КИТЕП: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИТЕП</b> ( | <b type='title'>КИТЕП</b> (арабча – жазма) – 1) көлөмдүү басылма; 2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муун­га өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармалар­ды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каража­ты. Ал коомдук мааниге ээ. Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. | ||
2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муун­га өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, | |||
[[File:КИТЕП72.png | thumb | none]] | [[File:КИТЕП72.png | thumb | none]] | ||
Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жа­зышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалар­дан китептер түзүлгөн. Ал эми Кытайда алгач­кы китептер бекем жипке кабатталып өткө­рүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка ма­лып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, китеп жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаш­тырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты ката­ры Байыркы Грекия менен Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган. Кийин Кичи Азия­дагы Пергам падышалыгы учурунда (биздин заманга чейинки II кылым) жаңы жазуу материалы катары – айбанаттар­дын терисинен пергамент жасалган. Папирус менен пергамент өтө кымбат болгондуктан, Ба­йыркы Грекия менен Римде аларды үнөмдөө үчүн адегенде мом чапталган тактачага учтуу таякча менен жазышып, андан кийин гана папируска же пергаментке көчүрүшкөн. Ал эми орто кылымдар­да китепти пергамент баракчаларынан жасалган дептерге кол менен жазышкан. Барактары бүк­төлүп же бырышып калбас үчүн дептерлерди эки жагына жыгач такта коюп бириктирип көк­төшкөн. Жыгач тактаны булгаары же кездеме менен капташкан. Азыркы биз билген китептин ал­гачкы формалары мына ушинтип пайда болгон. Бирок анын белгилүү 2 негизги тарыхый түрү бар: биринчиси – түрмөк (биздин заманга чейинки 4–3-миң жыл­дыктар), кийин ал II–IV кылымдан кодекс менен алма­шылган. Китеп даярдоо биздин заманга чейинки VII кылымда Египеттен Грекияга, андан Римге өткөн. 105-жылы кытай че­бери Цой Лунь кагазды ойлоп тапкан. Алгач­кы китеп XI кылымда Кытайда пайда болгон. XIII кылымдан Европада негизги жазуу материалы катары ка­газ колдонулуп, XV кылымдан китеп басылып чыга баш­таган. Орустун байыркы кол жазма китеби XI кылымга таандык («Остромиров инжили», 1073, 1092 жана башкалар). Кол жазма доорунда китеп каллиграфиясы өзгөчө сулуулугу менен бааланып, китеп басып чыгарууну көбөйтүүгө көңүл бурулган. XV кылымдын 40-жыл­дары Европада немис ойлоп табуучусу И. Гу­тенберг (Германия) эң жөнөкөй станок менен китеп чыгаргандан кийин китеп тарыхында жаңы доор башталган. Ал 42 саптуу Библияны полиграфиялык жол менен басса, оюм-чийимди китепке П. Шеффер (1457) биринчи түшүргөн. 1461-жылы А. Пфистер (Бамберг­ле) китепти тактайга оюлган сүрөт менен көркөмдөп, XV кылымдын 70–80-жылдары Э. Ратдольт (Венеция) китеп басуу ишинде түрдүү боёк колдонгон. XV–XVI кылымдарда басмаканачылар үнөмдүү, кооз, окууга эптүү ариптерди издей баштаган (к. <i>Арип</i>). Россияда китеп басууга И. Фёдоров жана П. Мстиславец би­ринчи жол ачып, 1564-жылы «Апостол» деген китепти басып чыгарышкан. Орус китебин басып чыгарууда агартуучу Н. И. Новиковдун (1744–1818) үлүшү чоң. XVIII кылымдын акырында кагаз машина­сы, XIX кылымдын башында басма машина, 2-жары­мынан терип басуу машинасы колдонулган. Бийиктиги бир жарым метрге жеткен, бир адам көтөрө алгыс өтө чоң жана эң кичинекей «эрге­жээл» жана почта маркасындай болгон китептер да бар. XX кылымдын башынан фототехниканын колдо­нулушу менен китеп басып чыгарууну механикалаш­тыруу кыйла өркүндөгөн. Тех. прогресс китептин формасын жана таратуу жолдорун өзгөрттү: Ин­тернетке жайгаштырылган жана компьютер­дин эсинде сакталуучу санариптүү китеп фонддору пайда болду. Электрондук форматта жазылган китеп электрондук китеп (же е-китеп), ал эми аудио­форматтагысы аудиокитеп деп аталат. Учурда | |||
бар: биринчиси – түрмөк ( | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
чыгаргандан кийин | |||
үлүшү чоң. | |||
08:44, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИТЕП (арабча – жазма) – 1) көлөмдүү басылма; 2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ. Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан.

Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалардан китептер түзүлгөн. Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, китеп жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары Байыркы Грекия менен Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган. Кийин Кичи Азиядагы Пергам падышалыгы учурунда (биздин заманга чейинки II кылым) жаңы жазуу материалы катары – айбанаттардын терисинен пергамент жасалган. Папирус менен пергамент өтө кымбат болгондуктан, Байыркы Грекия менен Римде аларды үнөмдөө үчүн адегенде мом чапталган тактачага учтуу таякча менен жазышып, андан кийин гана папируска же пергаментке көчүрүшкөн. Ал эми орто кылымдарда китепти пергамент баракчаларынан жасалган дептерге кол менен жазышкан. Барактары бүктөлүп же бырышып калбас үчүн дептерлерди эки жагына жыгач такта коюп бириктирип көктөшкөн. Жыгач тактаны булгаары же кездеме менен капташкан. Азыркы биз билген китептин алгачкы формалары мына ушинтип пайда болгон. Бирок анын белгилүү 2 негизги тарыхый түрү бар: биринчиси – түрмөк (биздин заманга чейинки 4–3-миң жылдыктар), кийин ал II–IV кылымдан кодекс менен алмашылган. Китеп даярдоо биздин заманга чейинки VII кылымда Египеттен Грекияга, андан Римге өткөн. 105-жылы кытай чебери Цой Лунь кагазды ойлоп тапкан. Алгачкы китеп XI кылымда Кытайда пайда болгон. XIII кылымдан Европада негизги жазуу материалы катары кагаз колдонулуп, XV кылымдан китеп басылып чыга баштаган. Орустун байыркы кол жазма китеби XI кылымга таандык («Остромиров инжили», 1073, 1092 жана башкалар). Кол жазма доорунда китеп каллиграфиясы өзгөчө сулуулугу менен бааланып, китеп басып чыгарууну көбөйтүүгө көңүл бурулган. XV кылымдын 40-жылдары Европада немис ойлоп табуучусу И. Гутенберг (Германия) эң жөнөкөй станок менен китеп чыгаргандан кийин китеп тарыхында жаңы доор башталган. Ал 42 саптуу Библияны полиграфиялык жол менен басса, оюм-чийимди китепке П. Шеффер (1457) биринчи түшүргөн. 1461-жылы А. Пфистер (Бамбергле) китепти тактайга оюлган сүрөт менен көркөмдөп, XV кылымдын 70–80-жылдары Э. Ратдольт (Венеция) китеп басуу ишинде түрдүү боёк колдонгон. XV–XVI кылымдарда басмаканачылар үнөмдүү, кооз, окууга эптүү ариптерди издей баштаган (к. Арип). Россияда китеп басууга И. Фёдоров жана П. Мстиславец биринчи жол ачып, 1564-жылы «Апостол» деген китепти басып чыгарышкан. Орус китебин басып чыгарууда агартуучу Н. И. Новиковдун (1744–1818) үлүшү чоң. XVIII кылымдын акырында кагаз машинасы, XIX кылымдын башында басма машина, 2-жарымынан терип басуу машинасы колдонулган. Бийиктиги бир жарым метрге жеткен, бир адам көтөрө алгыс өтө чоң жана эң кичинекей «эргежээл» жана почта маркасындай болгон китептер да бар. XX кылымдын башынан фототехниканын колдонулушу менен китеп басып чыгарууну механикалаштыруу кыйла өркүндөгөн. Тех. прогресс китептин формасын жана таратуу жолдорун өзгөрттү: Интернетке жайгаштырылган жана компьютердин эсинде сакталуучу санариптүү китеп фонддору пайда болду. Электрондук форматта жазылган китеп электрондук китеп (же е-китеп), ал эми аудиоформаттагысы аудиокитеп деп аталат. Учурда