КАРАХАНИД МАМЛЕКЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАРАХАНИ&#769;Д МАМЛЕКЕТИ – </b>940–1212-ж.
<b type='title'>КАРАХАНИ&#769;Д МАМЛЕКЕТИ – </b>940–1212-жылдарда Чыгыш Түркстандын батышы ж-а Жети-Суу аймактарын ээлеген феодалдык мамлекет. Караханид мамлекетинин түзүлүшүнө түрк уруулары – <i>чигил</i> (жи&shy;кил), ягма, карлук (к. <i>Карлуктар</i>), аз, тухси чоң роль ойногон. Караханид мамлекетин башкарган династия&shy;нын теги байыркы түрктөрдүн <i>ашина</i> уруусу&shy;нан чыккан <i>Баласагун</i> шаарынын башкаруучусу (9-кылымдын башы) Кара <i>жабгудан</i> тараган деп эсеп&shy;телет. Мамлекеттин аталышын В. В. <i>Григорьев</i> 942–955-жылдарда бийлик кылган <i>Сатук Абд ал-Ке&shy;рим</i> Карахандын ысмына байланыштырган. Арслан каган деген наам м-н такка отурган анын уулу <i>Мусса Байташ ибн</i> Сатуктун тушунда <i>ис&shy;лам</i> мамлекеттик дин деп кабыл алынып, атайын мый&shy;зам м-н бекитилген. 10-кылымдын аягында Караханид мамлекетинин башкаруучулары мамлекеттин чек арасын ке-
Чыгыш Түркстандын батышы ж-а Жети-Суу аймактарын ээлеген феодалдык мамлекет. К.
м-нин түзүлүшүнө түрк уруулары – <i>чигил</i> (жи&shy;кил), ягма, карлук (к. <i>Карлуктар</i>), аз, тухси
чоң роль ойногон. К. м-н башкарган династия&shy;нын теги байыркы түрктөрдүн <i>ашина</i> уруусу&shy;нан чыккан <i>Баласагун</i> ш-нын башкаруучусу (9-к-дын башы) Кара <i>жабгудан</i> тараган деп эсеп&shy;телет. Мамлекеттин аталышын В. В. <i>Григорьев</i>
942–955-ж. бийлик кылган <i>Сатук Абд ал-Ке&shy;рим</i> Карахандын ысмына байланыштырган. Арслан каган деген наам м-н такка отурган анын уулу <i>Мусса Байташ ибн</i> Сатуктун тушунда <i>ис&shy;лам</i> мамл. дин деп кабыл алынып, атайын мый&shy;зам м-н бекитилген. 10-к-дын аягында К. м-нин башкаруучулары мамлекеттин чек арасын ке-


[[File:КАРАХАНИД МАМЛЕКЕТИ47.png | thumb | Караханид мамлекети&shy;нин картасы.]]
[[File:КАРАХАНИД МАМЛЕКЕТИ47.png | thumb | Караханид мамлекети&shy;нин картасы.]]




ңейтүү ж-а бекемдөө үчүн күрөш жүргүзүшкөн. Богра хан Харун (Шихаб ад-Даула Абу Муса Харун ибн Сулайман) <i>Бухараны</i> (992), Наср Iинин (Амир ас-Сайид Малик ал-Музаффар Кутб ад-Даула ва Насир ал-Хакк ва Наср ал-Милла Ахмад ибн Али) <i>Мавераннахрды</i> басып алышы м-н (998) <i>Саманиддер мамлекети</i> жашоосун ток&shy;тоткон. Мамлекетти башкаруу жер-жердеги бий&shy;ликке бөлүнүп, борборлошкон күчтүү бийлик болгон эмес. Бийлик башында каган же илек деп аталган Карахандын тукуму туруп, кимиси күчтүүлүк кылса, калганы ошого баш ийген.<br>
Ошондуктан Арслан Карахандын (1018–24) ту&shy;шунда Баласагун, Айн ад-Даул Абу Наср Му&shy;хаммад ибн Насрдын (1020–63) убагында Өзгөн,
Абу Али Хасан ибн Сулайман Богра хандын (1075–1102) мезгилинде Кашкар ш. К. м-нин
борбору болгон. К. м-нин учурунда мад-т өнүгүп, М. <i>Кашгари</i>, Ж. <i>Баласагунинин</i> белгилүү эмгек&shy;тери жаралган. <i>Бурана</i> мунарасы, Өзгөн мавзо&shy;лейи курулган. 11-к-дын 60–70-жылдарында <i>сел&shy;жуктардын</i> кысымынан К. м. алсырап, Сан&shy;жар султандын тушунда (1118–57) аларга көз каранды болуп калган. 12-к-дын 30–40-жылда&shy;рында кара кытайлар басып кирип (к. <i>Кара кытай мамлекети, Елүй Дашы</i>), 1212-ж. Хо&shy;резм шахы Мухаммед К. м-н биротоло жойгон.


ңейтүү ж-а бекемдөө үчүн күрөш жүргүзүшкөн. Богра хан Харун (Шихаб ад-Даула Абу Муса Харун ибн Сулайман) <i>Бухараны</i> (992), Наср Iинин (Амир ас-Сайид Малик ал-Музаффар Кутб ад-Даула ва Насир ал-Хакк ва Наср ал-Милла Ахмад ибн Али) <i>Мавераннахрды</i> басып алышы м-н (998) <i>Саманиддер мамлекети</i> жашоосун ток&shy;тоткон. Мамлекетти башкаруу жер-жердеги бий&shy;ликке бөлүнүп, борборлошкон күчтүү бийлик болгон эмес. Бийлик башында каган же илек деп аталган Карахандын тукуму туруп, кимиси күчтүүлүк кылса, калганы ошого баш ийген.<br>Ошондуктан Арслан Карахандын (1018–24) ту&shy;шунда Баласагун, Айн ад-Даул Абу Наср Му&shy;хаммад ибн Насрдын (1020–63) убагында Өзгөн, Абу Али Хасан ибн Сулайман Богра хандын (1075–1102) мезгилинде Кашкар шаары Караханид мамлекетинин борбору болгон. Караханид мамлекетинин учурунда маданият өнүгүп, М. <i>Кашгари</i>, Ж. <i>Баласагунинин</i> белгилүү эмгек&shy;тери жаралган. <i>Бурана</i> мунарасы, Өзгөн мавзо&shy;лейи курулган. 11-кылымдын 60–70-жылдарында <i>сел&shy;жуктардын</i> кысымынан Караханид мамлекети  алсырап, Сан&shy;жар султандын тушунда (1118–57) аларга көз каранды болуп калган. 12-кылымдын 30–40-жылда&shy;рында кара кытайлар басып кирип (к. <i>Кара кытай мамлекети, Елүй Дашы</i>), 1212-жылы Хо&shy;резм шахы Мухаммед Караханид мамлекетин биротоло жойгон.


Ад.: <i>Валитова А. А.</i> К вопросу о классовой природе Караханидского государства //Труды Киргизского филиала АН СССР. Т. 1. Вып. 1. 1943; История
 
Узбекской ССР. Т. 1. Таш., 1967.
Ад.: <i>Валитова А. А.</i> К вопросу о классовой природе Караханидского государства //Труды Киргизского филиала АН СССР. Т. 1. Вып. 1. 1943; История Узбекской ССР. Т. 1. Таш., 1967.
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]

04:49, 27 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРАХАНИ́Д МАМЛЕКЕТИ – 940–1212-жылдарда Чыгыш Түркстандын батышы ж-а Жети-Суу аймактарын ээлеген феодалдык мамлекет. Караханид мамлекетинин түзүлүшүнө түрк уруулары – чигил (жи­кил), ягма, карлук (к. Карлуктар), аз, тухси чоң роль ойногон. Караханид мамлекетин башкарган династия­нын теги байыркы түрктөрдүн ашина уруусу­нан чыккан Баласагун шаарынын башкаруучусу (9-кылымдын башы) Кара жабгудан тараган деп эсеп­телет. Мамлекеттин аталышын В. В. Григорьев 942–955-жылдарда бийлик кылган Сатук Абд ал-Ке­рим Карахандын ысмына байланыштырган. Арслан каган деген наам м-н такка отурган анын уулу Мусса Байташ ибн Сатуктун тушунда ис­лам мамлекеттик дин деп кабыл алынып, атайын мый­зам м-н бекитилген. 10-кылымдын аягында Караханид мамлекетинин башкаруучулары мамлекеттин чек арасын ке-

Караханид мамлекети­нин картасы.


ңейтүү ж-а бекемдөө үчүн күрөш жүргүзүшкөн. Богра хан Харун (Шихаб ад-Даула Абу Муса Харун ибн Сулайман) Бухараны (992), Наср Iинин (Амир ас-Сайид Малик ал-Музаффар Кутб ад-Даула ва Насир ал-Хакк ва Наср ал-Милла Ахмад ибн Али) Мавераннахрды басып алышы м-н (998) Саманиддер мамлекети жашоосун ток­тоткон. Мамлекетти башкаруу жер-жердеги бий­ликке бөлүнүп, борборлошкон күчтүү бийлик болгон эмес. Бийлик башында каган же илек деп аталган Карахандын тукуму туруп, кимиси күчтүүлүк кылса, калганы ошого баш ийген.
Ошондуктан Арслан Карахандын (1018–24) ту­шунда Баласагун, Айн ад-Даул Абу Наср Му­хаммад ибн Насрдын (1020–63) убагында Өзгөн, Абу Али Хасан ибн Сулайман Богра хандын (1075–1102) мезгилинде Кашкар шаары Караханид мамлекетинин борбору болгон. Караханид мамлекетинин учурунда маданият өнүгүп, М. Кашгари, Ж. Баласагунинин белгилүү эмгек­тери жаралган. Бурана мунарасы, Өзгөн мавзо­лейи курулган. 11-кылымдын 60–70-жылдарында сел­жуктардын кысымынан Караханид мамлекети алсырап, Сан­жар султандын тушунда (1118–57) аларга көз каранды болуп калган. 12-кылымдын 30–40-жылда­рында кара кытайлар басып кирип (к. Кара кытай мамлекети, Елүй Дашы), 1212-жылы Хо­резм шахы Мухаммед Караханид мамлекетин биротоло жойгон.


Ад.: Валитова А. А. К вопросу о классовой природе Караханидского государства //Труды Киргизского филиала АН СССР. Т. 1. Вып. 1. 1943; История Узбекской ССР. Т. 1. Таш., 1967.