КАРА САН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА САН</b> – малды калтыратып, булчуң этте­рин шишитип, карартып жиберүүчү жугуштуу ылаң. Ылаңдаткычы – анаэробдук шартта | <b type='title'>КАРА САН</b> – малды калтыратып, булчуң этте­рин шишитип, карартып жиберүүчү жугуштуу ылаң. Ылаңдаткычы – анаэробдук шартта өсүүчү таякча түрүндөгү бактерия. Узундугу 2–8 <i>мкм</i>, туурасы 0,6–1,0 <i>мкм</i>. Капсуласы жок, чөйрөдө спора пайда кылат. Спорасы түрдүү шарттарга чыдамдуу келет, топуракта бир канча жылга, малдын тарпында, кыкта 6 айга чейин сакта­лат. Көбүнчө 3 айдан 4 жашка чейинки бодо, уяң, кылчык жүндүү ж-а эт, жүн багытындагы койлор ылаңдайт. Меринос тукумундагы ж-а кылчык жүндүү жергиликтүү койлор ылаңга туруктуу келет. Ылаң козгогучунун булагы – ылаңдаган мал. Ылаң көбүнчө тамак сиңирүү жолу (али­ментардык), ошондой эле жараланган тери аркылуу жугат. Ылаңдын жашруун мезгили 6–24 <i>с</i>, кээде 5 күнгө созулат. Бул ылаң негизинен курч өтөт. Дартка чалдыккан булчуң эт шишип, башында ысып, чыңалып чыгат. Шишиктин үстүндөгү тери кургап, бир нече сааттан кийин карарып кетет, булчуңдарга газ толгондуктан, басканда чырт эткен үн чыгат. Кээде септикалык форма­да курч өтөт. Мындай малдын деми кыстыгат, калтырайт, аксайт, оозунан көбүктөнгөн шиле­кей агат, тиштерин кычыратат, ичи көбөт. Ылаң 6–24 <i>с</i> ичинде малдын өлүмү м-н аяктайт. Кээде гана ылаң 2–3 күнгө дейре созулат. Ылаңды эпи­зоотологиялык маалыматтардын, клиникалык белги­лердин, патанатомдук өзгөрүүлөрдүн ж-а лабораториялык изил­дөөлөрдүн негизинде аныктайт. Кара санды <i>сибирь кулгунасынан</i> ж-а килең шишигинен айырма­лоо зарыл. Кара санга эрте диагноз коюп, дарылоо кечиктирилбей башталса гана ийгиликке же­тишүүгө болот. Ылаң байкалган жерде кара санга каршы концентрацияланган формолвакцина (өлүү) же тирүү вакцина колдонулат. Ылаң чыккан чарбаларга <i>карантин</i> коюлат. Кара сан Кыргызстанда да кездешет. | ||
өсүүчү таякча түрүндөгү бактерия. | |||
туурасы 0,6–1,0 <i>мкм</i>. Капсуласы жок, чөйрөдө | |||
спора пайда кылат. Спорасы түрдүү шарттарга | |||
чыдамдуу келет, топуракта бир канча жылга, малдын тарпында, кыкта 6 айга чейин сакта­лат. Көбүнчө 3 айдан 4 жашка чейинки бодо, уяң, кылчык жүндүү ж-а эт, жүн багытындагы койлор ылаңдайт. Меринос тукумундагы ж-а кылчык жүндүү | |||
келет. Ылаң козгогучунун булагы – ылаңдаган | |||
мал. Ылаң көбүнчө тамак сиңирүү жолу (али­ментардык), | |||
жугат. Ылаңдын | |||
күнгө созулат. Бул ылаң негизинен курч өтөт. Дартка чалдыккан булчуң эт шишип, башында ысып, чыңалып чыгат. Шишиктин үстүндөгү тери кургап, бир нече сааттан кийин карарып кетет, булчуңдарга газ толгондуктан, басканда | |||
чырт эткен үн чыгат. Кээде септикалык форма­да курч өтөт. Мындай малдын деми кыстыгат, калтырайт, аксайт, оозунан көбүктөнгөн шиле­кей агат, тиштерин кычыратат, ичи көбөт. Ылаң | |||
6–24 <i>с</i> ичинде малдын өлүмү м-н аяктайт. Кээде | |||
гана ылаң 2–3 күнгө дейре созулат. Ылаңды эпи­ | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
05:13, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА САН – малды калтыратып, булчуң эттерин шишитип, карартып жиберүүчү жугуштуу ылаң. Ылаңдаткычы – анаэробдук шартта өсүүчү таякча түрүндөгү бактерия. Узундугу 2–8 мкм, туурасы 0,6–1,0 мкм. Капсуласы жок, чөйрөдө спора пайда кылат. Спорасы түрдүү шарттарга чыдамдуу келет, топуракта бир канча жылга, малдын тарпында, кыкта 6 айга чейин сакталат. Көбүнчө 3 айдан 4 жашка чейинки бодо, уяң, кылчык жүндүү ж-а эт, жүн багытындагы койлор ылаңдайт. Меринос тукумундагы ж-а кылчык жүндүү жергиликтүү койлор ылаңга туруктуу келет. Ылаң козгогучунун булагы – ылаңдаган мал. Ылаң көбүнчө тамак сиңирүү жолу (алиментардык), ошондой эле жараланган тери аркылуу жугат. Ылаңдын жашруун мезгили 6–24 с, кээде 5 күнгө созулат. Бул ылаң негизинен курч өтөт. Дартка чалдыккан булчуң эт шишип, башында ысып, чыңалып чыгат. Шишиктин үстүндөгү тери кургап, бир нече сааттан кийин карарып кетет, булчуңдарга газ толгондуктан, басканда чырт эткен үн чыгат. Кээде септикалык формада курч өтөт. Мындай малдын деми кыстыгат, калтырайт, аксайт, оозунан көбүктөнгөн шилекей агат, тиштерин кычыратат, ичи көбөт. Ылаң 6–24 с ичинде малдын өлүмү м-н аяктайт. Кээде гана ылаң 2–3 күнгө дейре созулат. Ылаңды эпизоотологиялык маалыматтардын, клиникалык белгилердин, патанатомдук өзгөрүүлөрдүн ж-а лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде аныктайт. Кара санды сибирь кулгунасынан ж-а килең шишигинен айырмалоо зарыл. Кара санга эрте диагноз коюп, дарылоо кечиктирилбей башталса гана ийгиликке жетишүүгө болот. Ылаң байкалган жерде кара санга каршы концентрацияланган формолвакцина (өлүү) же тирүү вакцина колдонулат. Ылаң чыккан чарбаларга карантин коюлат. Кара сан Кыргызстанда да кездешет.