КОМАНДОР АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОМАНДО́Р АРАЛДАРЫ Тынч океан м-н Беринг деңизинин чегинде. Камчатка крайында. Аянты 1,8 миң км2. Бийикт. 755 мге чейин. Төрт аралдан турат: Беринг, Медный, Топорков ж-а Арий Камень аскасы. Кристаллдык тоо тектерден түзүлгөн. Рельефине жапыз кырка тоолор ж-а массивдер мүнөздүү; алардын капталдары тик келип, дарыя, агын суулардын капчыгайлары м-н өтө тилмеленген. Жер титирөө болуп турат. Климаты субарктикалык океандык. Кышы жылуу, нымдуу, кар арбын түшөт, жайы салкын, бүркөк, катуу шамал болот. Августтун
орт. темп-расы 10°С, февралдыкы –4°С. Жылдык жаан-чачыны 1500 ммдей. Океан шалбаасы ж-а тоо тундрасы басымдуу; айрым өрөөндөрүндө жапалак тал, четин, таш кайың өсөт. Тыбыттуу ит балыктын, ышкырыктуу суу жолборстун жатагы; жээктери канаттуулардын түнөгү. Деңиз промысели, аңчылык чарбасы бар.
Калктуу пункту – Никольский (Беринг а-нда).
1741-ж. К. а-нда алгачкы жолу болгон капитан-командор В. Берингдин экспедициясынын урматына аталган.