КОКОН КӨТӨРҮЛҮШТӨРҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОКОН КӨТӨРҮЛҮШТӨРҮ – 19-к-дын 2-жарымында кыргыздардын Кокон хандыгына каршы күрөшү. Россиянын вассалына айланган (1868) Кокон хандыгы карамагындагы элден (Фергана өрөөнү, Памир-Алай аймагы) алык-салык алууну көбөйткөндүктөн, элдик көтөрүлүш башталган. Алгач 1871-ж. эрте жазда Сох өрөөнүндө жашаган кыргыздар Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Атабек башында турган 2 миң сарбаз көтөрүлүшчүлөрдү чегинтип, 12 кыргызды колго түшүрүп, дарга асышкан. Эзүүнүн күчөшүнөн улам Кокон хандыгынын кол алдында жашаган калк айласыз орустарга караган башка уезддерге көчө башташкан (мис., 1873-ж. Олуя-Ата уездине 800дөн ашык түтүн көчкөн), бирок орус бийлиги аларды кайра кайрып берген. К. к-нүн биринчи этабы (1873–74) Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы чыкса, орус аскеринин ага жардам беришине байланыштуу экинчи этабында (1875–76) ал хандык м-н кошо орус бийлигине каршы багытталган. Көтөрүлүшкө кыргыздардан башка өзбек, тажик, казак ж. б. элдер да катышкан. Кыргыздардын ичкилик уруусунан чыккан Искак Асан уулу К. к-нүн белгилүү жетекчилеринин бири болгон [к. Искактын көтөрүлүшү (1873–75)]. Анжияндык кыргыздарды Мамыр Мерген уулу, чаткалдыктарды Момун Шамырзак уулу жетектеген. Көтөрүлүштүн кысымынан адегенде Кудаяр хан, андан кийин такка отурган Насирдин качып барып, Түркстан генерал-губернаторлугунун кол алдына баш калкалоого аргасыз болгон. Көтөрүлүшчүлөр Коконду ээлеп алгандан кийин Кокон хандарынын өтүнүчүн канааттандырган падыша өкмөтү анын аймагына орус аскерин киргизүүгө уруксат берген. Ага карабастан, көтөрүлүш улана берген. 1875-ж. декабрдын аяк ченинде мыкты куралданган орус аскерлери Наманган ш-н, 1876-ж. январь айында Анжиян, Асаке, Үч-Коргон ш-н көтөрүлүшчүлөрдөн бошоткон. Ага туруштук бере албаган кыргыздар 1876-ж. Алай тоолоруна чегинген. 1876-ж. 8-февралда генералдар Г. А. Скобелев ж-а М. Д. Колпаковский Коконго кирген. 19-февралда Кокон хандыгынын Россия империясынын курамына киргени тууралуу расмий буйрук жарыяланган. Скобелев ж-а Витгейнштейн жүргүзгөн Алай экспедициясынын жыйынтыгында Абдылдабек жетектеген акыркы көтөрүлүшчүлөр 1876-ж.
жай айларында Афганстанга өтүп, натыйжада К. к. күчүн жоготкон (к. Кыргызстандын Россияга каратылышы).
Ад.: Терентьев М. А. История завоевания Средней Азии. Т. 1. СПб., 1906; Джамгирчинов Б. Очерк политической истории Киргизии XIX века. Ф., 1966; Плоских В. М. Киргизы и Кокандское ханство. Ф., 1977; Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., 1997; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004.
С. Наркеев.