КАТЫНЬ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
|||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'> | <b type='title'>КАТЫНЬ</b> (Катынь токою) – Смоленск облусунда­гы 1940-жылдын жазында СССР ички иш­тер эл комиссариатынын (ИИЭК – НКВД) кыз­маткерлери тарабынан атылган, польшалык ин­сандар (айрыкча туткунга түшкөн поляк армия­сынын офицерлери) көмүлгөн жер. 1939-жылы августта СССР м-н фашисттик Германиянын ор- | ||
[[File:КАТ НЬ66.png | thumb | Катынь мемориал комплексинин салтанаттуу ачы­лышы.]] | [[File:КАТ НЬ66.png | thumb | Катынь мемориал комплексинин салтанаттуу ачы­лышы.]] | ||
| 6 сап: | 6 сап: | ||
[[File:КАТ НЬ67.png | thumb | Катынь комплексинин ритуал аянтчасы.]] | [[File:КАТ НЬ67.png | thumb | Катынь комплексинин ритуал аянтчасы.]] | ||
тосунда өз ара кол салбоо | тосунда өз ара кол салбоо жөнүндө пакт түзүлгөн. Пакт боюнча Польшанын батыш аймактары Гер­манияга, чыгыш аймактары СССРге карамак болгон. 1939-жылы сентябрда Германия Польшага кол салып, 10 күндө караткан. Румынияга кач­кан Польша өкмөтү туткунга алынып, эркин­диги чектелген. 1939-жылы Кызыл Армия Украи­на, Беларуссиянын батыш аймактарын ж-а Польшанын чыгыш аймактарын караткан. Кызыл Армияга каршылык көрсөткөн поляк офицерлери, интеллигенция өкүлдөрү туткунга алынып, түрмөгө, лагерлерге камалып, 1940-жылы ИИЭК кызматкерлери тарабынан Катынь токо­юнда (Беларуссия) атылган. 1943-жылы жергиликтүү эл­дин маалыматы боюнча атылгандардын сөөктөрүн Катынь токоюнан поляктар тапкан. Совет бий­лиги 1990-жылга чейин Катынга тиешеси жок экендигин билдирип, бүт жоопкерчиликти Гер- | ||
манияга жүктөгөн. 1990- | манияга жүктөгөн. 1990-жылы СССРдин башкы аскер прокуратурасы тарабынан Катынь жөнүндө иш коз­голуп, ал 2004-жылы жабылган. 183 томдон тур­ган Катынь жөнүндөгү иштин ичинен РФ 67 томду гана Польшага берип, калган 116 том РФтин мамлекеттик сыры катары эсептелгендиктен, Польшага бе­рилген эмес. Архив документтери боюнча Батыш Украина м-н Батыш Беларуссияда жалпысынан 21857 киши атылган, анын ичинде Катынь токоюнда 4 421, Харьковдо 3 820, Калининде 6 311 ж-а лагерлер м-н түрмөлөрдө 7 305 киши өлгөн. Тут­кунга түшкөндөрдүн арасында келечектеги Польшанын президенти Войцех Ярузельский, Израилдин премьер-министри Менахем Бегин да болгон. Катынь Польша м-н Россиянын мамилеле­рине терс таасир тийгизген. 1989-жылы Катынь мемо­риал комплекси орнотулган. | ||
сыры катары эсептелгендиктен, Польшага бе­рилген эмес. Архив документтери | |||
<p align='right'><i type='author'>Т. Жоробеков.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Т. Жоробеков.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
05:23, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАТЫНЬ (Катынь токою) – Смоленск облусундагы 1940-жылдын жазында СССР ички иштер эл комиссариатынын (ИИЭК – НКВД) кызматкерлери тарабынан атылган, польшалык инсандар (айрыкча туткунга түшкөн поляк армиясынын офицерлери) көмүлгөн жер. 1939-жылы августта СССР м-н фашисттик Германиянын ор-


тосунда өз ара кол салбоо жөнүндө пакт түзүлгөн. Пакт боюнча Польшанын батыш аймактары Германияга, чыгыш аймактары СССРге карамак болгон. 1939-жылы сентябрда Германия Польшага кол салып, 10 күндө караткан. Румынияга качкан Польша өкмөтү туткунга алынып, эркиндиги чектелген. 1939-жылы Кызыл Армия Украина, Беларуссиянын батыш аймактарын ж-а Польшанын чыгыш аймактарын караткан. Кызыл Армияга каршылык көрсөткөн поляк офицерлери, интеллигенция өкүлдөрү туткунга алынып, түрмөгө, лагерлерге камалып, 1940-жылы ИИЭК кызматкерлери тарабынан Катынь токоюнда (Беларуссия) атылган. 1943-жылы жергиликтүү элдин маалыматы боюнча атылгандардын сөөктөрүн Катынь токоюнан поляктар тапкан. Совет бийлиги 1990-жылга чейин Катынга тиешеси жок экендигин билдирип, бүт жоопкерчиликти Гер-
манияга жүктөгөн. 1990-жылы СССРдин башкы аскер прокуратурасы тарабынан Катынь жөнүндө иш козголуп, ал 2004-жылы жабылган. 183 томдон турган Катынь жөнүндөгү иштин ичинен РФ 67 томду гана Польшага берип, калган 116 том РФтин мамлекеттик сыры катары эсептелгендиктен, Польшага берилген эмес. Архив документтери боюнча Батыш Украина м-н Батыш Беларуссияда жалпысынан 21857 киши атылган, анын ичинде Катынь токоюнда 4 421, Харьковдо 3 820, Калининде 6 311 ж-а лагерлер м-н түрмөлөрдө 7 305 киши өлгөн. Туткунга түшкөндөрдүн арасында келечектеги Польшанын президенти Войцех Ярузельский, Израилдин премьер-министри Менахем Бегин да болгон. Катынь Польша м-н Россиянын мамилелерине терс таасир тийгизген. 1989-жылы Катынь мемориал комплекси орнотулган.
Т. Жоробеков.