КАРА-КЫСМАК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА-КЫСМАК</b> – Чаткал | <b type='title'>КАРА-КЫСМАК</b> – Чаткал дарыясынын оң куймасы; капчыгайлуу кооз аймак. Чаткал районунун айма­гында. Узундугу 27 <i>км</i>, алабынын аянты 247 <i>км</i><sup>2</sup>. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3200 <i>м</i>. Та­лас Ала-Тоосунун түштүк капталынан, Кара-Буу­ра ашуусуна жакын жерден башталат. Кара-Кысмак суусу 17–18 <i>км</i> аралыкта терең капчыгай м-н шар агат. Өзөнгө 18 чакан суу (көбү оң) куят. Алабында мөңгүлөр бар. Суусунун жылдык орточо чыгымы 2–3 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>; эң көбү июнь–июлда, эң азы февраль–мартта байкалат. Өрөөндүн жого­ру жагы кембрийге чейинки түрдүү сланец, фил­лит, кумдук, ортоңку бөлүгү кычкыл интрузия, чопо, сланец, төмөнкү бөлүгү палеозойдун аки­таш тектеринен түзүлгөн. Жылдык жаан-чачы­ны 600–800 <i>мм</i>; көбүнчө ноябрь–март айларын­да жаайт; апрель–майда тез-тез сел, көчкү жүрүп | ||
капчыгайлуу кооз аймак. Чаткал | |||
суусу 17–18 <i>км</i> аралыкта терең капчыгай м-н | |||
шар агат. Өзөнгө 18 чакан суу (көбү оң) куят. Алабында мөңгүлөр бар. Суусунун жылдык | |||
чыгымы 2–3 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>; эң көбү июнь–июлда, эң | |||
азы февраль–мартта байкалат. Өрөөндүн жого­ру жагы кембрийге чейинки түрдүү сланец, фил­лит, кумдук, ортоңку бөлүгү кычкыл интрузия, | |||
чопо, сланец, төмөнкү бөлүгү палеозойдун аки­таш тектеринен түзүлгөн. Жылдык жаан-чачы­ны 600–800 <i>мм</i>; көбүнчө ноябрь–март айларын­да жаайт; апрель–майда тез-тез сел, көчкү жүрүп | |||
[[File:КАРА-КЫСМАК27.png | thumb | Кара-Кысмактагы кар көчкү шилендиси.]] | [[File:КАРА-КЫСМАК27.png | thumb | Кара-Кысмактагы кар көчкү шилендиси.]] | ||
турат. Орус саякатчысы Н. А. Северцов 1864- | турат. Орус саякатчысы Н. А. Северцов 1864-жылы июнь айында Кара-Кысмактан өзөндү үч жылдан бери бөгөп жаткан 7 чоң кар көчкү («кар көпүрө­нү») көргөн; алардын айрымдарынын узундугу 800–1000 <i>м</i>ге чейин жеткен. 1975-жылы 9-июнда ушул эле жерде (Мырсаш м-н Мадисайдын ортосунда) 14 «кар көпүрө» пайда болгон. Капчыгайдын ай­магында шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу; өзөндүн боюнда түрдүү бадал, төмөн жагында кайың, тал, жайык кашаттарда шашыр, бийик тоолуу (3000 <i>м</i> ж-а андан жогору) жерлеринде жапалак арча өсөт. Капчыгайдын көп жери жы­лаңач аскалуу. Кара-Кысмакты бойлоп Талас м-н Чат­калды байланыштырган автомобиль жолу өтөт. Кара-Кысмак тарыхый топоним: Тимурдун 14-кылымдын ая­гындагы Моголстанга жасаган жортуулдарында номен Каракасмак түрүндө бир нече жолу эске­рилет. 19-кылымда – 20-кылымдын башында өзбектердин коңурат уруусунда каракасмак деген урук болгон. | ||
өзөндүн боюнда түрдүү бадал, төмөн жагында | |||
кайың, тал, жайык кашаттарда шашыр, бийик тоолуу (3000 <i>м</i> ж-а андан жогору) жерлеринде жапалак арча өсөт. Капчыгайдын көп жери жы­лаңач аскалуу. | |||
коңурат уруусунда каракасмак деген урук болгон. | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
10:04, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-КЫСМАК – Чаткал дарыясынын оң куймасы; капчыгайлуу кооз аймак. Чаткал районунун аймагында. Узундугу 27 км, алабынын аянты 247 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3200 м. Талас Ала-Тоосунун түштүк капталынан, Кара-Буура ашуусуна жакын жерден башталат. Кара-Кысмак суусу 17–18 км аралыкта терең капчыгай м-н шар агат. Өзөнгө 18 чакан суу (көбү оң) куят. Алабында мөңгүлөр бар. Суусунун жылдык орточо чыгымы 2–3 м3/сек; эң көбү июнь–июлда, эң азы февраль–мартта байкалат. Өрөөндүн жогору жагы кембрийге чейинки түрдүү сланец, филлит, кумдук, ортоңку бөлүгү кычкыл интрузия, чопо, сланец, төмөнкү бөлүгү палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Жылдык жаан-чачыны 600–800 мм; көбүнчө ноябрь–март айларында жаайт; апрель–майда тез-тез сел, көчкү жүрүп

турат. Орус саякатчысы Н. А. Северцов 1864-жылы июнь айында Кара-Кысмактан өзөндү үч жылдан бери бөгөп жаткан 7 чоң кар көчкү («кар көпүрөнү») көргөн; алардын айрымдарынын узундугу 800–1000 мге чейин жеткен. 1975-жылы 9-июнда ушул эле жерде (Мырсаш м-н Мадисайдын ортосунда) 14 «кар көпүрө» пайда болгон. Капчыгайдын аймагында шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу; өзөндүн боюнда түрдүү бадал, төмөн жагында кайың, тал, жайык кашаттарда шашыр, бийик тоолуу (3000 м ж-а андан жогору) жерлеринде жапалак арча өсөт. Капчыгайдын көп жери жылаңач аскалуу. Кара-Кысмакты бойлоп Талас м-н Чаткалды байланыштырган автомобиль жолу өтөт. Кара-Кысмак тарыхый топоним: Тимурдун 14-кылымдын аягындагы Моголстанга жасаган жортуулдарында номен Каракасмак түрүндө бир нече жолу эскерилет. 19-кылымда – 20-кылымдын башында өзбектердин коңурат уруусунда каракасмак деген урук болгон.