КАШКАР ТҮЗДҮГҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАШКАР ТҮЗДҮГҮ</b> , Т а р и м т ү з д ү г ү Батыш Кытайда, Теңир-Тоо, Памир, Куньлунь ж-а Бэйшань тоолору курчап турат. | <b type='title'>КАШКАР ТҮЗДҮГҮ</b> , Т а р и м т ү з д ү г ү Батыш Кытайда, Теңир-Тоо, Памир, Куньлунь ж-а Бэйшань тоолору курчап турат. Узундугу батыш­тан чыгышка 1200 <i>км</i>, туурасы 500 <i>км</i>, бийиктиги чыгышта 780 <i>м</i> (Лобнор көлүнө жакын), батыш­та 1500 <i>м</i>. Кашкар түздүгүнүн басымдуу бөлүгүн Такла- Макан кумдуу чөлү ээлейт. Тоо этектерин бой­лой шагыл ж-а кум-топурактуу чөкмөлөрдөн турган айдөөш делювий шилендилери жатат. Оёңдордо шор жерлер кездешет. Климаты мелүүн (жылуу, кескин континенттик, чөлдүү). Жайы ысык (июлдун орточо температурасы 25–26°Сге чейин), кышы кыска, аяздуу –20°С, карсыз. Жылдык жаан-чачыны 100 <i>мм</i>ден аз, көбүнчө жайында жаайт. Ири дарыялары: Тарим, Хотан, Каш­кар, Ак-Суу, Кончедарыя. Эң ири көлү – Лоб­нор (Тарим ж-а Кончедарыя төмөнкү агымда­рында нуктарын өзгөрткөндүктөн, көл орун ко­торуп турат). Чөл ландшафты үстөмдүк кылат. Дарыя өрөөндөрүндө тал, терек, бадалдар өсөт. Оазистерде ж-а тоо этектериндеги түздүктөрдө дыйканчылык ж-а жемиш багын өстүрүү өнүккөн. Кашкар түздүгүндө Кашкар, Ак-Суу, Жаркент (Яркент) шаарлары жайгашкан. | ||
чыгышта 780 <i>м</i> (Лобнор көлүнө жакын), батыш­та 1500 <i>м</i>. | |||
ысык (июлдун | |||
кышы кыска, аяздуу –20°С, карсыз. Жылдык | |||
жаан-чачыны 100 <i>мм</i>ден аз, көбүнчө жайында жаайт. Ири дарыялары: Тарим, Хотан, Каш­кар, Ак-Суу, Кончедарыя. Эң ири көлү – Лоб­нор (Тарим ж-а Кончедарыя төмөнкү агымда­рында нуктарын өзгөрткөндүктөн, көл орун ко­торуп турат). Чөл ландшафты үстөмдүк кылат. Дарыя өрөөндөрүндө тал, терек, бадалдар өсөт. Оазистерде ж-а тоо этектериндеги түздүктөрдө | |||
өнүккөн. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
09:56, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАШКАР ТҮЗДҮГҮ , Т а р и м т ү з д ү г ү Батыш Кытайда, Теңир-Тоо, Памир, Куньлунь ж-а Бэйшань тоолору курчап турат. Узундугу батыштан чыгышка 1200 км, туурасы 500 км, бийиктиги чыгышта 780 м (Лобнор көлүнө жакын), батышта 1500 м. Кашкар түздүгүнүн басымдуу бөлүгүн Такла- Макан кумдуу чөлү ээлейт. Тоо этектерин бойлой шагыл ж-а кум-топурактуу чөкмөлөрдөн турган айдөөш делювий шилендилери жатат. Оёңдордо шор жерлер кездешет. Климаты мелүүн (жылуу, кескин континенттик, чөлдүү). Жайы ысык (июлдун орточо температурасы 25–26°Сге чейин), кышы кыска, аяздуу –20°С, карсыз. Жылдык жаан-чачыны 100 ммден аз, көбүнчө жайында жаайт. Ири дарыялары: Тарим, Хотан, Кашкар, Ак-Суу, Кончедарыя. Эң ири көлү – Лобнор (Тарим ж-а Кончедарыя төмөнкү агымдарында нуктарын өзгөрткөндүктөн, көл орун которуп турат). Чөл ландшафты үстөмдүк кылат. Дарыя өрөөндөрүндө тал, терек, бадалдар өсөт. Оазистерде ж-а тоо этектериндеги түздүктөрдө дыйканчылык ж-а жемиш багын өстүрүү өнүккөн. Кашкар түздүгүндө Кашкар, Ак-Суу, Жаркент (Яркент) шаарлары жайгашкан.