ВАНАХУН: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (6 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВАНАХУН ''' '''Мансуз''' (дунг. Мансўзы Вонахун) [23. 11. 1907, [[Россия империясы]], [[Түркстан крайы]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пишпек]] (азыркы Бишкек) шаары – 05. 07. 1943, [[СССР]], [[РСФСР]], [[Орлов облусу]], Малоаархангельск району, Согласный кыштагы] – Советтер Союзунун Баатыры (08. 09. 1943). 1919-жылы бир туугандары менен Милянфан (азыркы [[Чүй облусу]]нун [[Ысык-Ата району]]на караштуу айыл) айылына көчүп келишкен. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. Кенже командирлер мектебин бүтүп, минометчик адистигине ээ болгон. Улуу Ата Мекендик согушта Борбордук фронттун 13-армиясынын 11-миномётчулар бригадасынын (12-артиллериялык<br/> | |||
[[File:ВАНАХУН26.png | thumb | none]] | |||
дивизиясынын 232-миномётчулар полку) миномёттук расчётунун командири болгон.1943-жылы 5-июлда Курск облусундагы Согласный кыштагынын түштүк-батышында душман менен болгон урушта сержант Ванахундун расчёту катардан чыккандан кийин фашисттердин чабуулуна жалгыз өзү туруштук берген. Акырында минаны жарып, курчап келген душмандарды кыйратып, өзү кошо курман болгон. Советтер Союзунун Баатыры наамы курман болгондон кийин берилген. Ленин ордени менен сыйланган. Орлов облусундагы Малоархангельск районунун Протасова кыштагында ([[Россия Федерациясы]]) мемориалдык такта орнотулган. Анын ысмы менен Милянфан айылындагы мектеп, Кант шаарындагы көчө аталып, Милянфанда музей-үйү уюшулуп, «Ванахундун эрдиги» аттуу документалдуу фильм тартылган. | |||
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
01:20, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВАНАХУН Мансуз (дунг. Мансўзы Вонахун) [23. 11. 1907, Россия империясы, Түркстан крайы, Жети-Суу облусу, Пишпек (азыркы Бишкек) шаары – 05. 07. 1943, СССР, РСФСР, Орлов облусу, Малоаархангельск району, Согласный кыштагы] – Советтер Союзунун Баатыры (08. 09. 1943). 1919-жылы бир туугандары менен Милянфан (азыркы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу айыл) айылына көчүп келишкен. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. Кенже командирлер мектебин бүтүп, минометчик адистигине ээ болгон. Улуу Ата Мекендик согушта Борбордук фронттун 13-армиясынын 11-миномётчулар бригадасынын (12-артиллериялык

дивизиясынын 232-миномётчулар полку) миномёттук расчётунун командири болгон.1943-жылы 5-июлда Курск облусундагы Согласный кыштагынын түштүк-батышында душман менен болгон урушта сержант Ванахундун расчёту катардан чыккандан кийин фашисттердин чабуулуна жалгыз өзү туруштук берген. Акырында минаны жарып, курчап келген душмандарды кыйратып, өзү кошо курман болгон. Советтер Союзунун Баатыры наамы курман болгондон кийин берилген. Ленин ордени менен сыйланган. Орлов облусундагы Малоархангельск районунун Протасова кыштагында (Россия Федерациясы) мемориалдык такта орнотулган. Анын ысмы менен Милянфан айылындагы мектеп, Кант шаарындагы көчө аталып, Милянфанда музей-үйү уюшулуп, «Ванахундун эрдиги» аттуу документалдуу фильм тартылган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.