КАРАКОЛ КЕНЧИ (коло жана эрте темир доорлоруна: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРАКОЛ КЕНЧИ to КАРАКОЛ КЕНЧИ (коло жана эрте темир доорлоруна) |
(Айырма жок)
| |
09:54, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАКОЛ КЕНЧИ Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы Каракол айылынын жанынан 1976-жылы табылган. Кенч соңку коло доору жана эрте темир дооруна тиешелүү беш канжардан турат. Канжарлардын узундугу 29,5 см, туурасы 5,2 см. Кээсинин сабынын башында жылкынын, койдун сөлөкөттөрү түшүрүлгөн. Ар түрдүү калыпта куюлуп, көлөмдөрү бири-биринен айырмаланганы менен негизги жасоо ыкмалары, саптарынын башында жаныбарлардын келбеттеринин түшүрүлүшү боюнча бир устанын колунан чыккандыгын далилдеп турат. Археолог Д. Ф. Винник, Е. Е. Кузьмина жылкынын жана койдун келбеттеринин түшүрүлүшүн коло доорундагы элдердин мифологиясында, фольклорунда бул жаныбарлардын кеңири тарашы менен байланыштырышат.