КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫ</b> (Beta vulgaris L. var. saccharifera) – өсүмдүктөрдүн шакардуулар ту­кумунун <i>кызылча</i> уруусунун бир түрү; кант алы­нуучу эки жылдык техникалык өсүмдүк. Биринчи жылы түбүнөн жалбырак, ширелүү, канттуу азык-та­мыр пайда болот. Кант кызылчасынын тамыры жоон, не­гизги мөмө тамырынан жыш каптал тамырла­ры 100 <i>см</i>ге чейин топуракка сойлоп өсөт. Са­бактуу жалбырагы тамырынан өсүп, жазы бо­лот. Экинчи жылы жалбырак моюнчасындагы бүчүрдөн гүл сабагы өсүп чыгат. Кант кызылчасынын паренхима тканында кант жыйналып, ал азык­тамырдын орто (жоон) жеринде көп (17–18%) болот. Аба ырайынын ыңгайлуу шартында уругу 6–8 күндө өсүп чыгат. Ар бир түп 7ге жакын жалбырак байлап, анын өсүү убагы 25–70 күнгө созулат. Вегетация мезгилинин ортосунда жал­бырагы м-н тамыр системасы өсүп, кант аз топ­толот, экинчи жарымында кызылчада кургак зат, көбүнчө кант көп пайда болот. | <b type='title'>КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫ</b> (Beta vulgaris L. var. saccharifera) – өсүмдүктөрдүн шакардуулар ту­кумунун <i>кызылча</i> уруусунун бир түрү; кант алы­нуучу эки жылдык техникалык өсүмдүк. Биринчи жылы түбүнөн жалбырак, ширелүү, канттуу азык-та­мыр пайда болот. Кант кызылчасынын тамыры жоон, не­гизги мөмө тамырынан жыш каптал тамырла­ры 100 <i>см</i>ге чейин топуракка сойлоп өсөт. Са­бактуу жалбырагы тамырынан өсүп, жазы бо­лот. Экинчи жылы жалбырак моюнчасындагы бүчүрдөн гүл сабагы өсүп чыгат. Кант кызылчасынын паренхима тканында кант жыйналып, ал азык-­тамырдын орто (жоон) жеринде көп (17–18%) болот. Аба ырайынын ыңгайлуу шартында уругу 6–8 күндө өсүп чыгат. Ар бир түп 7ге жакын жалбырак байлап, анын өсүү убагы 25–70 күнгө созулат. Вегетация мезгилинин ортосунда жал­бырагы м-н тамыр системасы өсүп, кант аз топ­толот, экинчи жарымында кызылчада кургак зат, көбүнчө кант көп пайда болот. | ||
[[File:КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫ25.png | thumb | none]] | [[File:КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫ25.png | thumb | none]] | ||
Июль – сен­тябрь айларында жалбырак м-н тамырдын өсүшү басаңдап, канттуулугу артат. Кант кызылчасы чирин­ди катмары калың ж-а агрофизикалык касиети жого­ру кара топуракта жакшы өсүп, арбын түшүм берет. Кара топураксыз аянтта деле органикалык ж-а минерал жер семирткичтер м-н кошумча азык­тандыруу аркылуу мол түшүм алууга болот.<br>Кант кызылчасы – тамак өнөр жайынын баалуу сырьёсу. Андан канттан башка тоют (топ, шире ж-а жалбырак) да алынат. Кант кызылчасынан алынуучу кант дүйнөдө алынган канттын 30%ин түзөт. Кант кызылчасында 75% суу, 25% кургак зат (анын ичинде кант 23%), 2,5% клетчатка, 2,5% пектин, 0,8% фрук­тоза м-н глюкоза ж-а 1,1% азотсуз зат болот. Кыргызстанда ал 1925-жылдан баштап айдала баштаган. Алгачкы мезгилде аз тү­шүм жыйналган. Кийин агротехникалык эрежелерди сак­тоонун, техниканы, мине­ралдык ж-а органикалык жер се­мирткичтерди колдонуунун натыйжасында түшүм арбып, аянты да көбөйгөн. Кант кызылчасы республика­нын шартында гектарынан 300–350 <i>ц</i> түшүм алыш үчүн 200 <i>кг</i>га жакын азот, 40 <i>кг</i> фосфор ж-а 150–200 <i>кг</i> калий талап кылынат. Кыргызстан­да Кыргыз полигибриди 18, Кыргыздын бир уруктуу-25, Бийск-52, Романовдун бир уруктуу- 32 ж. б. сорттору себилет. | Июль – сен­тябрь айларында жалбырак м-н тамырдын өсүшү басаңдап, канттуулугу артат. Кант кызылчасы чирин­ди катмары калың ж-а агрофизикалык касиети жого­ру кара топуракта жакшы өсүп, арбын түшүм берет. Кара топураксыз аянтта деле органикалык ж-а минерал жер семирткичтер м-н кошумча азык­тандыруу аркылуу мол түшүм алууга болот. <br>Кант кызылчасы – тамак өнөр жайынын баалуу сырьёсу. Андан канттан башка тоют (топ, шире ж-а жалбырак) да алынат. Кант кызылчасынан алынуучу кант дүйнөдө алынган канттын 30%ин түзөт. Кант кызылчасында 75% суу, 25% кургак зат (анын ичинде кант 23%), 2,5% клетчатка, 2,5% пектин, 0,8% фрук­тоза м-н глюкоза ж-а 1,1% азотсуз зат болот. Кыргызстанда ал 1925-жылдан баштап айдала баштаган. Алгачкы мезгилде аз тү­шүм жыйналган. Кийин агротехникалык эрежелерди сак­тоонун, техниканы, мине­ралдык ж-а органикалык жер се­мирткичтерди колдонуунун натыйжасында түшүм арбып, аянты да көбөйгөн. Кант кызылчасы республика­нын шартында гектарынан 300–350 <i>ц</i> түшүм алыш үчүн, ар бир гектарга 200 <i>кг</i>га жакын азот, 40 <i>кг</i> фосфор ж-а 150–200 <i>кг</i> калий талап кылынат. Кыргызстан­да Кыргыз полигибриди 18, Кыргыздын бир уруктуу-25, Бийск-52, Романовдун бир уруктуу- 32 ж. б. сорттору себилет. | ||
Ад.: Свекловодство, 3 изд. М., 1964; <i>Акималиев А.</i> Сахарная свекла в Киргизии. Ф., 1982; <i>Ибраимов Н.</i> Техникалык өсүмдүктөр жана аларды Кыргызстан­да өстүрүүнүн алдыңкы ыкмалары. Б., 1994. | Ад.: Свекловодство, 3 изд. М., 1964; <i>Акималиев А.</i> Сахарная свекла в Киргизии. Ф., 1982; <i>Ибраимов Н.</i> Техникалык өсүмдүктөр жана аларды Кыргызстан­да өстүрүүнүн алдыңкы ыкмалары. Б., 1994. | ||
03:10, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫ (Beta vulgaris L. var. saccharifera) – өсүмдүктөрдүн шакардуулар тукумунун кызылча уруусунун бир түрү; кант алынуучу эки жылдык техникалык өсүмдүк. Биринчи жылы түбүнөн жалбырак, ширелүү, канттуу азык-тамыр пайда болот. Кант кызылчасынын тамыры жоон, негизги мөмө тамырынан жыш каптал тамырлары 100 смге чейин топуракка сойлоп өсөт. Сабактуу жалбырагы тамырынан өсүп, жазы болот. Экинчи жылы жалбырак моюнчасындагы бүчүрдөн гүл сабагы өсүп чыгат. Кант кызылчасынын паренхима тканында кант жыйналып, ал азык-тамырдын орто (жоон) жеринде көп (17–18%) болот. Аба ырайынын ыңгайлуу шартында уругу 6–8 күндө өсүп чыгат. Ар бир түп 7ге жакын жалбырак байлап, анын өсүү убагы 25–70 күнгө созулат. Вегетация мезгилинин ортосунда жалбырагы м-н тамыр системасы өсүп, кант аз топтолот, экинчи жарымында кызылчада кургак зат, көбүнчө кант көп пайда болот.

Июль – сентябрь айларында жалбырак м-н тамырдын өсүшү басаңдап, канттуулугу артат. Кант кызылчасы чиринди катмары калың ж-а агрофизикалык касиети жогору кара топуракта жакшы өсүп, арбын түшүм берет. Кара топураксыз аянтта деле органикалык ж-а минерал жер семирткичтер м-н кошумча азыктандыруу аркылуу мол түшүм алууга болот.
Кант кызылчасы – тамак өнөр жайынын баалуу сырьёсу. Андан канттан башка тоют (топ, шире ж-а жалбырак) да алынат. Кант кызылчасынан алынуучу кант дүйнөдө алынган канттын 30%ин түзөт. Кант кызылчасында 75% суу, 25% кургак зат (анын ичинде кант 23%), 2,5% клетчатка, 2,5% пектин, 0,8% фруктоза м-н глюкоза ж-а 1,1% азотсуз зат болот. Кыргызстанда ал 1925-жылдан баштап айдала баштаган. Алгачкы мезгилде аз түшүм жыйналган. Кийин агротехникалык эрежелерди сактоонун, техниканы, минералдык ж-а органикалык жер семирткичтерди колдонуунун натыйжасында түшүм арбып, аянты да көбөйгөн. Кант кызылчасы республиканын шартында гектарынан 300–350 ц түшүм алыш үчүн, ар бир гектарга 200 кгга жакын азот, 40 кг фосфор ж-а 150–200 кг калий талап кылынат. Кыргызстанда Кыргыз полигибриди 18, Кыргыздын бир уруктуу-25, Бийск-52, Романовдун бир уруктуу- 32 ж. б. сорттору себилет.
Ад.: Свекловодство, 3 изд. М., 1964; Акималиев А. Сахарная свекла в Киргизии. Ф., 1982; Ибраимов Н. Техникалык өсүмдүктөр жана аларды Кыргызстанда өстүрүүнүн алдыңкы ыкмалары. Б., 1994.
Ж. Маткеримова, Г. Эшимкулова.