КАСЫМ ХАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАСЫМ ХАНДЫГЫ</b> – Москва княздары түзгөн | <b type='title'>КАСЫМ ХАНДЫГЫ</b> – Москва княздары түзгөн уделдик княздык. Ал орустарга кызмат кылуу­га өткөн татар хандары үчүн атайы түзүлгөн. 15-кылымдын ортосунда Москва улуу князы Васи­лий II Тёмный Алтын Ордо ханы Улук-Мухам­меддин уулу, Казан ханзаадасы Касымхандын урматына Городец-Мещерскийди (Хан-Керман) Касым шаары деп атаган. Касым хандыгы мещера, мордва, та­тарлар ж. б. жашаган Ока дарыясынын аймагын (азыр­кы Рязань облусунун түндүк-чыгыш бөлүгү) ээлеген. Касым хандыгынын падышасына орус жарандыгына өткөн, орус падышаларынын жактыруусуна ээ болгон гана татар ак сөөктөрү дайындалган. Касым хандыгынын жеке династиясы болгон эмес. Көп учурда алар ханзаада деген эле наам м-н башкарышкан. Касым хандыгына хандык наам 1570-жылдан баштап бе­риле баштаган ж-а ар кайсы мезгилде аны Чоң Ордо, Крым, Сибирь хандыктарына тийиштүү династиялардын өкүлдөрү башкарып, ага мусул­ман Чыңгыз тукуму гана укуктуу болгон. Ка­зан хандыгынын Орус мамлекетине кошулушу (1552) м-н Касым хандыгынын бедели төмөндөп, иш жү­зүндө Москва воеводалары башкарып, падыша м-н ханзаадалар аскер кызматындагы жер ээлөөчүлөргө айланган. <i>Иван IV</i>нүн тушунда Касым хандыгы өзүнүн саясий маанисин жоготуп, 1681-жылы өкүмдары Фатами-Султан өлгөндөн кийин би­ротоло жоюлган. | ||
уделдик княздык. Ал орустарга кызмат кылуу­га өткөн татар хандары үчүн атайы түзүлгөн. 15- | |||
жеке династиясы болгон эмес. Көп учурда алар ханзаада деген эле наам м-н башкарышкан. | |||
өкүмдары Фатами-Султан өлгөндөн кийин би­ротоло жоюлган. | |||
Ад.: <i>Вельяминов-Зернов В. В.</i> Исследования о ка­симовских царях и царевичах. СПб., 1864; <i>Бар­тольд В. В.</i> Работы по исторической географии. Собр., Т. 3. М., 1965. | Ад.: <i>Вельяминов-Зернов В. В.</i> Исследования о ка­симовских царях и царевичах. СПб., 1864; <i>Бар­тольд В. В.</i> Работы по исторической географии. Собр., Т. 3. М., 1965. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
10:27, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАСЫМ ХАНДЫГЫ – Москва княздары түзгөн уделдик княздык. Ал орустарга кызмат кылууга өткөн татар хандары үчүн атайы түзүлгөн. 15-кылымдын ортосунда Москва улуу князы Василий II Тёмный Алтын Ордо ханы Улук-Мухаммеддин уулу, Казан ханзаадасы Касымхандын урматына Городец-Мещерскийди (Хан-Керман) Касым шаары деп атаган. Касым хандыгы мещера, мордва, татарлар ж. б. жашаган Ока дарыясынын аймагын (азыркы Рязань облусунун түндүк-чыгыш бөлүгү) ээлеген. Касым хандыгынын падышасына орус жарандыгына өткөн, орус падышаларынын жактыруусуна ээ болгон гана татар ак сөөктөрү дайындалган. Касым хандыгынын жеке династиясы болгон эмес. Көп учурда алар ханзаада деген эле наам м-н башкарышкан. Касым хандыгына хандык наам 1570-жылдан баштап бериле баштаган ж-а ар кайсы мезгилде аны Чоң Ордо, Крым, Сибирь хандыктарына тийиштүү династиялардын өкүлдөрү башкарып, ага мусулман Чыңгыз тукуму гана укуктуу болгон. Казан хандыгынын Орус мамлекетине кошулушу (1552) м-н Касым хандыгынын бедели төмөндөп, иш жүзүндө Москва воеводалары башкарып, падыша м-н ханзаадалар аскер кызматындагы жер ээлөөчүлөргө айланган. Иван IVнүн тушунда Касым хандыгы өзүнүн саясий маанисин жоготуп, 1681-жылы өкүмдары Фатами-Султан өлгөндөн кийин биротоло жоюлган.
Ад.: Вельяминов-Зернов В. В. Исследования о касимовских царях и царевичах. СПб., 1864; Бартольд В. В. Работы по исторической географии. Собр., Т. 3. М., 1965.