КЛЕЙН БЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЛЕЙН БЕТИ , К л е й н б ө т ө л к ө с ү – бир жактуу туюк бет.

К. б. үч өлчөмдүү мейкин­дикте эки жагы ачык түтүктү (а чийме) ийип, анын ичке учун түтүктүн каптал жагынан тешип өткөзүп ж-а жоон учун түтүктүн ичин көздөй, ичке учун сыртты көздөй кайрып, эки четки учта­рын бири бирине чаптаганда өзүн өзү кесүүчү К. б. алынат (б чийме). Өзүн өзү кеспөөчү К. б. 4 өлчөмдүү мейкиндикте гана болушу мүмкүн. К. б-нин ка­сиеттери топологияда текшери­лет. Бул бетти немис математи­ги Ф. Клейн (1874) изилдеген.