КАРА-КУЛЖА ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА-КУЛЖА ОЙДУҢУ</b> Тасырак-Сай м-н Фер­гана тоолорунун аралыгында кеңдик багытта жайгашкан мегасинклиналдык ойдуң. Кара- Кулжа | <b type='title'>КАРА-КУЛЖА ОЙДУҢУ</b> Тасырак-Сай м-н Фер­гана тоолорунун аралыгында кеңдик багытта жайгашкан мегасинклиналдык ойдуң. Кара- Кулжа районунун аймагында. Узундугу 104 <i>км</i>, туурасы 24 <i>км</i>. Басымдуу бийиктиги 3200–3400 <i>м</i>. Ойдуң­дун эң жапыз жери 780 <i>м</i>, бийик жери Үч-Се­йит массивинде (4900 <i>м</i>). Кара-Кулжа ойдуңу мезозой ж-а кайнозой замандарында пайда болгон кумдук, конгломерат, чопо, мергель ж-а сланец, Тар дарыясына жакын неоген ж-а антропогендин конгломерат­тары м-н борпоң тоо тектеринен турат. Клима­ты континенттик; июлдун орточо температурасы 15,3°С, январдыкы –14,8°С. Жылдык жаан-чачыны 571 <i>мм.</i> Мөңгү өрөөндүн 4,3%ин түзөт, жалпы саны 31, алардын 16сы Үч-Сейит массивинде; эң ириси – Каракол, узундугу 5,6 <i>км</i>, туурасы 0,9 <i>км</i>, аянты 4,6 <i>км</i><sup>2</sup>. Кар чеги 4160 <i>м</i> бийикте жатат. Ири суусу – <i>Кара-Кулжа.</i> Күңүрт боз топурактуу талаа (1000–2000 <i>м</i> бийикте), каралжын тоо то­пурактуу бийик чөптүү шалбаалуу талаа ж-а то­койлуу шалбаалуу талаа (2500–3000 <i>м</i>) ланд­шафттары мүнөздүү. Түздүктөрдөгү бетеге, шы­бак, ит мурун, шыраалжын, улам жогорулаган сайын табылгы, кайың, жаңгак, андан ары ка­рагай, арча м-н алмашат. Нивалдык зонада альп өсүмдүктөрү басымдуу. Ессентуки тибиндеги минералдуу булактар бар. Ойдуңда Кара-Кул­жа кыштагы жайгашкан. Негизинен жайыт ката­ры пайдаланылат. | ||
24 <i>км</i>. Басымдуу | |||
январдыкы –14,8°С. Жылдык жаан-чачыны | |||
571 <i>мм.</i> Мөңгү өрөөндүн 4,3%ин түзөт, жалпы саны 31, алардын 16сы Үч-Сейит массивинде; | |||
эң ириси – Каракол, | |||
аянты 4,6 <i>км</i><sup>2</sup>. Кар чеги 4160 <i>м</i> бийикте жатат. Ири суусу – <i>Кара-Кулжа.</i> Күңүрт боз топурактуу талаа (1000–2000 <i>м</i> бийикте), каралжын тоо то­пурактуу бийик чөптүү шалбаалуу талаа ж-а то­койлуу шалбаалуу талаа (2500–3000 <i>м</i>) ланд­шафттары мүнөздүү. Түздүктөрдөгү бетеге, шы­бак, ит мурун, шыраалжын, улам жогорулаган сайын табылгы, кайың, жаңгак, андан ары ка­рагай, арча м-н алмашат. Нивалдык зонада альп | |||
өсүмдүктөрү басымдуу. Ессентуки тибиндеги минералдуу булактар бар. Ойдуңда Кара-Кул­жа | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
09:22, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-КУЛЖА ОЙДУҢУ Тасырак-Сай м-н Фергана тоолорунун аралыгында кеңдик багытта жайгашкан мегасинклиналдык ойдуң. Кара- Кулжа районунун аймагында. Узундугу 104 км, туурасы 24 км. Басымдуу бийиктиги 3200–3400 м. Ойдуңдун эң жапыз жери 780 м, бийик жери Үч-Сейит массивинде (4900 м). Кара-Кулжа ойдуңу мезозой ж-а кайнозой замандарында пайда болгон кумдук, конгломерат, чопо, мергель ж-а сланец, Тар дарыясына жакын неоген ж-а антропогендин конгломераттары м-н борпоң тоо тектеринен турат. Климаты континенттик; июлдун орточо температурасы 15,3°С, январдыкы –14,8°С. Жылдык жаан-чачыны 571 мм. Мөңгү өрөөндүн 4,3%ин түзөт, жалпы саны 31, алардын 16сы Үч-Сейит массивинде; эң ириси – Каракол, узундугу 5,6 км, туурасы 0,9 км, аянты 4,6 км2. Кар чеги 4160 м бийикте жатат. Ири суусу – Кара-Кулжа. Күңүрт боз топурактуу талаа (1000–2000 м бийикте), каралжын тоо топурактуу бийик чөптүү шалбаалуу талаа ж-а токойлуу шалбаалуу талаа (2500–3000 м) ландшафттары мүнөздүү. Түздүктөрдөгү бетеге, шыбак, ит мурун, шыраалжын, улам жогорулаган сайын табылгы, кайың, жаңгак, андан ары карагай, арча м-н алмашат. Нивалдык зонада альп өсүмдүктөрү басымдуу. Ессентуки тибиндеги минералдуу булактар бар. Ойдуңда Кара-Кулжа кыштагы жайгашкан. Негизинен жайыт катары пайдаланылат.