КАРДИОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРДИОЛО́ГИЯ</b> (гр. kardia – жүрөк ж-а <i>...ло­гия</i>) – медицинанын жүрөк-кан тамыр система­сынын түзүлүшүн, функциясын, ооруларынын | <b type='title'>КАРДИОЛО́ГИЯ</b> (гр. kardia – жүрөк ж-а <i>...ло­гия</i>) – медицинанын жүрөк-кан тамыр система­сынын түзүлүшүн, функциясын, ооруларынын пайда болуу себебин диагноздоо, оорунун өтүшүн, дарылоо ж-а алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу бөлүмү. Кардиология жөнүндөгү маалыматтар байыркы адабияттардан белгилүү. 17–19-кылымдарда коро­нар кан айлануусу ачылып, <i>жүрөк кемтигинин</i> кээ бир түрү, <i>стенокардия</i> ж. б. оорулар бел­гилүү болгон. Франциялык врач Р. Лаэннек стетоскоп­тун жардамы м-н жүрөктүн согуу добушун угуу ыкмасын киргизип, көпчүлүк жүрөк оорулары­на диагноз коюуну жеңилдеткен (1819). 19–20-кылымдарда физиологиянын өнүгүшү, айрыкча И. М. <i>Се­ченов</i>, И. П. <i>Павлов</i> ж. б-дын эмгектери кардиологиянын андан ары өнүгүшүнө көмөк болгон. Голландиялык илим­поз В. Эйнтковен электрокардиография (1903), орус врачы Н. С. Коротков артерия кан басы­мын аныктоодо добушту угуу методун сунуш кылган. Азыркы кардиология эң татаал диагностикалык ж-а дарылоочу аппараттар м-н жабдылган. Жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоодо <i>рент­геноскопия, рентгенография,</i> ангиокардиогра­фия, электрокимография ж. б. методдор колдо­нулат. Техниканын жетишкендиктери ж-а диаг­ностиканын азыркы методдору жүрөккө опера­ция жасоого мүмкүнчүлүк түздү. 1967-жылы америкалык врач К. Барнард медицинанын тарыхын­да 1-жолу жүрөктү көчүрүү операциясын жаса­ган. Россияда жүрөк-кан тамырга А. Н. Баку­лев, Б. В. Петровский, А. А. Вишневский ж. б. операция жасашкан. Кыргызстанда биринчи жолу 1958-жылы И. К. <i>Ахунбаев</i> жүрөккө операция жаса­ган. 1977-жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек) кардиология ИИИ ачылган (азыр <i>Улуттук кардиология жана те­рапия борбору</i>). | ||
өтүшүн, дарылоо ж-а алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу бөлүмү. | |||
байыркы | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
12:11, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРДИОЛО́ГИЯ (гр. kardia – жүрөк ж-а ...логия) – медицинанын жүрөк-кан тамыр системасынын түзүлүшүн, функциясын, ооруларынын пайда болуу себебин диагноздоо, оорунун өтүшүн, дарылоо ж-а алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу бөлүмү. Кардиология жөнүндөгү маалыматтар байыркы адабияттардан белгилүү. 17–19-кылымдарда коронар кан айлануусу ачылып, жүрөк кемтигинин кээ бир түрү, стенокардия ж. б. оорулар белгилүү болгон. Франциялык врач Р. Лаэннек стетоскоптун жардамы м-н жүрөктүн согуу добушун угуу ыкмасын киргизип, көпчүлүк жүрөк ооруларына диагноз коюуну жеңилдеткен (1819). 19–20-кылымдарда физиологиянын өнүгүшү, айрыкча И. М. Сеченов, И. П. Павлов ж. б-дын эмгектери кардиологиянын андан ары өнүгүшүнө көмөк болгон. Голландиялык илимпоз В. Эйнтковен электрокардиография (1903), орус врачы Н. С. Коротков артерия кан басымын аныктоодо добушту угуу методун сунуш кылган. Азыркы кардиология эң татаал диагностикалык ж-а дарылоочу аппараттар м-н жабдылган. Жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоодо рентгеноскопия, рентгенография, ангиокардиография, электрокимография ж. б. методдор колдонулат. Техниканын жетишкендиктери ж-а диагностиканын азыркы методдору жүрөккө операция жасоого мүмкүнчүлүк түздү. 1967-жылы америкалык врач К. Барнард медицинанын тарыхында 1-жолу жүрөктү көчүрүү операциясын жасаган. Россияда жүрөк-кан тамырга А. Н. Бакулев, Б. В. Петровский, А. А. Вишневский ж. б. операция жасашкан. Кыргызстанда биринчи жолу 1958-жылы И. К. Ахунбаев жүрөккө операция жасаган. 1977-жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек) кардиология ИИИ ачылган (азыр Улуттук кардиология жана терапия борбору).