КОЙЛУ ГРАФИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЙЛУ ГРАФИ́Т КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Ак- Суу р-нунда, Эңилчек кыш-нан 30 км аралыкта, Койлу өрөөнүнүн оң жээгинде, деңиз деңг.
3600–3700 м бийикте. Кен 1983–95-ж. изилденген. Байыркы метаморфизмделген калың катмардын ичинде, графиттешкен гранит-гнейс
линзасы м-н кендүү катмар, калыңдыгы 30–
100 м, уз. 3 км болгон графиттүү горизонтту түзөт. Графит кабаты 10 мден 500 мге жетип,
калыңдыгы 3–4 мден 20–75 мге чейин өзгөрөт.
Кабаттагы графиттин өлчөмү 1%тен 27%ке чейин. Иргелген концентратта графит 89%ке жетет. Изилдөөнүн негизинде (Украина ИА) алмаз күкүмү ж-а кристаллдары алынган. Арпа-Такыр участкасында графит кенташынын С1+С2 категориясы б-ча запасы 7717 миң т, графит –
268 миң т.