КАРА-СУУ (Ат-Башы районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРА-СУУ 6 to КАРА-СУУ (Ат-Башы районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
09:33, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-СУУ – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Кара-Суу айыл округунун борбору. Кошой-Коргон тоосунун этегинде, Бишкек –Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2140 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 20 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 246 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 5284 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, спорт комплекси бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП, байланыш бөлүмү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта КРдин эл артисти К. Карасартова туулган.