КАРОТАЖ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРОТА́Ж</b> (фр. сarotte – сабиз) – жер кырты­шынын терең бөлүгүндөгү тоо тек катмарларын | <b type='title'>КАРОТА́Ж</b> (фр. сarotte – сабиз) – жер кырты­шынын терең бөлүгүндөгү тоо тек катмарларын ж-а пайдалуу кендерди аныктоо үчүн бургулоо көзөнөктөрүндө (скважинада) жүргүзүлүүчү гео­физикалык ыкма. Негизинен тектердин литологиялык, пет­рографиялык өзгөчөлүктөрүнө, физикалык касиеттерине негиз­делген. Мында геофизикалык аспаптар кабель м-н кө­зөнөккө түшүрүлүп, тоо тектеринин касиеттерине байланыштуу маалыматтар алынат. Маалымат автомашинага орнотулган аппаратка диаграм­ма же сан түрүндө берилет. Аны анализдеп, тоо тектерди катмарларга бөлүүгө болот. Тоо тек­тердин физикалык касиеттерине жараша каротаж ыкмасы төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: 1) электр каротажы тоо тектердин электр өткөрүү касиеттерин, каршы­лык көрсөтүүлөрүн, табигый электр токторун аныктайт; 2) радиоактивдүү (ядролук) каротаж тоо тек­теринин табигый радиоактивдүүлүгүн, нейтрон­дордун тыгыздыктарын экинчи жолу пайда бо­луучу гамма нурларды изилдейт; 3) терм каротажы бургулоо көзөнөктөрүндөгү температураны өлчөйт; 4) акустикалык (ультра үн) каротажы тоо тектеринде үн толкундарынын таралуу ылдамдыктарына ж-а алардын жок болуп кетишине байкоо жүр­гүзөт; 5) магниттик каротаж тоо тектеринин магнит­тик касиеттерин, табигый магниттүүлүктөрдү иликтейт. Каротаж жүргүзүү м-н бургулоо көзөнөгүн­дөгү тоо тектердин катмарлары салыштырылат. Литологиялык курамы, калыңдыгы аныкталат. Пайдалуу кендердин (нефть, газ, көмүр, кенташ, курулуш материалы ж. б.) өлчөмү, саны эсепте­лет. Нефть, газ иштетүү жумуштары көзөмөлгө алынат. Нефть м-н газ кендерин изилдөөдө, те­рең бургуланган көзөнөктөр боюнча геологиялык докумен­тация жүргүзүүдө зор роль ойнойт. | ||
ж-а пайдалуу кендерди аныктоо үчүн бургулоо | |||
көзөнөктөрүндө (скважинада) жүргүзүлүүчү гео­ | |||
4) акустикалык (ультра үн) | |||
үн толкундарынын таралуу ылдамдыктарына ж-а алардын жок болуп кетишине байкоо жүр­гүзөт; 5) магниттик | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
08:03, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРОТА́Ж (фр. сarotte – сабиз) – жер кыртышынын терең бөлүгүндөгү тоо тек катмарларын ж-а пайдалуу кендерди аныктоо үчүн бургулоо көзөнөктөрүндө (скважинада) жүргүзүлүүчү геофизикалык ыкма. Негизинен тектердин литологиялык, петрографиялык өзгөчөлүктөрүнө, физикалык касиеттерине негизделген. Мында геофизикалык аспаптар кабель м-н көзөнөккө түшүрүлүп, тоо тектеринин касиеттерине байланыштуу маалыматтар алынат. Маалымат автомашинага орнотулган аппаратка диаграмма же сан түрүндө берилет. Аны анализдеп, тоо тектерди катмарларга бөлүүгө болот. Тоо тектердин физикалык касиеттерине жараша каротаж ыкмасы төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: 1) электр каротажы тоо тектердин электр өткөрүү касиеттерин, каршылык көрсөтүүлөрүн, табигый электр токторун аныктайт; 2) радиоактивдүү (ядролук) каротаж тоо тектеринин табигый радиоактивдүүлүгүн, нейтрондордун тыгыздыктарын экинчи жолу пайда болуучу гамма нурларды изилдейт; 3) терм каротажы бургулоо көзөнөктөрүндөгү температураны өлчөйт; 4) акустикалык (ультра үн) каротажы тоо тектеринде үн толкундарынын таралуу ылдамдыктарына ж-а алардын жок болуп кетишине байкоо жүргүзөт; 5) магниттик каротаж тоо тектеринин магниттик касиеттерин, табигый магниттүүлүктөрдү иликтейт. Каротаж жүргүзүү м-н бургулоо көзөнөгүндөгү тоо тектердин катмарлары салыштырылат. Литологиялык курамы, калыңдыгы аныкталат. Пайдалуу кендердин (нефть, газ, көмүр, кенташ, курулуш материалы ж. б.) өлчөмү, саны эсептелет. Нефть, газ иштетүү жумуштары көзөмөлгө алынат. Нефть м-н газ кендерин изилдөөдө, терең бургуланган көзөнөктөр боюнча геологиялык документация жүргүзүүдө зор роль ойнойт.