КЛАН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЛАН (кельтче clann – укум-тукум, урпак) – 1) кельт элдеринде уруктун, кээде уруунун аталышы; уруулук мамилелер ыдырай баштаган мезгилде – уруктун түпкү атасынын ысмын туткан кандаш бир туугандардын тобу. К. жерге болгон жалпы менчикти, уруулук түзүлүштүн башка салттарын (кан куумай, кепилдик) карманган. Шотландия м-н Уэльстин айрым аймактарында К. 19-к-га чейин сакталган; 2) чет элдик социалдык антропологияда «К.» термининин алгачкы мааниси патрилиниялык урукка карама-каршы келген матрилиниялык эгзогамдык ин-ттарды билдирет. Орус илиминде К. түшүнүгү: а) уруу термини м-н бирдей; б) уруулук жамаат же жамаат (Н. А. Бутиновдуку б-ча); в) патронимия терминине синоним, о. эле бир атадан тараган үй-бүлөлүк топ (М. В. Крюковдуку б-ча) катары да колдонулат. К. ж-дө: туугандардын биримдиктүү тобу мис., «Кеннеди кланы»), атүгүл максатташ адамдардын уюмдашкан тобу (мис., АКШда расисттик уюм Ку-клукскландык аталышынын келип чыгышы ж-дө бир божомол) ж. б. түшүнүктөр кеңири таралган.
Ад.: Крюков М. В. О соотношении родовой и
патронимической (клановой) организации // Советская этнография. 1967. ¹ 6; Мердок Дж. П. Социальная
структура. М., 2003.