КАРАНТИН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРАНТИ́Н</b> (итал. quaranta giorni – кырк күн) | <b type='title'>КАРАНТИ́Н</b> (итал. quaranta giorni – кырк күн) м е д и ц и н а д а – жугуштуу оорулардын (чума, холера, чечек ж. б.) чыккан жеринен та­ралып кетүүсүн алдын алуучу административдик, санитардык ж-а эпидемияга каршы чаралар жыйындысы. 14- кылымда Италияда 1-жолу карантин киргизилип, чума та­ралган өлкөдөн келген кемелерди 40 күн порт­ко жолотпой, ачык деңизде кармашкан. Карантинге жеке адам, үй-бүлө, бала бакчасы, жатакана, аскер бөлүгү, кеме, айыл-кыштак, район, облус, мамлекет ж-а өлкө аймагы ж. б. алынат. Карантинге алынган зонадан башка жакка барууга алдын ала абсервациядан (убактылуу бөлүп, медициналык бай­коо жүргүзүү) өтмөйүнчө тыюу салынат. Мөөнөтү оорунун түрүнө жараша (жашыруун мезгилинен ашык) болот. Мисалы, холерада 5 күнгө, ич келте­де – 21 күнгө, сарыкта 1,5–2 айга созулат. Эгер­де карантинге алынган жамаатта же үй-бүлөдө жаңы киши ооруса, карантиндин мөөнөтү ошол күндөн баш­тап кайра узартылат. В е т е р и н а р и я д а – карантин коюунун тартиби, ылаңга каршы көрүлүүчү иш-чаралар, карантиндин мөөнөтү ж-а аны алдын алуу тартиби КРдин айыл чарба министрлиги тара­бынан иштелип чыккан ветеринардык уставда ж-а инст­рукцияларда каралган. Ылаң чыккан очоктон айланадагы жаныбарларга тез жугуучу ылаң­дын диагнозу аныкталганда, тез арада карантин кою­лат. Карантин коюлуучу аймак (айыл, жайыт, ферма, чарба, район) ар бир инфекциялык ылаңдын өзгөчөлүгүнө ж-а ылаң чыккан жердин ыңга­йына ж. б. кошумча факторлорго карата анык­талат. Карантин коюлган учурда аймак аркылуу мал­ды айдап (транспортко салып) өтүүгө болбойт; чыккан ылаңды тез жугузуучу жаныбарлар бул аймактан сыртка чыгарылбайт ж-а киргизил­бейт; ал аймактан жаныбарларды, алардын про­дуктуларын, жаныбар сырьёлорун, тоют даяр­доого тыюу салынат; базарлар жабылат, ошол жердеги соо малды ылаңдуулары м-н чогуу жаюуга, сугарууга, бир сарайда кармоого тыюу салынат; жугуштуу ылаңдан өлгөн малдын өлүгү тез арада өрттөлөт же утилденет; ылаңдаган же ылаң боюнча шектүү малдын тезеги (кыгын, жампасын), төшөлгөсү ж-а тоют калдыгы жу­гушсуздандырылат же өрттөлөт; мал сарайлар­га, куш короолорго баруучу жолдор жабылат. Эгерде темир жол бекетине, аэропортко, көлдөгү, порт­торго карантин коюлса, айыл чарба министрлигинин чечими боюнча ветеринариялык инструкцияга таянып, жаныбарды, алардын продуктуларын, сырьёлорун, тоюттар­ды сыртка же ичке ташууга тыюу салынат. Карантин эрежесинин так аткарылышын мамлекеттик ветери­нар инспекторлор көзөмөлдөйт. Өтө коркунуч­туу жугуштуу ылаң чыккан учурда республикалык, облустук ж-а ветеринариялык уюмдар убактылуу атайын ветеринариялык карантиндик отряддарды, постторду түзүп, карантин эрежелеринин так аткарылышы көзөмөлгө алынат. Карантин ылаң толук токтогондон кийин, пландалган иш-ча­ралар толук аткарылган соң, ветеринариялык инструкция­га таянып, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (акимчиликтин) чечими м-н алынат. Эл аралык масштабда карантин эрежелерин эл аралык эпизоотия­лык бюро (борбору Парижде) даярдайт. | ||
м е д и ц и н а д а – жугуштуу оорулардын | |||
(чума, холера, чечек ж. б.) чыккан жеринен та­ралып кетүүсүн алдын алуучу | |||
чарба, район) ар бир инфекциялык ылаңдын | |||
өзгөчөлүгүнө ж-а ылаң чыккан жердин ыңга­йына ж. б. кошумча факторлорго карата анык­талат. | |||
чыккан ылаңды тез жугузуучу жаныбарлар бул аймактан сыртка чыгарылбайт ж-а киргизил­бейт; ал аймактан жаныбарларды, алардын про­дуктуларын, жаныбар сырьёлорун, тоют даяр­доого тыюу салынат; базарлар жабылат, ошол жердеги соо малды ылаңдуулары м-н чогуу жаюуга, сугарууга, бир сарайда кармоого тыюу | |||
салынат; жугуштуу ылаңдан өлгөн малдын өлүгү тез арада өрттөлөт же утилденет; ылаңдаган же ылаң боюнча шектүү малдын тезеги (кыгын, жампасын), төшөлгөсү ж-а тоют калдыгы жу­гушсуздандырылат же өрттөлөт; мал сарайлар­га, куш короолорго баруучу жолдор жабылат. Эгерде | |||
<p align='right'><i type='author'>Д. Раимбеков.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Д. Раимбеков.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
09:00, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАНТИ́Н (итал. quaranta giorni – кырк күн) м е д и ц и н а д а – жугуштуу оорулардын (чума, холера, чечек ж. б.) чыккан жеринен таралып кетүүсүн алдын алуучу административдик, санитардык ж-а эпидемияга каршы чаралар жыйындысы. 14- кылымда Италияда 1-жолу карантин киргизилип, чума таралган өлкөдөн келген кемелерди 40 күн портко жолотпой, ачык деңизде кармашкан. Карантинге жеке адам, үй-бүлө, бала бакчасы, жатакана, аскер бөлүгү, кеме, айыл-кыштак, район, облус, мамлекет ж-а өлкө аймагы ж. б. алынат. Карантинге алынган зонадан башка жакка барууга алдын ала абсервациядан (убактылуу бөлүп, медициналык байкоо жүргүзүү) өтмөйүнчө тыюу салынат. Мөөнөтү оорунун түрүнө жараша (жашыруун мезгилинен ашык) болот. Мисалы, холерада 5 күнгө, ич келтеде – 21 күнгө, сарыкта 1,5–2 айга созулат. Эгерде карантинге алынган жамаатта же үй-бүлөдө жаңы киши ооруса, карантиндин мөөнөтү ошол күндөн баштап кайра узартылат. В е т е р и н а р и я д а – карантин коюунун тартиби, ылаңга каршы көрүлүүчү иш-чаралар, карантиндин мөөнөтү ж-а аны алдын алуу тартиби КРдин айыл чарба министрлиги тарабынан иштелип чыккан ветеринардык уставда ж-а инструкцияларда каралган. Ылаң чыккан очоктон айланадагы жаныбарларга тез жугуучу ылаңдын диагнозу аныкталганда, тез арада карантин коюлат. Карантин коюлуучу аймак (айыл, жайыт, ферма, чарба, район) ар бир инфекциялык ылаңдын өзгөчөлүгүнө ж-а ылаң чыккан жердин ыңгайына ж. б. кошумча факторлорго карата аныкталат. Карантин коюлган учурда аймак аркылуу малды айдап (транспортко салып) өтүүгө болбойт; чыккан ылаңды тез жугузуучу жаныбарлар бул аймактан сыртка чыгарылбайт ж-а киргизилбейт; ал аймактан жаныбарларды, алардын продуктуларын, жаныбар сырьёлорун, тоют даярдоого тыюу салынат; базарлар жабылат, ошол жердеги соо малды ылаңдуулары м-н чогуу жаюуга, сугарууга, бир сарайда кармоого тыюу салынат; жугуштуу ылаңдан өлгөн малдын өлүгү тез арада өрттөлөт же утилденет; ылаңдаган же ылаң боюнча шектүү малдын тезеги (кыгын, жампасын), төшөлгөсү ж-а тоют калдыгы жугушсуздандырылат же өрттөлөт; мал сарайларга, куш короолорго баруучу жолдор жабылат. Эгерде темир жол бекетине, аэропортко, көлдөгү, портторго карантин коюлса, айыл чарба министрлигинин чечими боюнча ветеринариялык инструкцияга таянып, жаныбарды, алардын продуктуларын, сырьёлорун, тоюттарды сыртка же ичке ташууга тыюу салынат. Карантин эрежесинин так аткарылышын мамлекеттик ветеринар инспекторлор көзөмөлдөйт. Өтө коркунучтуу жугуштуу ылаң чыккан учурда республикалык, облустук ж-а ветеринариялык уюмдар убактылуу атайын ветеринариялык карантиндик отряддарды, постторду түзүп, карантин эрежелеринин так аткарылышы көзөмөлгө алынат. Карантин ылаң толук токтогондон кийин, пландалган иш-чаралар толук аткарылган соң, ветеринариялык инструкцияга таянып, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (акимчиликтин) чечими м-н алынат. Эл аралык масштабда карантин эрежелерин эл аралык эпизоотиялык бюро (борбору Парижде) даярдайт.
Д. Раимбеков.