КЛИМАТ СЕЗОНДОРУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЛИ́МАТ СЕЗОНДОРУ – белгилери (жылуулук режими ж-а нымдуулук шарттары) м-н өзгөчөлөнгөн, бир нече айга созулган жыл мезгилдери. Экватор алкагында абанын темп-расынын жылдык амплитудасынын аздыгына ж-а туруктуу нымдуулугуна байланыштуу климаттык сезондуулук дээрлик байкалбайт. Мелүүн алкакта к ы ш, ж а з, ж а й ж-а к ү з, субэкватордук, тропиктик, бир аз субтропиктик алкактарда К. с. негизинен жаан-чачын режими б-ча к у рг а к (жаан-чачын өлчөмү аз) ж-а н ы м д у ус е з о н г о (жаан-чачын өлчөмү бир кыйла
арбын) бөлүнөт. Сезондордун алмашышы негизинен атм-нын жалпы циркуляция (циклон м-н антициклондордун сезондук аралашуусу) өзгөчөлүктөрү м-н шартталган. Уюлдук аймактарда кыш узакка созулуп, кыска болот, өтмө К. с. жок.