КИНОФИЛЬМ ЧЫГАРУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИНОФИ́ЛЬМ ЧЫГАРУУ – </b>тартылган кино | <b type='title'>КИНОФИ́ЛЬМ ЧЫГАРУУ – </b>тартылган кино тасманын көчүрмөлөрүн массалык түрдө көбөйтүү процесси. Азыркы кино тасманы чыгаруу – адабий чыгармачы­лык иш жана татаал процесс. Ага ар түрдүү адис­теги кызматкерлер катышып, искусствонун көп түрлөрү – адабият, музыка, живопись, архитектура жана башкалар пайдаланылат. Кино тасманы чыгаруунун технологиясы адабий сценарийди даярдоодон тартып, кино тасманы элге көрсөтүүгө чейинки ырааттуу жана бири-би­рине байланыштуу чыгармачыл жана техникалык этап­тардан түзүлөт. Кино тасманы чыгарууунун бүткүл стадиясы не­гизги эки мезгилге бөлүнөт: даярдык көрүү жана өндүрүш процесстери. Д а я р д ы к к ө р ү ү мезгилинде келечектеги тасманын так долбоо­ру түзүлүп, уюштуруу-чыгармачылык жана техникалык иштер жүргүзүлөт; режиссёрдук сценарий жазылат, декорациянын жана кийимдердин эскиздери жа­салат, тасма тартууга орун жана ролдорду атка­руучу актёрлор тандалат; тасма тартуунун ка­лендардык планы жана чыгымдардын сметасы түзүлөт. Ө н д ү р ү ш мезгили тасма тартууга камылга көрүүдөн башталып, актёрлор менен ре­петиция өткөрүү, керектүү декорацияларды ку­руу, мебелди, реквизитти, кийме чачты жана башкаларды даярдоо, кино тартуучу, үн жазуучу, жарык кылуучу аппаратураларды камдоо иштери жүргүзүлөт. Киного тартуу иштери – бүткүл про­цесстин эң жооптуу мезгили. Ал негизги үч түргө: павильондо жана киностудия аянтында, кино ­экспедицияда тартуу жана айкалыштырып тар­туу болуп бөлүнөт. Булардын бардыгында ар бир кадр түрдүү вариантта эки же бир нече жолу (дубль) тартылып алынат. Коюучу режиссёрдун жетекчилиги менен кадрлардын мыктысы танда­лып алынып кураштырылат. Анда тасманын сүрөтү менен үн жазылган фонограмма тандалып жабыштырылат да, сүрөттүн көрүнүшү менен үндүн угулушу бири-бири менен туура келтирилет. Ки­но тасма толук кураштырылып бүтүп, сүрөтү менен фонограммасы бекилгенден кийин тасманын негативи кураштырылат. Тасманын нега­тиви тасманын көчүрмөлөрүн массалык түрдө ала турган алгачкы материал болот. | ||
түрлөрү – | |||
пайдаланылат. | |||
өндүрүш процесстери. Д а я р д ы к к ө р ү ү мезгилинде келечектеги | |||
жүргүзүлөт. Киного тартуу иштери – бүткүл про­цесстин эң жооптуу мезгили. Ал негизги үч түргө: павильондо | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
10:11, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИНОФИ́ЛЬМ ЧЫГАРУУ – тартылган кино тасманын көчүрмөлөрүн массалык түрдө көбөйтүү процесси. Азыркы кино тасманы чыгаруу – адабий чыгармачылык иш жана татаал процесс. Ага ар түрдүү адистеги кызматкерлер катышып, искусствонун көп түрлөрү – адабият, музыка, живопись, архитектура жана башкалар пайдаланылат. Кино тасманы чыгаруунун технологиясы адабий сценарийди даярдоодон тартып, кино тасманы элге көрсөтүүгө чейинки ырааттуу жана бири-бирине байланыштуу чыгармачыл жана техникалык этаптардан түзүлөт. Кино тасманы чыгарууунун бүткүл стадиясы негизги эки мезгилге бөлүнөт: даярдык көрүү жана өндүрүш процесстери. Д а я р д ы к к ө р ү ү мезгилинде келечектеги тасманын так долбоору түзүлүп, уюштуруу-чыгармачылык жана техникалык иштер жүргүзүлөт; режиссёрдук сценарий жазылат, декорациянын жана кийимдердин эскиздери жасалат, тасма тартууга орун жана ролдорду аткаруучу актёрлор тандалат; тасма тартуунун календардык планы жана чыгымдардын сметасы түзүлөт. Ө н д ү р ү ш мезгили тасма тартууга камылга көрүүдөн башталып, актёрлор менен репетиция өткөрүү, керектүү декорацияларды куруу, мебелди, реквизитти, кийме чачты жана башкаларды даярдоо, кино тартуучу, үн жазуучу, жарык кылуучу аппаратураларды камдоо иштери жүргүзүлөт. Киного тартуу иштери – бүткүл процесстин эң жооптуу мезгили. Ал негизги үч түргө: павильондо жана киностудия аянтында, кино экспедицияда тартуу жана айкалыштырып тартуу болуп бөлүнөт. Булардын бардыгында ар бир кадр түрдүү вариантта эки же бир нече жолу (дубль) тартылып алынат. Коюучу режиссёрдун жетекчилиги менен кадрлардын мыктысы тандалып алынып кураштырылат. Анда тасманын сүрөтү менен үн жазылган фонограмма тандалып жабыштырылат да, сүрөттүн көрүнүшү менен үндүн угулушу бири-бири менен туура келтирилет. Кино тасма толук кураштырылып бүтүп, сүрөтү менен фонограммасы бекилгенден кийин тасманын негативи кураштырылат. Тасманын негативи тасманын көчүрмөлөрүн массалык түрдө ала турган алгачкы материал болот.