттык статис­тика ж-а <i>кванттык электрдинамика</i> бөлүм­дөрүн камтыйт. Электрондордун ж-а жарык кванттарынын касиеттеринин дал келишин изилдөө кванттык теорияны түзүүгө алып келген. Кванттык теориянын өнүгүүсүнүн алгачкы этаптары: А. Эйнштейндин | ||
объектилеринин түзүлүшүн, кыймылын ж-а өз ара аракеттешүүсүн окутуп-үйрөтүүчү | фотоэлектр эффектисин түшүндүрүүсү, фотондор­дун таралуусу б-ча А. Комптондун нурлануунун кванттык мүнөзүн ачып көрсөтүүсү. Ал эми Н. <i>Бордун</i> теориясы, Ж. <i>Франк</i> м-н Г. <i>Герцтин</i> тажрыйбалары атомдун нурлануусунун квант­тык мүнөздөмөсүн далилдеген. Теориянын өнүгүшүнүн кийинки этабы микробөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин байкоо м-н иш жүзүнө ашат. 1924-жылы франциялык физик Луи де Бройль бө­лүкчөлөрдүн корпускулалык абалынан тышка­ры дагы толкундук касиети тууралуу айткан. Дүйнөлүк окумуштуулар М. Лауэ, У. Томсон, К. Девиссон ж-а Л. Жермердин тажрыйбалары бөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин далилдөөчү дифракция кубулушуна арналган. Кванттык теорияда мате­риянын туруктуулугу ж-а өзгөрмөлүүлүгү, дис­креттүүлүгү ж-а үзгүлтүксүздүгү анын негизги касиеттери болуп эсептелет. Кванттык теорияда микробө­лүкчөлөрдүн кыймылы координаталардын ж-а убакыттын бир катар функциялары [\1(<i>x, y, z, t</i>] аркылуу жазылат (к. <i>Толкун функциясы</i>). Эр­кин микробөлүкчөлөрдүн негизги мүнөздөөчүлөрү энергия (Е) ж-а импульс (р). Кванттык теорияда закондор­дун негизги айырмачылыктары – символдордун сандар м-н эмес, абстракттуу математикалык түшүнүк­төр – операторлор м-н белгилениши. Классика­лык теориядан айырмаланган жаңы түшүнүктөр, башкача айтканда материянын корпускулалык (дискреттүү) ж-а толкундук (үзгүлтүксүз) касиеттери келип чыгат. Бул атомдук процесстерди жазуудагы жаңы ыкма болуп эсептелет. | ||
өнүгүүсүнүн алгачкы этаптары: А. Эйнштейндин | |||
фотоэлектр эффектисин түшүндүрүүсү, фотондор­дун таралуусу б-ча А. Комптондун нурлануунун кванттык мүнөзүн ачып көрсөтүүсү. Ал эми Н. <i>Бордун</i> теориясы, Ж. <i>Франк</i> м-н Г. <i>Герцтин</i> тажрыйбалары атомдун нурлануусунун квант­тык мүнөздөмөсүн далилдеген. Теориянын | |||
өнүгүшүнүн кийинки этабы микробөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин байкоо м-н иш жүзүнө ашат. 1924- | |||
сандар м-н эмес, абстракттуу | |||
чыгат. Бул атомдук процесстерди жазуудагы | |||
жаңы ыкма болуп эсептелет. | |||
Ад.: <i>Шаршекеев</i> О. Ш. Квант теориясы. Б., 2001. | Ад.: <i>Шаршекеев</i> О. Ш. Квант теориясы. Б., 2001. | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
03:48, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КВАНТТЫК ТЕОРИЯ – илимде микродүйнө объектилеринин түзүлүшүн, кыймылын ж-а өз ара аракеттешүүсүн окутуп-үйрөтүүчү физикалык теория. Ал кванттык механика, кванттык статистика ж-а кванттык электрдинамика бөлүмдөрүн камтыйт. Электрондордун ж-а жарык кванттарынын касиеттеринин дал келишин изилдөө кванттык теорияны түзүүгө алып келген. Кванттык теориянын өнүгүүсүнүн алгачкы этаптары: А. Эйнштейндин фотоэлектр эффектисин түшүндүрүүсү, фотондордун таралуусу б-ча А. Комптондун нурлануунун кванттык мүнөзүн ачып көрсөтүүсү. Ал эми Н. Бордун теориясы, Ж. Франк м-н Г. Герцтин тажрыйбалары атомдун нурлануусунун кванттык мүнөздөмөсүн далилдеген. Теориянын өнүгүшүнүн кийинки этабы микробөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин байкоо м-н иш жүзүнө ашат. 1924-жылы франциялык физик Луи де Бройль бөлүкчөлөрдүн корпускулалык абалынан тышкары дагы толкундук касиети тууралуу айткан. Дүйнөлүк окумуштуулар М. Лауэ, У. Томсон, К. Девиссон ж-а Л. Жермердин тажрыйбалары бөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин далилдөөчү дифракция кубулушуна арналган. Кванттык теорияда материянын туруктуулугу ж-а өзгөрмөлүүлүгү, дискреттүүлүгү ж-а үзгүлтүксүздүгү анын негизги касиеттери болуп эсептелет. Кванттык теорияда микробөлүкчөлөрдүн кыймылы координаталардын ж-а убакыттын бир катар функциялары [\1(x, y, z, t] аркылуу жазылат (к. Толкун функциясы). Эркин микробөлүкчөлөрдүн негизги мүнөздөөчүлөрү энергия (Е) ж-а импульс (р). Кванттык теорияда закондордун негизги айырмачылыктары – символдордун сандар м-н эмес, абстракттуу математикалык түшүнүктөр – операторлор м-н белгилениши. Классикалык теориядан айырмаланган жаңы түшүнүктөр, башкача айтканда материянын корпускулалык (дискреттүү) ж-а толкундук (үзгүлтүксүз) касиеттери келип чыгат. Бул атомдук процесстерди жазуудагы жаңы ыкма болуп эсептелет.
Ад.: Шаршекеев О. Ш. Квант теориясы. Б., 2001.