КИЧИКУЛ ТУЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИЧИКУЛ ТУЗ КЕНИ Нарын обл-нун Жумгал р-нунда, Чаек кыш-нан 15 км, деңиз деңг. 1900– 2100 м бийикте. Неоген мезгилиндеги туздуу свитанын арасында, глауберит минералы бар линза сымал катмарча. Глаубериттүү текте натрий сульфатынын өлчөмү 19,74–24,72%. Катмарчанын калыңдыгы 35–40 м, кээ бир жерде 10,5 мге чейин жукарып, 1700 мге созулуп жатат. Туздуу свита бордуу. Бордун үч оксидинин өлчөмү 0,65%ти түзөт; булак сууларынын кургак калдыгында бордун өлчөмү 48,7–238,1 мг/л. Натрий сульфатын экон. арзан ыкма м-н ажыратуу технологиясын иштеп чыкса, кен хим. ө. ж-дын сырьё базасы боло алат. Тамак-ашка колдонууга жарабайт. Мал жесе болот. Болжолдуу ресурсу 47 миң т.