ДҮПКҮР–КАМБАР-АТА КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДҮПКҮР–КАМБАР-АТА КАПЧЫГАЙЫ''' Ички | '''ДҮПКҮР–КАМБАР-АТА КАПЧЫГАЙЫ''' Ички Теңир-Тоодо. Түштүгүнөн Орто-Тоо (бийиктиги 2020 ''м''), Көгирим-Тоо (3323 ''м''), чыгышынан Молдо-Тоо, түндүгүнөн Сары-Камыш, Куча, Сан­таш, Суук-Дөбө (3453 ''м'') тоолору, ошондой эле тектоникалык жарака менен чектешет. Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун аймагында. Узундугу 110 ''км'', туурасы 1– 2 ''км''ден 5 ''км''ге чейин; таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги баш жагында 1200 ''м'', этегинде 900 ''м''. Капчыгай түштүктөн түндүк-батышты карай созу­луп, геоморфологиялык жактан экиге бөлүнөт: баш жагы меридиан багытындагы антецеденттик өрөөн; экинчи бөлүгү Көкөмерендин чатынан Камбар-Атанын чатына чейин кеңдик багытта созулат; мында Нарын дарыясы терең синклинорий­дин таманы менен өтүп, батышты карай кескин бурулат да, нугу кууштап ийри-буйру агат. Да­рыя түпкү тоо тектерди кесип өткөн жерлерин каньон, капчыгай, шаңшаарлар, аскалуу тик жээктер, жайык бөлүктөрүн тектирлер ээлейт. Капчыгайда негизинен гранит, кумдук, конг­ломерат, мергель, сланец, акиташ теги, алевро­лит, андезиттүү порфирит жана башка тоо тектер жа­тат. Капчыгайдын аймагында Нарын дарыясына Көкө­мерен, Тоолук (оң куймалары), Жоон-Терек, Ту­рук, Кайыңды, Камбар-Ата (сол) суулары куят. Жарым-Чөл (1250 ''м'' бийиктикке чейин) кургак талаа жана бадал (1200–1500 ''м''), айрым жерле­ринде бадал өсүмдүктөрү, сейрек токой (арча-ка­рагай) аралаш шалбаалуу талаа (1500–2300 ''м'') ландшафты басымдуу. Капчыгай гидротехникалык ку­рулмаларга өтө ыңгайлуу; төмөнкү бөлүгүндө Камбар-Ата ГЭСи курулган (2008). [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
Теңир-Тоодо. Түштүгүнөн Орто-Тоо ( | |||
өрөөн; экинчи бөлүгү Көкөмерендин чатынан | |||
Камбар-Атанын чатына чейин кеңдик багытта созулат; мында Нарын | |||
жээктер, жайык бөлүктөрүн тектирлер ээлейт. | |||
09:49, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДҮПКҮР–КАМБАР-АТА КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңир-Тоодо. Түштүгүнөн Орто-Тоо (бийиктиги 2020 м), Көгирим-Тоо (3323 м), чыгышынан Молдо-Тоо, түндүгүнөн Сары-Камыш, Куча, Санташ, Суук-Дөбө (3453 м) тоолору, ошондой эле тектоникалык жарака менен чектешет. Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун аймагында. Узундугу 110 км, туурасы 1– 2 кмден 5 кмге чейин; таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги баш жагында 1200 м, этегинде 900 м. Капчыгай түштүктөн түндүк-батышты карай созулуп, геоморфологиялык жактан экиге бөлүнөт: баш жагы меридиан багытындагы антецеденттик өрөөн; экинчи бөлүгү Көкөмерендин чатынан Камбар-Атанын чатына чейин кеңдик багытта созулат; мында Нарын дарыясы терең синклинорийдин таманы менен өтүп, батышты карай кескин бурулат да, нугу кууштап ийри-буйру агат. Дарыя түпкү тоо тектерди кесип өткөн жерлерин каньон, капчыгай, шаңшаарлар, аскалуу тик жээктер, жайык бөлүктөрүн тектирлер ээлейт. Капчыгайда негизинен гранит, кумдук, конгломерат, мергель, сланец, акиташ теги, алевролит, андезиттүү порфирит жана башка тоо тектер жатат. Капчыгайдын аймагында Нарын дарыясына Көкөмерен, Тоолук (оң куймалары), Жоон-Терек, Турук, Кайыңды, Камбар-Ата (сол) суулары куят. Жарым-Чөл (1250 м бийиктикке чейин) кургак талаа жана бадал (1200–1500 м), айрым жерлеринде бадал өсүмдүктөрү, сейрек токой (арча-карагай) аралаш шалбаалуу талаа (1500–2300 м) ландшафты басымдуу. Капчыгай гидротехникалык курулмаларга өтө ыңгайлуу; төмөнкү бөлүгүндө Камбар-Ата ГЭСи курулган (2008).