КАНТ ДИАБЕТИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНТ ДИАБЕТИ</b> – уйку безинин гормону – ин­сулиндин жетишсиздигинен зат алмашуунун бузулушу м-н мүнөздөлгөн эндокрин оорусу. Анын пайда болушуна <i>тукум куугучтук</i> да маа­ниге ээ. | <b type='title'>КАНТ ДИАБЕТИ</b> – уйку безинин гормону – ин­сулиндин жетишсиздигинен зат алмашуунун бузулушу м-н мүнөздөлгөн эндокрин оорусу. Анын пайда болушуна <i>тукум куугучтук</i> да маа­ниге ээ. Ошондой эле тамак-аш м-н жеңил сиңимдүү углеводдорду ашыкча пайдалануу түрткү болот. Кандагы кант инсулинди синтездөөчү клетка­ларды дүүлүктүрүп, синтез бузулат. Айрым учур­да уйку безинин сезгенүүсү <i>(панкреатит)</i>, трав­масы да диабетке алып келет. Кээде катуу ка­палангандан, жугуштуу оорудан кийин да бо­лушу мүмкүн. Организмде инсулин жетишпеген­де, боор м-н булчуңдар кантты гликогенге ай­ландыруу жөндөмдүүлүгүн жоготуп, ткандар кантты сиңире албай калат. Натыйжада канда кант көбөйүп (гипергликемия), заара м-н кант көп бөлүнөт (гликозурия). Оорулуу суусайт, заа­ра көп бөлүп чыгарат. Заарасында, канында кант, холестерин көбөйүп, тамак ичкиси келет; денеси кычышып, булчуңдары бошоңдойт, ооз­дун былжыр чели сезгенет; аялда <i>этек кир</i> цик­ли бузулат, боюнан түшөт ж. б. Туура эмес ж-а жетишсиз дарылаганда оору күчөйт, оорулуу­нун алы кетип шалдырайт, тез чарчайт, көрүүсү начарлап, бөйрөк иши бузулушу мүмкүн. Орга­низмде майдын толук эмес ажыроо продукту­лары (кетон заттары) чогулат да, канда анын концентрациясы көбөйүп, ууландырат. Акырындап оорулуу тамак ичкиси келбей, чаңкап, алы кетет, териси кычышат, кургайт, кускусу келип, кусат, ич ооруйт, оозунан ацетон жыттанат. Оорулуунун абалы начарлайт, шалдырап, уйку басат. Акыры эң оор кабылдоого – диабет ко­масына алып келет. Оорулуу өмүр бою врачтын көзөмөлүндө дарыланат. Негизинен диета, ин­сулин, кантты азайтуучу дарылар колдонулат. Диетаны оорулуунун абалына жараша врач бел­гилейт. Углеводду, майды азайтып, анын орду­на эт, картөшкө, кара нан ж. б. берилет. Тамак витаминдүү, айрыкча С ж-а В тобундагы вита­миндер көп болушу зарыл. | ||
басат. Акыры эң оор кабылдоого – диабет ко­масына алып келет. Оорулуу өмүр бою врачтын көзөмөлүндө дарыланат. Негизинен диета, ин­сулин, кантты азайтуучу дарылар колдонулат. Диетаны оорулуунун абалына жараша врач бел­гилейт. Углеводду, майды азайтып, анын орду­на эт, картөшкө, кара нан ж. б. берилет. Тамак витаминдүү, айрыкча С ж-а В тобундагы вита­миндер көп болушу зарыл. | |||
Ад.: <i>Дедов И. И., Шестакова М. В.</i> Сахарный диа­бет. М., 2003. | Ад.: <i>Дедов И. И., Шестакова М. В.</i> Сахарный диа­бет. М., 2003. | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
03:04, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАНТ ДИАБЕТИ – уйку безинин гормону – инсулиндин жетишсиздигинен зат алмашуунун бузулушу м-н мүнөздөлгөн эндокрин оорусу. Анын пайда болушуна тукум куугучтук да мааниге ээ. Ошондой эле тамак-аш м-н жеңил сиңимдүү углеводдорду ашыкча пайдалануу түрткү болот. Кандагы кант инсулинди синтездөөчү клеткаларды дүүлүктүрүп, синтез бузулат. Айрым учурда уйку безинин сезгенүүсү (панкреатит), травмасы да диабетке алып келет. Кээде катуу капалангандан, жугуштуу оорудан кийин да болушу мүмкүн. Организмде инсулин жетишпегенде, боор м-н булчуңдар кантты гликогенге айландыруу жөндөмдүүлүгүн жоготуп, ткандар кантты сиңире албай калат. Натыйжада канда кант көбөйүп (гипергликемия), заара м-н кант көп бөлүнөт (гликозурия). Оорулуу суусайт, заара көп бөлүп чыгарат. Заарасында, канында кант, холестерин көбөйүп, тамак ичкиси келет; денеси кычышып, булчуңдары бошоңдойт, ооздун былжыр чели сезгенет; аялда этек кир цикли бузулат, боюнан түшөт ж. б. Туура эмес ж-а жетишсиз дарылаганда оору күчөйт, оорулуунун алы кетип шалдырайт, тез чарчайт, көрүүсү начарлап, бөйрөк иши бузулушу мүмкүн. Организмде майдын толук эмес ажыроо продуктулары (кетон заттары) чогулат да, канда анын концентрациясы көбөйүп, ууландырат. Акырындап оорулуу тамак ичкиси келбей, чаңкап, алы кетет, териси кычышат, кургайт, кускусу келип, кусат, ич ооруйт, оозунан ацетон жыттанат. Оорулуунун абалы начарлайт, шалдырап, уйку басат. Акыры эң оор кабылдоого – диабет комасына алып келет. Оорулуу өмүр бою врачтын көзөмөлүндө дарыланат. Негизинен диета, инсулин, кантты азайтуучу дарылар колдонулат. Диетаны оорулуунун абалына жараша врач белгилейт. Углеводду, майды азайтып, анын ордуна эт, картөшкө, кара нан ж. б. берилет. Тамак витаминдүү, айрыкча С ж-а В тобундагы витаминдер көп болушу зарыл.
Ад.: Дедов И. И., Шестакова М. В. Сахарный диабет. М., 2003.