КАУЧУКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАУЧУКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР</b> – айрым органда­ры ж-а ткандары каучук пайда кылып, аны топтоочу өсүмдүктөр (гевея, көк сагыз ж. б.). | <b type='title'>КАУЧУКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР</b> – айрым органда­ры ж-а ткандары каучук пайда кылып, аны топтоочу өсүмдүктөр (гевея, көк сагыз ж. б.). Каучуктуу өсүмдүктөрдүн ар кандай тукумдарга кирген 1500дөн ашык түрү белгилүү, бирок азы гана өнөр жайында ке­ректелет. Каучуктуу өсүмдүктөр каучук топтолуучу ткандарына карата латекстик (каучук сүт ширесинде), хло­ренхималык (өркүн м-н жалбырактын жашыл тканында) ж-а паренхималык (сабак, тамырын­да) болуп бөлүнөт. Булардын ичинен латекстүү дарактарда (гевеяда) каучук өтө көп, оңой алы­нат, ал дүйнөдөгү алынуучу каучуктун 95%ин берет. Калган 5%и башка тропик дарактары­нан (сапиум, маннок, фикус, кастилла ж. б.) алынат. Латекстик каучуктуу өсүмдүктөр (тоо сагыз, көк сагыз ж. б.) мелүүн алкакта, КМШ өлкөлөрүндө '''ДА''' өсөт. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
11:22, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАУЧУКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР – айрым органдары ж-а ткандары каучук пайда кылып, аны топтоочу өсүмдүктөр (гевея, көк сагыз ж. б.). Каучуктуу өсүмдүктөрдүн ар кандай тукумдарга кирген 1500дөн ашык түрү белгилүү, бирок азы гана өнөр жайында керектелет. Каучуктуу өсүмдүктөр каучук топтолуучу ткандарына карата латекстик (каучук сүт ширесинде), хлоренхималык (өркүн м-н жалбырактын жашыл тканында) ж-а паренхималык (сабак, тамырында) болуп бөлүнөт. Булардын ичинен латекстүү дарактарда (гевеяда) каучук өтө көп, оңой алынат, ал дүйнөдөгү алынуучу каучуктун 95%ин берет. Калган 5%и башка тропик дарактарынан (сапиум, маннок, фикус, кастилла ж. б.) алынат. Латекстик каучуктуу өсүмдүктөр (тоо сагыз, көк сагыз ж. б.) мелүүн алкакта, КМШ өлкөлөрүндө ДА өсөт.