КОЛОРАДО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛОРА́ДО – Түн. Америка Кордильерасынын ички тилкесиндеги плато, АКШнын түш.-батышында. Түн.-батышынан Чоң Бассейн, чыгыш ж-а түн.-чыгышынан Аскалуу тоолор, түштүгүнөн Мексика тайпак тоосунун ички аймактары м-н чектешет. Аянты 300 миң км2. Басымдуу бийикт. 1800–2500 м, эң бийик жери – Хамфрис-Пик тоосу (3861 м). К. кембрийге чейинки кристаллдык тектерден түзүлүп, үстүн палеозойдон палеогенге чейинки калың чөкмө тектер каптап жатат. Дарыя каньондору (шаңшаарлар) м-н тилмеленген (Колорадо д-ндагы Чоң Каньон ж. б.). Кайнозойдогу көтөрүлүүдөн вулканизм процесси жүрүп, дарыялар тоолорду жемире баштаган (Колорадо д-ндагы Чоң Каньондун пайда болушу). К-нун айрым жерлери супа сымал түзүлүштө, капталдары тик. Климаты субтропиктик, континенттик, кургак; жылдык жаан-чачыны 200–500 мм. Талаа ж-а чөл өсүмдүктөрү (суккуленттер кошо) басымдуу. К-нун түштүгүндө «түрдүү түстөгү» чөлдүү аймак жайгашкан; андагы үбөлөнүүдөн пайда болгон өтө ачык түстөгү (ак, кызыл, сары, кызгыл сары) тоо тектер ж-а эол процесстери рельефтин өзгөчө (көпүрө, үңкүр, дарбаза сымал) формаларын пайда кылат. Уран-ванадий кендүү ири аймак; о. эле полиметалл кенташтары ж-а алтын кендери бар.