КОЖО-АШКАН ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЖО-АШКАН ӨРӨӨНҮ Алай кырка тоосу м-н Кулдук-Тоонун аралыгында. Баткен р-нунун аймагында. Аянты 120 км2, уз. 42 км, туурасы 12–30 км. Деңиз деңг. бийикт. 1800– 4000 м. Батышы кууш, тармактанган тик капчыгайлардан турат, чыгышы жазы. Өрөөндүн таманы антропоген мезгилинин аллювий, пролювий ж-а делювий сыяктуу борпоң тектеринен түзүлүп, капталдарында палеозойдун сланец, акиташ тектеринин зоокалары чыгып жатат. К.-А. ө. – тектон.-эрозиялык өрөөн. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 18°С, январдыкы –10...–15°Сге чейин; жылдык жаан-чачыны 350–500 мм. Суулары: Жылуу- Суу, Уялуу-Суу, Кулп. Курчаган тоолордун өрөөн
жак беттеринде 20дан ашык майда мөңгү бар. Ирилери: Уялуу-Суу, Кулп. Жылуу-Суу ж-а Уялуу-Суу сууларынын алабында (3000 м бийикте) 18ден ашык ысык (темп-расы 50°Сден жогору, курамында күкүрт басымдуу) булак
чыгат. Таманын маданий ландшафт ээлейт; андан жогору талаа (1800–2500 м), токой (2500–
3200 м) субальп, альп шалбаалуу талаа ж-а кар-мөңгү (3500 мден жогору) жатат. Шалы эгилет; жайлоо.