КАРА-ТӨР МӨҢГҮСҮ (Көөлү кырка тоосунда): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

05:10, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРА-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Көөлү кырка тоосунун түндүк капталында. Узундугу 7,6 км, аянты 9,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5200 м, эте­ги 3600 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4350 м. Абляциясынын аянты 2,7 км2. Мөңгүнүн бети тилмеленип, муз сыныктары кездешет. 1943–60-жылдарда 700 мге тартылган. Мөңгүдөн Көөлү суусунун оң куймасы – Кара-Төр суусу башталат.