КАШКА БЕДЕ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАШКА БЕДЕ</b> (Melilotus) – чанактуулар туку­мундагы бир жылдык же эки жылдык өсүмдүк уруусу. 25тей түрү, | <b type='title'>КАШКА БЕДЕ</b> (Melilotus) – чанактуулар туку­мундагы бир жылдык же эки жылдык өсүмдүк уруусу. Кашка беденин 25тей түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө 12 түрү белгилүү. | ||
[[File:КАШКА БЕДЕ75.png | thumb | none]] | [[File:КАШКА БЕДЕ75.png | thumb | none]] | ||
Кашка беденин сабагы түз, бутактанып өсөт, жылмакай (бийиктиги 1,5–3 <i>м</i>че). Жалбы­рагы үчилтик, чети тарамдуу. Гүлү майда, чачы сымал, сары же ак. Чанагы сөлпү, кара же сары, уругу майда. 1000 данынын салмагы 1,7–1,9 <i>г.</i> Та­мыры чың, жерге 1,5–2 <i>м</i> терең кирет. Кургак­чылыкка, суукка чыдамдуу, топуракты анча тан­дабайт. Акиташтуу топуракта жакшы өсөт. Не­гизинен эки түрү – ак кашка беде ж-а сары же дары кашка беде көп эгилет. Тоютка негизинен ак кашка беде ай­далат. Курамында белок, витамин ж-а минерал туздар көп. Тоюттук сапаты жагынан кадимки бедеден калышпайт. Ак кашка беденин курамында 73,2% суу, 44% протеин, 0,5% май, 9,7% клет­чатка, 10,5% азотсуз зат, 1,7% күл бар. 100 <i>кг</i> кургак чөбүндө 44,0 тоют бирдиги, 11,6 <i>кг</i> сиңимдүү про­теин болот. Гектары­нан 200 <i>ц</i>ден түшүм алынат. Кашка беде балдуу өсүмдүк, бал аарыла­ры ар гектардан 200–500 <i>кг</i>га чейин бал топтойт. Кыргызстандын шор топурактуу жер­леринде өстүрүлөт. | |||
өсөт, жылмакай ( | |||
уругу майда. 1000 данынын | |||
өсүмдүк, бал аарыла­ры ар гектардан | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
11:56, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАШКА БЕДЕ (Melilotus) – чанактуулар тукумундагы бир жылдык же эки жылдык өсүмдүк уруусу. Кашка беденин 25тей түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө 12 түрү белгилүү.

Кашка беденин сабагы түз, бутактанып өсөт, жылмакай (бийиктиги 1,5–3 мче). Жалбырагы үчилтик, чети тарамдуу. Гүлү майда, чачы сымал, сары же ак. Чанагы сөлпү, кара же сары, уругу майда. 1000 данынын салмагы 1,7–1,9 г. Тамыры чың, жерге 1,5–2 м терең кирет. Кургакчылыкка, суукка чыдамдуу, топуракты анча тандабайт. Акиташтуу топуракта жакшы өсөт. Негизинен эки түрү – ак кашка беде ж-а сары же дары кашка беде көп эгилет. Тоютка негизинен ак кашка беде айдалат. Курамында белок, витамин ж-а минерал туздар көп. Тоюттук сапаты жагынан кадимки бедеден калышпайт. Ак кашка беденин курамында 73,2% суу, 44% протеин, 0,5% май, 9,7% клетчатка, 10,5% азотсуз зат, 1,7% күл бар. 100 кг кургак чөбүндө 44,0 тоют бирдиги, 11,6 кг сиңимдүү протеин болот. Гектарынан 200 цден түшүм алынат. Кашка беде балдуу өсүмдүк, бал аарылары ар гектардан 200–500 кгга чейин бал топтойт. Кыргызстандын шор топурактуу жерлеринде өстүрүлөт.