КОЛХИДА ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛХИ́ДА ОЙДУҢУ , Р и о н и о й д у ң у Грузиянын батышында. Кара деңиз жээгин (Сухуми ж-а Кобулети ш-нын аралыгын), Риони ж-а Ингури д-нын төмөнкү агымдарын ээлейт. Батыштан чыгышка 100 км аралыкка созулат.
Үстү тегиз, деңизди көздөй жантайыңкы аллювий түздүгү. Бийикт. 150 мге чейин (чыгышында). Минералдуу суу булактары чыгат (Цхолтубо). Климаты нымдуу субтропиктик; кышы жумшак, жайы ысык; январдын орт. темп-расы
4,5–6°С, августтуку 23–24°С. Жаан-чачын жыл
мезгили б-ча бир калыпта мол (жылдык орт.
өлчөмү 1400–1900 мм) жаайт. Палеостоми көлү
бар. Ыраң-дүйүм чөптүү ж-а камыштуу саздак ландшафт басымдуу. Саздак жерлери кургатылууда. Реликт болуп эсептелген каңдагач (ольха) бадалдары өсөт. Көтөрүңкү жерлерин жазы жалбырактуу (лианалуу) ж-а дайыма жашыл бадалдуу токой ээлейт. Субтропик өсүмдүктөрү (цитрус, чай, тунг ж. б.) өстүрүлөт. Колхида коругу бар. Аймагында 1987-ж. алаамат суу каптоо болгон.
Ад.: Колхидская низменность: природные условия и социально-экономические аспекты / Под. ред. Г. Г. Сванидзе. Л., 1989.